ӨКМ Ысык-Көлдөгү ашуулар убактылуу жабылганын билдирди
![ӨКМ Ысык-Көлдөгү ашуулар убактылуу жабылганын билдирди](https://gdb.rferl.org/02860000-0aff-0242-ceab-08da0d5f8abb_cx10_cy18_cw84_w800_h450.jpg)
24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 38-112- чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду. Мындан сырткары Чоң-Ашуу ашуусунда калың жааган кар жолду жаап калган. Аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтотулду.
22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон - Ак-Шыйрак - Сөөк ашуусуна каттаган автоунаа жолунун төрт тилкесинде 10 миң м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштери жүрүүдө. Түп – Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган. Учурда жол тазаланып жатканы кабарланды.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылган.
Синоптиктер 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, айрым жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. (КЕ)