Ханыша Елизавета II: тактыдагы 70 жыл
Елизавета II атасы Георг VI өлгөндөн кийин 1952-жылы 6-февралда таажы кийип, монарх статусун алган. Ал өлкөнү 70 жыл башкарып, Британияны көп жыл башкарган монарх катары тарыхта калды. Бул аралыкта өлкөдө 16 премьер-министр алмашкан. Ханышанын өлүмүнөн кийин таажы ханзада Чарльзга өтөт.