Айдарбековду комитет төрагалыгынан алууга беш фракция макулдук берди
Жогорку Кеңештеги беш фракция Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча чечимдерин парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге жөнөтүштү. Бул тууралуу Шакиев парламенттин 20-октябрдагы жалпы жыйынында билдирди.
Бул маселе депутаттардын чечими менен парламенттин күн тартибине киргизилип, жалпы жыйында каралмай болду.
Төрага кайсы фракциялар макулдук бергенин айткан жок.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров аны чакыртып алуунун себептерин ачык айтууга чакырды.
"Эгер бул кишинин (ред: Чыңгыз Айдарбековдун) жумушуна нааразылыктар болсо айткыла, баскан-турган, сүйлөгөн сөзүнө нааразылык болуп жатса айткыла. Конституцияны, мыйзамды бузуп жаткан болсо, айткыла. Эмне себептен кызматтан чакыртып алышыбыз керек, себеби эмне? Анан бул киши дагы өзүнүн жообун айтса. Сен мага жакпай калдың, сен кетишиң керек дегенде эртең өзүңөрдүн башыңарга түшөт, комитеттин төрагалары. Он айда кимдин ким экенин билип, түшүнүп калдык го. Бул маселени чыгарыштын өзү туура эмес го дейм. Ар бирибиздин башыбызда бар экенин эске алып коюңуздар. Айыпсыз айыптуу болгон өтө оор жагдай", - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушканын 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирген. Эл өкүлү комитет төрагалыгынан кетүүгө арызын жазууга даяр экенин айтып, бирок качан кетерин ачыктаган эмес. Ал өз сөзүндө "кандай болбосун бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем", - деп айткан.
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Комитет төрагасы Айдарбеков келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, муну тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.
15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.
18-октябрда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылы билдирүү таратып, Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыккан.
Чыңгыз Айдарбеков парламентке "Альянс" партиясынын тизмеси менен келген. Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан", "Ыйман Нуру" фракциялары жана “Элдик”, “Мекенчил” депутаттык топтору бар. (КЕ)