Президент Жапаров элчилер менен Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкуулады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда Германиянын, Франциянын Кыргызстандагы элчилери жана АКШнын, Британиянын ишенимдүү өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда "күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду" деп жазды президенттин басма сөз кызматы.
Президент Жапаров Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулуктардын бири экенин, эркиндик көп болгондо жоопкерчилик артарын айткан. Жапаров Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — мыйзамдарды так сактоо жана аткаруу экенин белгилеген.
Расмий маалыматта, элчилер Кыргызстан эл аралык уюмдардын рейтингинде сөз эркиндиги жана демократия боюнча аймактагы лидер бойдон калып жатканын белгилегени айтылат. Азырынча аталган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бул жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров ар кандай коомдук топтор менен бардык маселелерде активдүү диалогго даяр экенин билдирген.
Жолугушуу өлкөдө 25тен ашык саясатчылар менен активисттер камакка алынып, эркин медиага кысым күчөгүнү айтылып жаткан учурга туш келди. Кыргызстанда "Азаттыктын" сайты эки айга бөгөттөлүп, банктагы эсеби сот чечимисиз жабылды. Айрым эркин журналисттер кармалып, иш козголду.
Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү 2-ноябрь - Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата кыргыз бийлигине кайрылган.
"ЖМКнын эркиндиги жана сөз эркиндигине болгон укук өлкөнүн Конституциясы менен корголот. Биз кыргыз өкмөтүн адамдын бул негизги укугун коргоого жана өнүктүрүүгө чакырабыз", -деп жазылган кайрылууда.
Биргелешкен билдирүүдө эркин журналистика өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экени белгиленген.(ZKo)