Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

800 миң сомдун чуусу: экинчи тараптын жүйөсү

800 миң сомдун чуусу: экинчи тараптын жүйөсү

Сокулуктагы мал базарына барганда ири суммадагы акчасын алдыртып жибергенин айтып чыккан өзбекстандык Исламбек Арапбаевдин көрсөтмөсүн ал арызданган тарап четке кагып жатат. Алардын ырасташынча, Арапбаев ири суммадагы карызын бир канча убактан бери бербей жүргөн.

Мунун алдында "Азаттыкка" Исламбек Арапбаев кайрылып, бейтааныш адамдар уурдап кетип, анын 800 миң сомдон ашуун акчасын тартып алганын билдирген. Бул арыздын негизинде козголгон кылмыш ишин азыр Чүй облусуна караштуу Москва райондук милициясы тергеп жатат.

"Азаттык" радиосунун "Эл үнү" түрмөгүнө өзбекстандык Исламбек Арапбаев аттуу жаран кайрылган. Ал мындан туура бир ай мурда, 26-июнда Сокулуктагы мал базарга барганда аны белгисиз адамдар уурдап кетип, Ысык-Көлгө чейин алып барганын, жанындагы 800 миңден ашык сомун, телефонун алып коюшканына даттанган. 

Бул материал чыккандан кийин, "Азаттыкка" экинчи тарап кайрылып, Арапбаевдин айткандарын четке какты.

Өзбекстандык жаранды уурдап кетүүгө шек саналгандардын бири Руслан Эргешовдун айтымында, Арапбаев мал базарда ортомчу болуп иштеп жүргөн жана аны менен эки жылдан ашуун убактан бери тааныш болгон.

"Ал өзү айылда турат, жума сайын базарга келет. Келген сайын менин үйүмө конуп, тамактанып, дайыма эле чогуу жүрөбүз. Буга чейин деле анча-мынча иштерине алыш-бериш кылып жүргөнбүз. Көп жакшылыктарда чогуу болгонбуз. Ал болсо бизди "тааныбайм" деп айтыптыр. Чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз, жазышууларыбыз, далилдерибиз бар. Жанындагы балдарды дагы тааныбайм деп айтыптыр. Мисалы, алардын бирөө чачтарач болуп иштейт, шаарга келген сайын чачын ошого тегиздетет". 

Эргешовдун айтымында, Арапбаев аларга бир миллион сомдон ашык акча бересе. Сокулуктун мал базарына келгенде жолугуп акчасын сураганда, Көлдө жашаган таанышынан 500 миң сом алып берерин билдирген.

"Менин бир тууган байкем бар, ал мал менен иштейт. Анын чоң машинеси бар, булар менен чогуу келип-кетип мал ташып жүрөт. Байкем ортодо ден соолугуна байланыштуу иштебей калды. Бул (ред.: Арапбаев) бизден буга чейин "пайдасы болот, пайдасы бар" деп бөлүп-бөлүп акча алып жүргөн. Баш-аягы 1 миллион 150 миң сом алган, анын жарымы байкемдики, жарымы меники болчу. Карыз алганына бир жыл, сегиз ай болуп калды. Акчабызды алалы деп телефон менен байланышсак, бирөөлөрдөн айттырсак дагы кача баштады. Өзү Өзбекстанда чек арага жакын жерде жашайт. Издеп, СМС жазып баштасак "мына берем, ана берем" деп алдап аткан СМСтери бар. Анда "Кыргызстанга базарга чыкпай атам" деп аткан. Көрүп-билгендерден сурасак, базарга чыгып эле жүргөн болот. Мен аны Сокулуктун базарына барып көрүп калдым. Карызды сурасам, "бүгүн 500 миңин, эртең 610 миңин берем" деген. Бирок мен ошол эле күнү беришин талап кылсам, "Көлдө бирөөдө карызым бар, ошондон алып берем" деген. Менде машине жок болгондуктан, дос балама көлгө барып келели деп айткам. Ислам өзү деле "бүгүн кайра кайтсак кайттык, болбосо калып, көлдү дагы көрүп келели" дегендей айткан".

Эргешбаев Арапбаевдин "уурдап көлгө алып кетти" деген дооматы жалган экенин билдирип жатат.  

"Чогуу эле жүргөнбүз. Мен андан акчаны сурап атып, кеч да кирип калган. Эгер карыз акчаны бербесең мен арыз жазам, сени менен башкача сүйлөшөм дегем. Ал арызында "телефонумду алып койду" дептир, алган эмесмин. Биз бассейнге түшүп жүргөндө адвокат эжесине чалып, бизди "подстава" кылайын дептир. Мен анын 800 миң сомунун 80 сомун дагы алган эмесмин. Ислам бизден машиненин ачкычын алып кеткен, бир убакта таппай калыптыр. Көрсө ошондон ары качып кетиптир. Милицияга барып "бул балдарды тааныбайм, ОПГ экен, буга чейин дагы ушундай кылып жүрүшүптүр" деп эжеси үйрөткөн сөздөрдү айтып, арыз жазыптыр".

Руслан Эргешбаев менен анын жанындагы үч шеригин милиция көлдө жүргөндө кармаган. Ошол эле күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Арапбаевдин арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “адам уурдоо” беренесинин (165) негизинде кылмыш иши козголгон.

Эргешбаев баштаган төрт баланын адвокаты Айтолкун Мусаеванын айтымында, жабырлануучу деген баланын көрсөтмөсүнөн башка эч кандай далил жок.

"Негизи коюлган айып башынан туура эмес болгон. Себеби шектүүнүн шектүү экенин бышыктаган далилдер булардын пайдасына чечилиши керек эле. Тергөөчүнүн колунда жабырлануучунун берген көрсөтмөсүнөн башка бир дагы далил жок. Буларды ошол эле күнү кармап жатышат. Кармаган кезде жанынан 800 миң сом акча табылган эмес. "Милиция кызматкеримин деп коркутуп, күбөлүк көрсөткөн" деп айткан, ал жанынан чыккан эмес. "Бычак такады" деген, бычак дагы болгон эмес. Күбөлөрдүн бирөө дагы аны кыйнап, коркутканын көргөн эмес. Көлдүн жээгиндеги видео байкоолорду карасак, уурдап кеткенге эч окшобойт. Баары эле күлүп-жайнап, чогуу тамактанып, чогуу жүрүшкөн. Колунда телефону, автоунаанын ачкычы такай анда болгон. Кечке чейин булардын эсебинен жыргап эс алып, кечинде акырын барып милицияга арыз жазып жатат. Азыркы күндө ишти башка райондо караттырып жатабыз. Азыр "адам уурдады" деген берене менен иш козголуп жатат. Бул "киши өлтүрүү" деген беренеден кийинки эле оор берене. Мындай олуттуу айып коюу үчүн жетиштүү далил болушу керек".

Исламбек Арапбаев аны Бостери айылына алып барган адамдар 800 миңден ашуун сомунан тышкары телефонун тартып алганын билдирген. Аны урду деген адамдар дагы "500 миң сомду" опузалап талап кылып жатканын кошумчалаган.

"Эки бала эсимди оодара чабышты. Жанымда 800 миң сом бар эле. Аны алып коюшуптур. Ысык-Көлгө алып барып "500 миң сом акча таап бербесең кетпейсиң, таппасаң өлтүрүп сууга ыргытып жиберебиз" деп кыйла коркутушту. Алардын бирөөсүн тааныдым. Бычак такап, ур-токмокко алышты. Акча таба албайм десем “жакында бирөө өлгөн, ошону сени өлтүрдү деп каматып жиберебиз” дешти. Биринин байкеси милицияда иштейт экен. Менин угушумча, бир агасы Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө опер, экинчиси Жалал-Абадда бөлүм башчынын орун басары окшойт".

Жабырлануучунун жактоочусу Арстанбек Шаматов болсо айыпталуучу тарап Арапбаевден жок акчаны карыз катары талап кылып жүргөнүн айтууда.

"Булар Кыргызстандан мал алып, аны Өзбекстанга өткөрүп иштеп жүргөн. Ислам алып-сатар, Кыргызстандан малды арзан алып, Өзбекстанга сатат. Ошол Русландын байкеси Мирландын машинеси менен малды эки жакка ташып жүргөн. Мирлан булардын малын ташып турган, ал үчүн булар акча төлөп турган. Руслан менен ошол аркылуу таанышып калат. Байланышы жок, сыртынан эле тааныш болгон. Чаап кетти деген ошол төрт баланын арасынан Руслан болуп атат. Анын эч кандай аласа-бересеси жок. Окуя болгонго чейин Исламбекти Ала-Букада кармап, караңгы жерге алып барып, "бизге миллиондон ашык акча карызмын деп ай, болбосо өлтүрөбүз деп" жаздыртып алышкан. Булар болсо үстүнө жүктөп, акча өндүрөлү деп жүрүшкөн. Алар муну карыздар кылып, тергөөдөн кутулууга аракет кылып жатышат. Көлгө уурдап алып кетишкен".

Адвокаттын ырасташынча, Арапбаевди чапканда анын тишине жарака кеткен жана уурдалды деген күнү кийип жүргөн кийимдери кан болгон.

"Эртең арыз жазам деп далил чогултууну ойлонгон эмес да. Азыр бизде экспертизанын корутундусу бар. Исламды чапкан кезде тишине тийип, эс-учун жоготуп жараат алган. Тишинен жарака кеткени аныкталды. Кийип жүргөн кийими кан болгон. Тергөөчү ошону далилзат катары алып келгиле деп сурап койгон жок. Иш Москва районуна өткөндөн кийин өзүбүз алып барып бердик. Төрт баланын ичинен Русландын гана бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыкты. Чапканда эс-учун жоготуп койгон. Жанында 800 миң сом болгон, ошол акчасын алып, андан сырткары дагы 500 миң сом таап берүүнү талап кылышкан. Башка далилдер деле бар, анын жанында 800 миң сом болгонун далилдеген күбөлөр бар. Андан сырткары тааныштарына, досторуна чалып дагы 500 миң сом сурап аткан далили бар. Тергөөчү ошолорго кызыгып, эч кимисин сурабай жатат. Булар алдын ала план түзүп, акчаны моюнуна илип коюуну пландап жүрүшкөн окшойт".

Бул макала жазылып жаткан чакта жогорудагы арыз тууралуу прокуратура органдарынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Чүй облустук милициянын басма сөз өкүлү Замир Сыдыков тергеп-иликтөө уланып жатканын маалымдаган.

“Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, адам уурдоого шектүү адам кармалып, айыбы угузулган. Камакка алуу бөгөт чарасы колдонулган. Кайсыл тарап экени белгисиз Сокулук райондук тергөөгө ишенбестик көрсөтүлүп, Чүй облустук прокуратурасына арыз жазышкан. Учурда иш Москва райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат”.

Адвокаттардын айтымында, ушул кезге чейин кылмышка шектүү менен жабырлануучу сурак берди. Тергөөнүн алкагында эми беттештирүү жүрмөкчү. "Азаттык" бул окуя эмне менен аяктагынаны байкоо салып турат.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о повышении экологического статуса целлюлозно-бумажных технологий в России



Жизнь

Группа Продовольствие стала победителем конкурса «Экспортер года Алтайского края» по итогам деятельности предприятий за 2023 г.




Українські новини

ОіБ - охорона і безпека: замовляй охорону в Харькові



Новости 24 часа

Компании Группы "Интеррос" взяли ряд наград премии FINAWARD



Game News

Today's Wordle answer for Sunday, May 26



Москва

День пограничника – 2024: история и традиции праздника



News Every Day

Full list of cafes and restaurants where kids can eat free or cheap this half term – including Asda and Sizzling Pubs



Авто

Объявлена цена первой модели новой российской марки Xcite



Москва

Почти 50% российского экспорта лекарств в Узбекистан приходится на Подмосковье



Кажетта Ахметжанова

Кажетта Ахметжанова рассказала о пользе кристаллов в обычной жизни



Москва

Более 130 подъездов отремонтируют в Воскресенске в 2024 году



Ролан Гаррос

Парижские сюжеты: Медведев играл в кошки-мышки, Котов творил историю, Калинская заставляла нервничать Синнера



Москва

Дипломатическая бизнес-встреча «Россия - Африка» прошла в Белом Особняке Villa Barvikha



Культура

Кукольный коллектив из Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети, Новости - выступление в дацане на конкурсе по бурятскому языку



Симферополь

Выставка-предупреждение «Пожарная безопасность», В рамках Федеральной информационной противопожарной кампании «Останови огонь».



Москва

Сотрудники Росгвардии задержали устроившего стрельбу с балкона мужчину в Подмосковье 



Москва

Собянин: трасса из Солнцева до Варшавского шоссе откроется в 2026 году



Москва

Эксперт сенсационно раскрыл загадку Мессинга и Жириновского.



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Учащиеся Коломны победили в чемпионате «Профессионалы» по турагентскому делу

Moscow Yacht Show 2024

Эксперт сенсационно раскрыл загадку Мессинга и Жириновского.

Лидер движения «Всеармянский фронт» Аршак Карапетян 24 мая 2024 года встретился с членами Координационного совета российско-армянских организаций России и политологами


Москва

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина






Rss.plus

Дипломатическая бизнес-встреча «Россия - Африка» прошла в Белом Особняке Villa Barvikha

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”

Генералов много, а Норат Тер-Григорьянц один!

Компании Группы "Интеррос" взяли ряд наград премии FINAWARD

Moscow.media
Москва

Три из пяти участков новой трассы на юго-западе Москвы завершены — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Арутюнов

Исполнитель хита “На Заре 2020” Сергей АРУТЮНОВ оживил ещё один хит из 20-го века и выпустил песню “Лететь” вместе с её создателями - группой Амега.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

При поддержке MR Group прошел полумарафон «ЗаБег.РФ»

САРАТОВСКИЕ СОТРУДНИКИ РОСГВАРДИИ ЗАНЯЛИ ПРИЗОВЫЕ МЕСТА НА ЧЕМПИОНАТЕ ПО СПОРТИВНОМУ ОРИЕНТИРОВАНИЮ

Аделина Панина: какие элементы фэншуй должны быть на кухне, чтобы есть и худеть


Уимблдон

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Авто

Двигатель города на Неве: как «Грузовичкоф» участвует в жизни Санкт-Петербурга



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России