Коюу тумандан улам Бишкек-Ош каттамдары кармалууда
Бүгүн, 5-декабрда "Ош" аба майданында коюу туманга байланыштуу аба каттамдардын убактысы жылды.
"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, туруксуз аба ырайына байланыштуу эл аралык жана ички каттамдагы учактар коно албай жатат. Андан тышкары Оштон уча турган каттамдардын убактысы да өзгөрүүдө.
Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "Ош" аэропортунда калың туман түшкөнүнө байланыштуу учактар учпай жатканын жазышты.
Кыргызгидромет борбору 5-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаай турганын, Ош шаарында 0-5 градус жылуу болорун билдирген.