Динаятчылар "Талибанды" таанууга эл аралык коомчулукту чакырды
Кабулда 4000дей динаятчы жана уруу башчыларынын катышуусунда өткөн чоң жыйын 2-июлда жыйынтыкталды. Анын соңунда катышуучулар эл аралык коомчулукту "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) бийлигин таанууга чакырышты.
"Динаятчылардын чоң жыйыны" деп аталган бул үч күндүк чогулуштун катышуучулары катаал тандоодон өтүп чакырылган. Ал жакка аялдарга жана этникалык, диний азчылыктардын өкүлдөрүнө катышууга уруксат берилген эмес.
Талибдердин өкмөтүнүн башчысы, кыймылдын лидери Мавлави Хайбуатулла Ахундзада жыйындын биринчи күнүндө алгачкы жолу эл алдына чыкты.
Ассамблеянын соңунда динаятчы Мужиб-уль-Рахман Ансари 11 беренеден турган декларацияны окуду. Ал талибдер бийликке келгенде салынган эл аралык коомчулук салган санкцияларды жоюуга, чет жактагы банктарда камакка алынган ооган активдерин бошотууга чакырды.
Кошмо Штаттар жана башка ондогон мамлекеттер "Талибандын" бийлигин тааныбай, алардан адам укуктарын сактоону талап кылып келишет.