Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулат
Бишкек мэриясы борбор калаада жылуулук берүү 4-апрелден баштап токтотуларын билдирди. Мындай чечим күз-кыш мезгилине даярдык боюнча оперативдүү штабдын жыйынында кабыл алынды.
“Гидрометеорологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-марттан тарта абанын температурасы жогорулайт. Катуу суук күтүлбөйт”, - деп айтылат мэриянын маалыматта.
Буга чейин Ош мэриясы жылуулук берүүнү 1-апрелден тартып токтотуу чечимин кабыл алган. Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат.
Жылуулук Бишкек шаарында 2021-жылдын 5-октябрында, Ошто 21-октябрдан тартып бериле баштаган.