30-ноябрдын аба ырайы
30-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 2…7;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз -4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.