Парламент коргонууну жакшыртууга байланыштуу мыйзамды жабык карап жатат
Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын коргонуу жѳндѳмүн камсыз кылуу чөйрөсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жабык талкуулап жатат. Мындай сунушту берген Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков бул маселеде купуя сырлар бар экенин белгиледи.
Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин беш комитетинде каралган. Аны Жогорку Кеңештин 81 депутаты демилгелеген.
Буга чейин демилгечилердин бири Марлен Маматалиев мыйзам долбоору Кыргызстандын чек ара аймактарын коргоо, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыкканын билдирген.
Буга чейин депутаттардын тобу Кыргызстанда мобилизацияга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиевдин айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган. Мындан тышкары курал берүүгө байланыштуу мыйзамга дагы өзгөртүү киргизүү сунушталган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. Кыргызстан бул куралдуу кагылышты 63 жаранынан айрылды. Алардын 48и аскер кызматкери. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 киши каза болгонун жазды. (КЕ)