Президент Кыргызстана Садыр Жапаров обещал жёстко бороться с самозахватчиками земли, но коррупционеры Кадастра Кара-Суйского района продают уже и дороги.
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
ЖАМААТТЫК АРЫЗ
Кара-Суу районунун, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Анжиян айылы, Курманжан Датка көчөсү №448а үйүнүн тургуну Арабидин аттуу адам биз жашаган айылга көчүп келип, жалпы пайдалануудагы жолубузду мыйзамсыз жаап, ачпай жатат.
Мурда ал жерде жол болгон. 2007 жылы Анжиян айылы, Курманжан Датка көчөсү №448а үйүнүн мурдагы ээси Нематжан: “Жолду убактылуу тосуп турай, балдарым автомашина оңдойт, машиналар көчөдө калбасын, кийин жолду ачып коём”-деп убада берген болчу. Кара-Суу райКадастр кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдын ала сүйлөшүп, жер мыйзамдарын одоно бузуп, коншуларга билдирбей Генпланды бурмалап, чоң пара алып жалпы пайдалануудагы жолду анын үйүнүн техпаспортуна мыйзамсыз кошуп беришет. Бирок, кийинчерээк Нематжан үйүнү Арабидин аттуу адамга сатып жиберет.
Азыркы күндө ал жолду Арабидин мыйзамсыз тосуп, ачпай жатат. КР Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жеке менчикке берилбейт. Ошондуктан биз Арабидинга бир нече жолу: “Жолду ачып кой. Президент С.Н. Жапаров: “Жолдорду, жерлерди мыйзамсыз басып, ээлеп алгандар камалат” - деп жатат, жолду ач”-деп эскертуу берип, айттканбыз. Бирок, Кореяга көп жолу барып, байып кеткен Арабидин: “Мен акча менен документ жасатам”-деп бизди шылдындап жатат.
Документтерге ылайык 2016 жылга чейин бул жерде жол болгон, 2018 жылга келип, чириген бай Арабидин чоң пара берип, мыйзамсыз документ жасатып алганбы? Жолду жок кылган.
Ошондон кийин биз 2019-2020 жылдары Кара-Суу райархитектурага жана Кара-Суу райКадастрга кайрылганбыз. Райархитектура, райКадастр, айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери генплан, архив, ОшГипрозем жана үйлөрдүн документтери менен таанышып: “Бул жер жол экен, Арабидин ал жерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алыптыр, жолду ачуу керек:-дешкен. Бирок, Арабидин ошол убакытта Кореяда болгондуктан, Кореядан келгенден кийин, жолду ачтырабыз дешкен. Андан кийин пандемия болду.
Кара-Суу райархитектура адистери: “Генплан боюнча Арабидин өзүм билемдик менен ээлеп алган жер жол, ал жолду жаап салынышына архитектура АПЗ берген эмес”-дешкен. Ал участокдо жайгашкан үйлөрдүн жер тилкелери мурда берилген, ал жолго чектеш болгон бардык жер тилкелердин АПЗ, Кызыл китептеринде ал жерде жол турганы так, даана чийилип турат. Ал жерде 1 сотик жер 50 миң доллар болгондуктан, Арабидин мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында жолдун 200 кв. м. жер тилкесин өзүм билемдик менен басып, тосуп алып, мыйзамсыз үйүнө кошуп, Кара-Суу райКадастр кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, жер мыйзамдарын одоно бузуп жолдон 200 кв.м. жер ажыратып берүү жөнүндө токтому жок жерге мыйзамсыз документтер жасатып алган болушу мүмкүн. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө сегиз жарым миллион сом зыян келтирген.
КР Президенти С.Н. Жапаров мындан ары жалпы пайдалануудагы жолдорду, жерлерди мыйзамсыз басып, ээлеп алган жарандарга жана ал жерлерге мыйзамсыз документ жасаган аткаминерлерге жаза оорлойт, алар сөзсүз 5 жылдан 7 жылга чейин камалат, жер баскынчыларынын мыйзамсыз аракеттери менен аёөсүз күрөшүүнү укук коргоо органдары башчыларына тапшырган. Арабидиндин мыйзамсыз аракеттеринин курамында КР КЖК 212 бер. 1 бол. менен Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, 214 бер. 1 бөл. менен Өзүм билемдик кылмыш белгилери бар.
Кореяда иштеп, чириген бай Арабидин жер, жол саткыч коррупционерлерге чоң пара берип, документ жасаткан болсо, прокуратура органдары сотко доо арыз менен кайрылып, ал мыйзамсыз документтерди жокко чыгаруусу керек.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1) Арабидинди КР КЖК 212, 214 бер. менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдө зыян сегиз жарым миллион сомду бюджетке төлөтүп, ал жапкан жалпы пайдалануудагы жолду ачууну көзөмөлгө алуунузду.
2) Прокуратура органдары сотко доо арыз менен кайрылып, жолду мыйзамсыз жеке менчикке ажыраткан документтерди жокко чыгаруусун жана кызмат адамдарын жопкерчиликке тартуусун.
Сизди урматтоо менен, Хамракулова Махарамхан
Ахмеджанов Немат
Ахмедов Шакир, 24.06.2022 ж.