Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Баратбай Аракеевдин акыйкаты

Баратбай Аракеевдин акыйкаты

Баратбай Аракеев жазма өнөрдүн кош салаасын - журналистика менен көркөм сөздү эриш-аркак ала жүргөн талант эле. Бир коомдун экинчисине өтүштүн оош-кыйыштарынын күбөсү да, катышуучусу да болду. 

“Асабанын” шинели

Баратбай Аракеевди студент кезинен билип калдым. Ак жүздүү арык, узун бойлуу, алдыңкы студенттер гана жетчү лениндик стипендиячы, мага дайыма шашып жүргөндөй сезиле берчү. Аны менен жакын болуп калышыма 90-жылдардын соңунда кыргыз журналистикасын кыйлага көтөрүп койгон Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде чогуу иштешип калышым себепкер болду окшойт. Ал жерде улуттук интеллигенциянын апыртпай айтканда деле мыктылары чогулган болчу. Оозеки сөзгө анча жок, бирок жазуу жагына келгенде алдына киши салбас дулдул Алым Токтомушев, жазган текстинен жалындуу илеп чачылып турчу Жолдошбек Зарлыкбеков бу жалганды эртелеп таштап кетет деш эч кимдин оюна келелек кызык бир учур өткөн экен.

Мыктыларды бирден иргеп алып кете берген "Кудайдын тизмесинин катасы бардыгын" тартынбай жазган Алыкенин артынан минтип Бакең кетип калганы аны билгендердин, жазгандарын кызыгып окугандардын, жакшылыкка, бийиктикке үндөгөн телеберүүлөрүн көрүп калгандардын баарын кайгыга салды. Баратбай өмүрүнүн соңку жылдарын касиеттүү көл жээгинде өткөрүп, эркин гезиттерге курч макалаларын, ага удаа адабий чыгармаларын тынбай жазып турду.

“Асаба” гезитинде иштеп жүргөн кезде кызык бир окуяга күбө болуп калдым эле. Аны Шакем айтылуу “Агындыларында” келиштире жазган, ошентсе да эскере кетейин. Бакемдин “Асабанын” саны сайын курч окуялуу узун сериалы жарыяланчу. Апыл-тапыл кыймылдарга, кызыктуу окуяларга жык толгон ошол баянды убагында жазып бергенге буямасы келбей  калганбы, бир жолу Бакең бир жумадай жок болуп кетти. Гезиттин кожоюну Мелис жыйналышта сериалдын автору жакын арада болбостугун айтып, “Шаке, ушуну бүтүрүп салыңызчы” деп калды.

Гезитке чыкчу материалдары толтура турса соңку беттин кыйла жерин ээлечү сериалдын автору качан келет экен күтүп отурбай, эртерээк  кутулалы дешти окшойт. Шакем андай сериалды кантип бүткөрүүнү жакшы билет экен, гезиттин кийинки номурунда сериалдын баш каарманы өлтүрүп салып, ошону менен узундан узун баян жыйынтыкталгандай болгон.

Анан көп өтпөй өзүнө келип Бакең жумушка чыгып, гезит номуруна ким кандай материалды берчү жыйында  сериалды улантарын жарыя кылып атпаспы. Отургандар “бүтпөдү беле” дегендей элейип карап калышты. Эч ким унчуккан жок, кантип жазар экен деген күдүк баарыбызда эле турган. Андан да кызыгы, гезиттин жаңы санында баягы “өлбөс” сериалдын уландысы “ойгонуп кетсе түшү экен” деген сүйлөм менен улантылып атканы болбоду. Курч окуялуу чыгарма жазуунун кыныгын алган авторго “өлгөндү тирилтиш” кеп деле эмес экен.

Гезит дегендин түгөнбөгөн түйшүгүнө кайыл болуп, кыйла убакты-саатыңды алган ишиңдин басма бетинде жарыкка чыгышы чыгармачыл адам үчүн өзгөчө кубаныч го. Ошол “Асабада” Баратбай менен чогуу иштешкен кесиптеши Кубат Оторбаевдин эскерүүсү:

"Баратбай агай бир топ детектив аңгемелерин ошол кезде жарыялаганы эсимде. Анысы сандан-санга жарыяланчу. Ошол детективдер гезиттин окумдуулугун арттырып, окурмандар арасында кыйла талкууларды жараткан. Ал киши бир нече аңгеме, повесттерди жазды. “Кайрылчы өмүр”, “Чаңдагы гүл”, “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым” дагы ушул сыяктуу чыгармаларын жарыялады. Баратбай агай өтө оригиналдуу, башкаларга окшобогон кулк-мүнөзү, кыялы бар адам эле. Жигит катары шар, тамашакөй киши эле".

Басма сөз, журналистика тармагында иштегендердин көбү СССРдин 50 жылдыгы атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөр болчу. Социализм заманында Кыргызстандын жападан-жалгыз университет жазуучу-журналисттерди даярдаган чыгармачылыктын мектеби эле.

Турмуш университети

Бакең да 1980-жылы окууну бүткөндөн кийин басма сөз жагында иштеп калгандыр деп жүргөм. Көрсө, андай болбоптур. Белгилүү акын Бектуруш Салгаманинин ырасташынча, окуусун бүткөндөн кийин ал эки жыл Ноокатта мугалим болуп иштеп келиптир. Ошол жерде тапкан достору менен өмүрү өткөнчө каттоосун үзбөптүр.

"Бул хандан да, падышадан да коркпогон, чындыгын тайманбай, бетке чаап айткан адам эле. Чындыкты эч качан өлтүргөн эмес, чыркыратып такай айтып жүргөн. Корккон эмес, башын салган эмес. Университетти бүткөндөн кийин жолдомо менен Ноокатка барып, Бел-Өрүк деген айылда мугалим болуп иштеп жүрдү".

Көркөм сөзгө өзгөчө ынтаалуу Бакеңдин кыйла жылы республикалык басма сөздө, андан соң телекөрсөтүү тармагында улантылганы көпчүлүккө дайын. Эгемендик келгени мурдагы социалисттик маанилүү үгүт-насаат каражаты катары эсептелген телекөрсөтүү тармагы мазмун-формасы жагынан кыйла өзгөрбөдүбү. Бул ишке Баратбай да аралашып калды, көрүүчүлөр арасында кыйла кызыгууну жараткан “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарды, чоң бөлүмдөрдүн бирин жетектеди.

Коомдук-саясий таасири күч, демократия шарданы менен кошо келген бийлик-оппозиция, саясый талаадагы аркы өйүз – берки өйүз талаш-тартыштарында ал такай калыс позицияны карманып келди. Баратбай Аракеев бийликтин же таасирдүү аткаминердин камчысын чаппады, кошоматчылыкка ыктабады, кайсы учурда болбосун кара кылды как жарган  калыстыгынан тайбай, акыйкатты туу тутуп жашады. Кыргыз телекөрсөтүүсүндөгү анын эмгеги тууралуу кесиптеши Нышанбек Кочкоровдун эскерүүсү:

"Анын ой жүгүртүүсү башкача эле. Адам күтпөгөндөй пикирлерди жарата алган, айта алган инсан эле. Кечээ анын өтүп кеткенин менин да кабыргам абдан кайышты".

2009-жылдан тарта Баратбай Аракеев жазгандарын "Форум", "Эл сөзү", “Фабула”, “Багыт кg” сындуу басылмаларга жарыялап, жаамы улуттук баалуулуктарды, маданий-экономикалык, саясый кызыкчылыктарды коргоп, жарандык позициясын, инсандык пикирин такай жарыялап келди. Өткөн кылымдын соңку кезинде “Асаба” гезити чыгып тургандагыдай өтүмдүү басма сөздү электрондук маалымдоо каражаттары басып, окурман журту жабыла башка жакка көчүп кеткенден кийин деле ал көнүп калган өнөрүн таштабады, алышкан оору алып жыкканча чыгармачылыктан алыстабады.

Мына ушул жагдайды Бакеңди сыйлаган шакирттеринин бири Рыскелди Момбеков баамдап Фейсбук барагына:

“Аракеев Баратбай абам акка моюн сунуптур. Жакында эле жаңы конушуна көчүп келип, кубанычы койнуна батпай турбады беле...Карагылачы эми, кайра кайтпас конуштан жай тапканын. Устатым да, урматым да, ушул инсан эмес беле..."Бөкөнбай кетти, Жолдошбек кетти, шашпаган Шакем экөөбүз эле калдык" деп, доорон сүргөн, ойноп күлгөн досторун айтып жүрүп, акыры артынан сапар алды. Кыргыздын эң мыкты уулдарынын бири эле...”,- деп жазды.

Баратбайдын тээ студент кезинен жаны ынак курбусу, эл акыны Шайлообек Дүйшеев айтылуу “Агындыларында” аккан досуна арнап минтип жазганы бар:

“Сүймөнкул менен Шербетке куран окугандан кийин ушуларды эстедим, Баратбай. Сен экөөбүз жамандыр-жакшыдыр аксакал болдук. Ден соолуктун кадырын, адамдын баркын артыбыздан келаткан жаштарга айта жүрүшүбүз керек окшойт. Айтпай-дебей койсок, чындыкты дудук кылып койсок, калпка тил бүтүп, көрүнгөн кагазды жаман кылган гезиттен тура калып сайрап кирет турбайбы.  Көрсө, баарынан акылдуу болуп көрүнгүсү келген акмактан коркунучтуу акмак болбойт экен. Калпка калк чыдабаган менен кагаз байкуш чыдай берет тура. Анан кагаздагылар чогулуп олтуруп коомдук пикир дегенди түзөт экен. Ал эми коомдук пикир дегениң өзүн эчкимге зордуктаткысы келбеген албуут катындарга окшогон неме болот турбайбы. Карыган кезде кайышчыл болбой, карыган кезде арызчыл болбой, жакшы карый билүүнүн өзү да чоң искусство экен го, атаганат. Журтта калчу атак-даңктын артынан сен чуркабай, атак-даңк сенин артыңдан өзү чуркап турса, эл алдында жүзүң да жарык, өзүң да баладай таза болот эмессиңби”.

Баратбай Аракеевдин кыйла жылын коротуп, көркөм сөз жаатында калтырган адабий мурасы анын ысмын унуттурбас. Ал эми журналистика жаатындагы эмгеги бир да жолу ыйманына камчы чаппай, сыйкырдуу өнөргө  аздек мамиле кылган тазалыгы журналист деген кандай болушу керек, анын мыкты үлгүлөрү кантип жараларына кызыккандарга өрнөк катары маани-мазмунун жоготпой сактап кала берет.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи



Мир

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи






Новости 24 часа

"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.



Game News

Состоялся релиз Isekai Feast: Tales of Recipes на смартфонах



Москва

СберСтрахование расширяет сотрудничество с клиникой Hadassah Medical Moscow Медскана



News Every Day

Rangers backed into a corner, must beat Panthers on road to force Game 7



Настроение

Старую но редкую BMW M5 2002 года продали за 130 000 $



Москва

Музей Звенигорода 8 июня приглашает на лекцию о Чехове



Полина Гагарина

Полина Гагарина заявила о победе над Ольгой Кормухиной по обвинению в плагиате песни



Москва

Авиакомпания Red Wings запускает рейсы между Махачкалой и Псковом



Ролан Гаррос

Мирра Андреева обыграла представительницу Франции Грачеву на "Ролан Гаррос"



Москва

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде



РФ

Эксперты рассказали, в каких городах РФ можно найти недорогое жилье на лето



Симферополь

Литературно-краеведческая программа «Не может быть Родина малой, с такою великой душой!»



Москва

Слушатель из Смоленска выиграл на «Авторадио» «Москвич 3»



Москва

Сергей Собянин: Фестиваль «Рыбная неделя» посетили рекордные 4,5 миллиона человек



Москва

Слушатель из Смоленска выиграл на «Авторадио» «Москвич 3»



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

СберСтрахование расширяет сотрудничество с клиникой Hadassah Medical Moscow Медскана

Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».

"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.


Москва

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков






Rss.plus

"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Moscow.media
Москва

Собянин: На Арбате после реставрации открывается мемориальная квартира Пушкина



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ирина Серегина

Концерт в музее им. П.И. Чайковского




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Ученики школы №1354 одержали победу в финале Московской спартакиады молодежи допризывного возраста

Юные тулячки завоевали серебро и бронзу турнира по синхронному плаванию

Педагоги школы №2065 вошли в ТОП-5 лучших туристских команд Москвы


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина добилась впечатляющего достижения



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

В Архангельске подвели итоги III Всероссийского форума «Арктика. Лёд тронулся»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России