Равшан Жээнбеков аны милицияга алып кетишкенин билдирди
Саясатчы Равшан Жээнбеков милицияга жеткирилгенин 1-июлдун кечинде "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал төрт милиционер аны райондук ички иштер башкармалыгына алып барганын айтууда:
"Бүгүн Таластан келгем. Келсем үйдүн жанында турушуптур. Азыр төрт милиционер мени Ленин райондук милициясына алып келишти", - деди ал.
Саясатчынын айтымында, аны Фейсбукка жазган посту үчүн кармашкан.
Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Кийин "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. 2021-жылдын декабрында бошотулган. (RK)