Президенттик админстрациянын Маалыматтык саясат кызматын Дайырбек Орунбеков жетектейт
Президенттик админстрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгына Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул тууралуу 3-августта "Азаттыкка" расмий кабарланды.
Аталган кызматты буга чейин жетектеген Алтынбек Жумаев иштен бошотулуп, президентке кеңешчи болду.
35 жаштагы Дайырбек Орунбеков а дегенде журналист катары таанылган. Кийинчерээк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындаган жарандык активист катары белгилүү боло баштаган. 2015-жылы сот аны моралдык зыян үчүн Атамбаевге 2 млн. сом доо төлөөгө милдеттендирген. Кийин Орунбековго козголгон кылмыш иши ага карата колдонулган мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскартылган.
2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ошол кездеги мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун тарапкери болуп жүргөн.
2018-жылы социалдык өнүгүү министрине кеңешчи болгон. Акыркы кезде "Кыргыз темир жолу" ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп келаткан. (SE)