Төө-Ашуу, Сосновкада жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
Бишкек-Ош автоунаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Чектөө жасалма тыгындарды болтурбоо максатында 27-октябрда саат 14:15тен тартып киргизилгенин жана ал аба ырайы жакшырганга чейин улана турганын Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.
Министрлик транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Жолго чыккан айдоочуларга автоунаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, чынжыр, күрөк ала жүрүү сунушталды.
Кыргызстанда 17-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 25-октябрдан тартып бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганы маалымдалган.(КЕ)