Сузакта күрүч эгилген жерди сел жууп кетти
![Сузакта күрүч эгилген жерди сел жууп кетти](https://gdb.rferl.org/072c0000-0aff-0242-75fa-08da37c8a8ec_tv_w800_h450.jpg)
Сузактын Кара-Дарыя айыл аймагын аралап аккан Кара-Дарыя дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, болжолдуу 500 гектарга жакын жер суу алдында калды. Анын 100 гектары элдин үлүш жери болгон. Дыйкандардын күрүч талаасы шагыл ташка толуп, быйылкы кирешеден кол жуушту.