Тажикстандын элчилигинде чек арага байланыштуу митинг өттү
14-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгышты. Алар 12-апрелде эки өлкөнүн чектеш аймагындагы жаңжалга тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, чек араны тынчтык жолу менен тактоону талап кылышты.