"Азаттыктын" кабарчысы эл аралык сынактан жеңди
Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү өткөргөн "Кайра жаралуу энергия булактарына өтүү жана көмүртек нейтралдулугуна салым" деп аталган журналисттердин эл аралык сынагын "Азаттык" радиосунун кабарчысы Сабыр Абдумомунов жеңип алды. Сынактын жыйынтыгы бүгүн, 6-июнда жарыяланды.
"Азаттыктын" кабарчысы Сабыр Абдумомунов "Жашыл энергияга жол тапкандар" аттуу видео материалы менен биринчи орунду алды. Экинчи орунга Казакстандан Яна Каримова менен Өзбекстандан Назира Умарова ээ болду. Үчүнчү орунду Vremya.kg, "Акчабар" агенттиктеринин кабарчылары алган.
Сынакка жалпысынан Борбор Азиядан 52 журналист катышкан. Жеңүүчүлөр Нидерланддарга климаттын өзгөрүүсү, жашыл энергия жаатында атайын окууга жолдомо алышат. (BCh)