Cүлүктүдө милиция кызматкери 3 млн. сомдон көп акчаны кымырып алганы кабарланды
Башкы прокуратура Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан тышкары негизсиз 2 млн 482 миң 586 сомду өз кызыкчылыгына пайдаланганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, башка кесиптештерине да 138 миң 77 сомду которгону аныкталган.
“Сүлүктү шаардык милициянын каржы-чарбалык иштерин Баткен облустук прокуратурасы текшерген учурда жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп, бюджетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 млн. 141 миң сомду түзгөн”-деп айтылат малыматта.
Бул фактылар боюнча Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.(JsA)