Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Коррупцияга шектүү Ширшовдун үй камагына чыгышы сынга кабылды

Коррупцияга шектүү Ширшовдун үй камагына чыгышы сынга кабылды

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылды.

11-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев бул көрүнүш Кыргызстандагы коррупциялык схемаларга каршы күрөшүү саясатына көө жапканына белгиледи.

 

Ал Интерполдун жана Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөн Ширшов соңку бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкканы, эмне үчүн суракка чакырылбаганы тууралуу депутаттык суроо-талабын Чек ара кызматына 28-апрелде жөнөткөнүн, алигүнчө жооп ала электигин, маалыматты жашырып, “көрүнгөн кишини ортого салып жатышканын” айтты:

“Ширшов деген фамилия коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым сутка кармалып, кайра кое берилди. Эмне, коррупцияга каршы күрөш ушубу Кыргызстанда? Ширшовдун схемалары кайрадан иштеп баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде мамлекеттик бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо талабын укпайт?", - деди Акаев.

Шировдун мүлк жаатындагы схемасы

10-майда Атайын кызмат Алексей Ширшовду кармап, ага "коррупцияга" байланыштуу айып коюлганын, Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" эс алуу жайындагы ондогон кымбат батирлерди мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып алууга аралашканын билдирген.

Ширшов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын өнөктөшү жана энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемалардын автору катары белгилүү.

Ал 2020-жылы бийлик алмашкандан бери башка өлкөдө баш калкалап жүргөн жана Кыргызстанга келгени тууралуу маалыматтар мындан бир канча ай мурда эле айтыла баштаган. Анын кармалышы түрдүү божомолдорго жем таштады.

Улуттук коопсуздук комитетинин билдиришинче, Алексей Ширшов "Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат 56 батирдин жана 27 коттеждин жеке менчикке өтүп кеткенине аралашкан. Атайын кызмат тараткан маалыматта бул кылмыш ишинин алкагында бир катар жооптуу кызмат адамдары, судьялар менен бирге "татаал коррупциялык схема" түзүлгөнү аныкталганы айтылат.

"Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле президенттин аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунда жана Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендерди тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн. Тергөөдө бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталды. Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде “Аврора плюс” эс алуу борборунан беришкен. Бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Ширшов жана анын жакындары, адвокаттары буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

УКМК Ширшов кандай жагдайда, кантип кармалганы тууралуу түшүндүрмө бере элек. Атайын кызмат буга байланыштуу адаттагыдай видео же сүрөт жарыялаган жок.

46 жаштагы Ширшовдун өмүр баяны, эмгек жолу тууралуу маалымат аз, анын саналуу гана сүрөттөрү бар. Ширшов 2007-жылдарга чейин алгач "Ошэлектр", андан кийин "Түндүкэлектр" ишканаларында финансылык деректир болуп иштеген. 2007-2010-жылдары "Дастан" ишканасын башкарган.

Убагында айрым басылмалар Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин уулдары Айдар жана Максимдин жакын өнөктөшү экенин жазышкан. 2005-жылдагы Март окуясында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан.

2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага да издөө жарыяланган. 2015-жылы ага "Дастан" ишканасын башкарып тургандагы ишмердигине байланыштуу өкүм чыккан.

Алексей Ширшов азыр да Интерпол аркылуу издөөдө жүрөт. Бирок ал бир канча ай мурда эле Кыргызстанга келген деген маалыматтар айтылып келген. Ошондуктан анын кармалышына байланыштуу айрыкча социалдык тармактарда түрдүү божомолдор айтыла баштады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева эл аралык издөөдө жүргөн адам чек арадан өткөндө эле кармалышы керектигин билдирди.

"Максим Бакиев менен Ширшов Кыргызстанга келди деген маалыматты 15 күн мурда уктум. Бирок мен "бул мүмкүн эмес, мынчалык мыйзамсыздык болбойт" деп ишенбей койгом. Себеби алар чек арадан кирип келатканда, ошол жерден кармалышы керек болчу. Эс алуу күндөрү бардык иштерин бүтүрүп, эс алуу күндөрү аяктаганда кармалганын коомчулук үчүн гана процедуралык кармоо деп түшүндүм. Балким, мен адашып жаткандырмын, бирок бир топ адамдарда ушундай күмөн ой бар. Ширшовду эми булар "кустуруу" же дагы башка ушундай иш-аракеттерден кийин толугу менен "реабилитациялашат". Ширшовдон кийин Максим Бакиев деле кармалышы мүмкүн. Аны деле реабилитациялоо үчүн гана кармап, акташы мүмкүн. 2010-жылдагы Атамбаевдин бийлигинин тушундагы соттук чечимдерге ылайык аларга айып коюлган. Ал эл аралык издөөдө жүргөн жана чет өлкөдө жүргөндө, же Кыргызстандын аймагына кирип келаткан жеринен кармалышы керек болчу. Кыргызстанда миллиарддаган сомду уурдаганда же оор кылмышка баргандар убактылуу тергөө абагына, же түрмөгө киргенден кийин эле акталат. Алар "мен соттолуп, камалып чыктым" деп коюп эле арабызда жүрбөйбү. Тескерисинче, аларды идеалдаштырып жатышат, мен буга каршымын".

Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргынбаев Ширшовго буга чейин бир катар кылмыш иштери козголгонун, алар эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калганына токтолду. Ошондой эле учурда энергетика тармагын бир кездери Ширшов менен чогуу иштегендер башкарып жатканын белгиледи.

"Ширшовго 2005-жылы кылмыш иши ачылган. 2010-жылы дагы "Дастан" энергетика тармагына байланыштуу эки-үч кылмыш иши ачылган. Качып жүрүп баарын жаптырып алган. Ошонун баарын билип туруп бул жакка келди. Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын башында Ширшовго жакын, ошонун кол баласы болуп жүргөн кишилер отурат. Азыр Ширшовду камап, Матраимовго окшоп "кустурумуш" болуп "болду эми каалаган жагыңа иштей" бер дегендей жолго түштү. Ал кайсы жерге барса дагы финансылык бөлүмдү башкарчу. Ширшовдун схемалары: чакан ГЭСти менчиктештирип алып, мамлекеттин электр энергиясын 18 тыйындан алып, чакан ГЭСтер аркылуу 1,5 миллиард кВт электр энергиясын Казакстанга сатып жиберишкен. Казакстанда ал убакта үч сом болчу. Казакстандан эски трансформацияларды алып келип, жаңы деп жазышчу. Жоготуулар 40-45% чейин жетип, ошол акча накталай чыгарылып кеткен. Ортомчу компанияларды ачып алып, ошолор аркылуу акча жасалган. Ошол убакта коррупцияга каршы күрөшкөн комиссары азыркы президент Садыр Жапаров болчу. Ал ошонун баарын көргөн, билген".

Деген менен "Дастанда" бир топ жыл жетекчилик кызматтарда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Ширшовго аталган ишканага байланыштуу кылмыш иши козголбогонун айтууда.

"Бир жагынан Ширшовдун кармалышы мен үчүн күтүүсүз жана түшүнүксүз болду. Себеби ал жигиттин бул жакта экенин деле эч ким билген эмес да. "Дастанга" кирип-чыгып жүргөнүн билбейм, бирок бул жерге келиптир деген сөздү журналисттерден угуп жатпадыкпы. Биз аны менен чогуу иштешкен эмеспиз. "Дастанга" байланыштуу кылмыш иштеринде Ширшовдун фамилиясы жок. Ал жерде Василиевдин жана ага чейин иштеген Даниленко деген жигиттин фамилиясын окугам. Ширшовдун фамилиясын окуган эмесмин. Анын айланасында уу-дуу кеп ушак деңгээлинде гана айтылып жүрөт. Конкреттүү сандар болсо бир нерсе деп айтмакмын. Эл өкүлү катары ушактын деңгээлиндеги нерселерди айта албайм. Биз ушундан кетип, факты менен сүйлөшүбүз керек".

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурлан Шакиев Ширшовдун кармалышын коррупцияга каршы күрөштүн көрсөткүчү катары баалады. Ошондой эле түрдүү божомолдор айтылып жатканын сынга алды.

"Ширшовдун кармалышынын өзү жемкорлукка каршы күрөш токтобой, күчөтүлгөн режимде жүрүп жатканынын белгиси. Алдын ала эле ар кайсыны божомолдоп, "мындай болот, тигиндей болот" дей берген өнөкөт бар, бул туура эмес, акылга сыйбаган нерсе. "Акчаны кайтарып кайра кое берет" деген нерсе дагы туура эмес. Мисалы, аны кармабай, жөн эле жүрө бергенде кандай болот эле? Бюджетти толтура турган акчаны кайра кайтартып, аны кое берсе андан мамлекет дагы, экономика дагы утат. Карматпай жүрө берсе, бир тыйын да түшпөсө, мамлекетке келтирилген зыян толтурулбай калмак. Ошондуктан аларды түрмөгө камап отура берүүнүн кереги жок. Мына, буга чейинки тажрыйба көрсөтүп жатпайбы. Бюджетке миллиондогон акчаны түшүргөндөн кийин кое берилгени туура. Аларды жөн эле түрмөдө кармап, мамлекеттин эсебинен багуудан пайда жок. Аны кандай жагдайда кое берери укук коргоо органдарынын иши. Анын кармалганы жакшы көрүнүш, схемаларынын бети ачылат. Мен өмүрүмдө Ширшовду бир эле жолу, учакта көргөм. Мага аны "Ширшов деген ушул" деп көрсөтүшкөн. Карасам, илбериңки, жөнөкөй эле жигит көрүнгөн. Ушул жигит ушунча ызы-чуу кылып жатабы деп ойлоп койгом. Ал жөнүндө ар кандай ушак кеп-сөздөрдү угуп жүрөбүз. "Калк айтса калп айтпайт" дешет. Анын схемасы чынында болгон. Ири экономикалык уурдоолор орун алган деп айтып жүрүшөт. Эми ошонун бети ачылат деп ойлойм".

Журналист Семетей Талас уулу Ширшов менен 2006-жылы "Агым" гезитинде иштеп турганда соттошкон. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Ширшовдун Максим Бакиев менен бейрасмий жагдайда түшкөн сүрөттөрүн биринчилерден болуп жарыялаган.

"Ошол убакта энергетикадагы коррупцияны иликтеген мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. 2002-2006-жылдардагы мамлекетке келтирилген зыянды аныкташкан. Бир миллион долларлык подстанцияны 11 миллионго алган, базарда 30-40 сом турган колкап 300-400 сомдон алынды деп жазылган, күрөктөрдү дагы кымбат сатып алган, Казакстанга электр энергиясын ортомчу фирмалар аркылуу кымбат саткан, ортодо 100 миллиондогон пайда көргөн, көмүр алуудага коррупция өңдүү иштер аныкталган. Ошол комиссия Ширшов жана анын командасы миллиондогон, балким миллиарддаган сом зыян келтиргенин аныктап чыккан. Ошонун негизинде энергетика тармагындагы коррупция тууралуу үч бөлүктөн турган макала жазгам. Жаңылбасам, Ширшов ошондо "Түндүкэлектр" ишканасында директор болуп турган. Соттук териштирүү Октябрь райондук сотунда болгон. Мен сотко мекемелер аралык комиссиянын корутундусун алып келип бергем. Сот иши ошол бойдон жабылган. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Ширшов, Максим Бакиев жана алардын өнөктөштөрүнүн айрым сүрөттөрү колго тийген. Саунада Ширшов жана Максим Бакиев болуп түшкөн сүрөттү убагында мен биринчи болуп жарыялагам. Азыр эми ага "Аврора Плюс", ал жактагы батир, коттеждер боюнча эле кылмыш иши козголуптур. Ага түздөн-түз энергетика боюнча кылмыш иши козголушу керек. Коттеждер энергетикалык кылмыштардын жанында "шоона эшпей" калат".

Журналист Семетей Талас уулу айтып жаткан саунада тартылган сүрөткө Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековго окшош адам да түшкөн. Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалган.

Энергетика тармагы боюнча адис Жаныбек Оморов Ширшовго байланыштуу күдүк суроолорго, энергетика тармагын аксаткан жагдайлар тууралуу жооп керек деп эсептейт.

"Анын схемалары тууралуу коомчулукта абдан көп айтылды. Тиешелүү органдар муну тактап жооп бериши керек. Ушундай схемалар энергетика тармагына чоң зыянын тийгизди. Бул тармак көпкө чейин өнүкпөй келди. Жалпы экономика жабыркады".

Айрым басылмаларда азыркы энергетика министри Доскул Бекмурзаев Ширшовдун кадры экени тууралуу маалыматтар чыккан. Бул макала жазылып жаткан чакта биз өкмөт өкүлү менен байланышып комментарий ала алган жокпуз.

Учурда санарип өнүктүрүү министри болуп турган Талант Иманов убагында Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болуп иштегени, Ширшов өлкөдөн качып кеткенден кийин анын үйүндө убактылуу жашап келгени айтылган. Иманов мындай сөздөрдү четке каккан.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Антон Шагин поддержал Всероссийский интеллектуальный забег «Бегущая книга»



Жизнь

Выпускникам детсада в Реутове раздали мороженое




Українські новини

Виставку «Світ Велетнів» в парку Боздош (м.Ужгород) продовжено до 30.06.2024 року



Новости 24 часа

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"



Game News

Today's Wordle answer for Sunday, May 26



Москва

Музей Победы представил программу на Поклонной горе в честь последних дней весны



News Every Day

Move over Harry Kane and Jude Bellingham the real England champ is a 15 yr old SUBBUTEO star



Интернет

Институт iSpring будет готовить учителей для экономики знаний



Москва

Вологодская область отмечает четвертую победу в Чемпионате России по футболу



Игорь Бутман

В «Зарядье» пройдет премьера спектакля Хабенского и Бутмана



Москва

Путешествие по Транссибирской магистрали растянется на 9 тысяч километров



Людмила Самсонова

Самсонова с «баранкой» разгромила Хаддад-Майю и вышла в полуфинал турнира в Страсбурге



Москва

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.



Желдорреммаш

Делегация АО "Желдорреммаш" приняла участие в выставке «Металлообработка – 2024»



Симферополь

Врач сообщила о неочевидных угрозах полотенца для здоровья



Москва

Исполнитель хита “На Заре 2020” Сергей АРУТЮНОВ оживил ещё один хит из 20-го века и выпустил песню “Лететь” вместе с её создателями - группой Амега.



Москва

Собянин: Уникальные сервисы в центре "Профессии будущего" упрощают поиск работы



Москва

Врач-онколог указал на сложность своевременной диагностики рака желудка



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Андрей Турчак: «Единая Россия» остается единственной политической силой, которая отбирает кандидатов на выборы открытым и честным способом

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.

Beauty-блогер Горбунова дала советы по уходу за волосами в жару

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.


Москва

Дистрибьюция Музыки. Цифровая дистрибьюция музыка. Дистрибьюция музыки под ключ.






Rss.plus

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: «Мой путь предпринимателя был прямой, как стрела»

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы рассказал про сервисы в центре "Профессии будущего"



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Градский

«КП»: могила композитора Александра Градского оказалась заброшенной




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Футболист Тарасов показал средний палец водителю автобуса в Москве

Завершилась сап-экскурсия на фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

ЦСКА шагнул к трофею // Команда обыграла УНИКС в первом матче финала Единой лиги ВТБ


Даниил Медведев

Даниил Медведев проиграл Рафаэлю Надалю тренировочный сет на «Ролан Гаррос»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Собянин: Уникальные сервисы в центре "Профессии будущего" упрощают поиск работы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России