Ислам шериктештиги оюндары: Ынтымак Мурадил уулу чемпион болду
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык Ынтымак Мурадил уулу алтын байге алды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, Мурадил уулу 15-августта салттуу жаа атуу боюнча эркектер арасында (70 метр) 1-орунду ээледи. Бүгүн, спорттун бул түрүнөн командалык беттештер жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өтөт.
Соңку жыйынтыктар боюнча V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар. Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан азыр 10-орунда бара жатат. Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.
Түркиялыктар 90 алтын, 81 күмүш, 63 коло байге алышкан. 2-катардагы Өзбекстанда 40 алтын, 28 күмүш жана 44 коло бар. Ирандын спортчулары 37 алтын, 31 күмүш, 42 коло байге менен 3-орунга чыкты.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)