11-ноябрдын аба ырайы
11-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4…9;
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -1...-6.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 7…9 градус болот.