Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Батир таппай кыйналдык". Чек ара чатагында жер которгон үй-бүлөнүн турмушу

36 жаштагы Надира Каримова кесиби боюнча китепканачы. Сентябрь айында Баткендеги чек ара чатагында Максат айылындагы үйү жарым-жартылай талкаланып калган. Ошол кезде кош бойлуу болгон келин балдарын алып, Максат айылынан Бишкекке келген. Төртүнчү баласын башкалаада төрөдү.

Ошондон бери Бишкектен батир таба албай, шарты жок үйлөрдө күн кечирип келатканын, төрт бала менен суукта кыйналып жатканын айтып берди. Биз ал жашаган жерге барып, үй-бүлөнүн абалынан кабар алдык.  

- Мен сиздин ордуңузга отуруп алдым окшойт?

- Жок. Отура бериңиз. Баары бир менин кызым ыйлап жатпайбы. Мен отурбайм.

- Сизге ушул эле бөлмө караштуу да?

- Ооба. Ушул эле.

- Кечинде бөбөгүңүз, кичине уулуңуз болуп жатып аласызбы?

- Жок. Абысынымдын да алты баласы бар. Алардын жарымы ушул жерде биз менен жатат.

- Бул бөлмөгө дагы канча бала келип жатат?

- Үчөө келип жатат. Мен кызым менен бул диванга жатып алам.

- Тамакты кайсыл жерде даярдайсыз?

- Абысынымдын үйүндө меш бар. Ошого чогуу эле кылабыз.

- Демек, сиз бир күндүк конок сыяктуу эле жашап жатат экенсиз да?

- Ооба.

Надира Каримова бир айдан бери өзү араң баткан, узун-туурасы эки метрге жетпеген бөлмөдө жаңы төрөлгөн кызы, уулу жана абысынын үч баласы болуп күн кечирип жатыптыр. Абысыны жупуну жер тамдын бир бөлмөсүндө жашайт. Батир Бишкектин эң ылдыйкы чегиндеги Дордой-2 конушунда орун алган.

- Качан келдиңиз Бишкекке?

- 19-сентябрда келип, 20сында ооруканага барып , УЗИге текшерилип чыктым. Чек арадагы чатакта катуу коркуп калган элек да.

- Ымыркайга таасир этпептирби?

- Жок. Баары жакшы чыкты. Ок жаап, жаныбызга миномёттун огу жарылып жаткан жерден качып чыктык эле. Кудай сактаптыр.

- Кызыңыз качан төрөлдү? Атын ким койдуңуз?

- Кызым 2-декабрда жарык дүйнөгө келди. Ден соолугу жакшы. Атын Салиха деп койдук.

Көчүп-конуп жүрүп төрөгөн кызы, 10 жаштагы уулунан башка Надиранын 13, 14 жаштагы эки баласы бар. Уулдары дагы башка адамдын бош турган бөлмөсүндө убактылуу турушат. Ал бөлмөгө от жагышса да жылыбай койгондуктан, колундагы чүрпөсү үшүп калбасын деп абысыны Надираны өзү араң батып жашап жаткан батирине чакырып алган.

"Күнүмдүк жашообуз аманат эле өтүп жатат. Эртеңки жашообуз эмне болот билбейбиз. Эч кандай план жок эле тиричилик жүрүп жатат. Бардык нерсе каражатка барып такалат", - дейт ал.

Чыр-чатак болгондон бери качып, талаалап жүргөн Максат айылынын тургундарынын балдары окуусун онлайн режимде улантууда. Окуучулар ата-энелери менен туш-тарапта жүрсө да интернеттен классташтары менен кадимкидей бирге сабак окуп, мугалим менен күн сайын байланышта. Алардын бири Нурсултан классташтары тууралуу буларды айтып берди.

"24 бала окуйбуз. Алардын 16сы бала, 14ү кыз. Азыр баары ар кайсыл жерде жашап жүрүшөт. Жакын досум Даут Кулунду айылында. Мирлан Исфанада. Зейнеп Бишкектин Мурас-Ордодо конушунда. Ак-Жар конушунда Эрнис бар. Мен Дордой-2де жашап атам". 

Надира Каримова 2021-жылдын апрель айынан бери үй-бүлөсү менен бир жерде чогуу жашай элек. Мындай жагдайдан айрыкча өспүрүмдөр психикалык басымдын астында калгандай. Шарты жок турмуштан жадаган балдар бирде эмоциясын чыгарып, бирде түнт болуп жатканын апасы айтып берди:

"Бирөөнүн үйүндө олтуруу ыңгайсыз да. Өзүңдү кеңири сезе албайсың. Экинчи уулум “качанга чейин ушинтип качып жашайбыз! Качанга чейин шарты жок үйдө жашайбыз!” деп кечээ ыйлап тура албай калды. Дары берсек да болбой жатат. Аларды көрүп жүрөгүм ооруп чыгат. Стресспи же башкабы билбейм. “Неге бизди президент карбайт? Неге көзөмөлдөбөйт? Эмнеге сиз бөбөк менен отурсаңыз да эч ким кабар албайт?” дейт. Ыйлабайын деп кармансам да ыйлап жибердим. Ушунчалык кармансам да.

Жылуу үйдү канчалык издедик. Төрөгөнгө чейин атайын күн-түн дебей издедим, таппадым. Бишкек квартиранттарга толуп кеткенби? Кымбат батирге кирейин десем каражат жок. Алар ижара акысын алдын ала сурайт экен".

Ошентип бир үй-бүлө учурда үчкө бөлүнүп күн кечирүүдө. 

- Социалдык коргоо бөлүмүнөнбү же жардам  таратуу комиссиялары тарабынан кабар алыштыбы?

- Жок. Жардам эч кайсыл тараптан келген жок. Бир жолу ушул Ак-Жар конушунун башчысы бир баштык азык-түлүк алып келип берди. Башка эч ким кабар алган жок. Ушул мезгилге чейин өзүбүз жыйган каражатты түгөтүп бүттүк. Ал каражатты мен чоң уулумдун окуусуна деп жыйнап жүрөт элем. Себеби уулум 9-классты бүтүрүп жатат. Аскердик окуу жайга тапшырам деп жүрөт. Мен да Баткенимди коргойм деп. Ошол.. Өзүбуздүн каражатыбызды эле иштетип отурабыз. Баткенден келдим деп эле көчөгө кыйкырып чыкмак белем.

- Анда жардам тегиз бөлүштүрүлбөй калган болобу?  

- Мен эч жакка барган эмесмин жардам бергиле деп. Айылда бардык адамдын эсеби бар да. Ошондо бизге да жардам берилет деп отурабыз. Бишкектен жардам үйү күйгөндөргө, талкалангандарга, дагы качып жүргөндөргө деп аталып барыш керек да. Андан башка Бишкекте батир издеп жүрсөк, Баткенден качып келгендер деп башкача көз карашта болгондор да болду. Ошол жакта эле отура берсеңер болбойбу дегендей...

Жардамды көзөмөлдөп, тегиз бөлүштүрүү керек да. Менден башка да боюнда барлар көп. Алар да кыйналып жүрүшөт. Төрөт үйлөрүнө каттоого тура алышпай. Себеби документтери да айылда жок болгон да".

Надира Каримова бийлик Баткендеги жаңжалдан улам жер которгондордун арасынан карылар, ден соолуктан жана төрөттөн улам жумушка жараксыз болуп жаткандар үчүн жылуу жатакана уюштуруп берсе деген сунушун ортого салды:

"Мен жумушка жарабай тургандарды өзүнчө тизме кылып, жок дегенде эки айга болсо да жылуу батирлерди уюштуруп берсе дейт элем. Үй алып бер же мынча каражат бер деп суранган жокпуз. Буюрса кызым эки айдан ашса өзүм деле жумушка чыгып, батир акысына акча тапмакмын. Күйөөм кургак учук болуп ооруканада жатып чыккан. Ал да күчтүү тамакка жетпей, айылда курулуш менен убара болуп жүрөт. Ал мени Бишкекке алып келип, ооруканага жаткырып барганча көп тизмеге кошулбай калыптыр".

Баткен облусундагы чек арага жакын айылдардан Надира Каримовага окшоп үйлөрүнө кайта элек адамдардын саны учурда үч миңден ашуун. Куралдуу жаңжалдан 426 үй таптакыр жараксыз абалга келген. Аларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Байкеры Архангельска открыли мотосезон



VIP

Россия, Культура, Театр и Дети - о ПДД детям показали артисты постановку в театре кукол Ульгэр в Бурятии






Новости 24 часа

МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.



Game News

RPG Battle of Souls доступна в Google Play 2 стран



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



News Every Day

AML check crypto



Интернет

Исследование: болезни Альцгеймера и Паркинсона прогрессируют из-за климата



Москва

Источник 360.ru: в Москве нашли тело пропавшей в Измайловском парке школьницы



Булат Окуджава

Этюд поэтический «А мы с тобой, брат, из пехоты…» к 100-летию со дня рождения Б.Ш. Окуджавы



Москва

Скандал с Алиной Кабаевой, роман с миллионером и потеря мамы. Почему Ляйсан Утяшева выбрала Павла Волю?



Вера Звонарёва

Звонарёва проиграла американке Крюгер в квалификации турнира в Страсбурге



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Владимир Путин

Аналитик Пиллсбери: объятия Путина и Си Цзиньпина стали поражением для США



Симферополь

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ



Москва

Женщина в Москве лишилась украшений после визита проститутки к ее сожителю



Москва

Собянин: В Москве открылись новые выездные площадки для регистрации брака



Москва

Аллею истории, скверы и детские площадки благоустроят в Амурской области



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

РОССИЯ И КИТАЙ: В МИРЕ ВОЗМОЖНА ГЕГЕМОНИЯ ЛИШЬ ИНТЕРЕСА НАРОДА, ЗАКОНА, ИСТИНЫ И СПРАВЕДЛИВОСТИ.

Собянин: В Москве открылись новые выездные площадки для регистрации брака

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

SHOT: в Москве ищут 13-летнюю школьницу, которая ушла из дома 17 мая


Москва

Аллею истории, скверы и детские площадки благоустроят в Амурской области






Rss.plus

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Moscow.media
Москва

Собянин заявил об увеличении числа резидентов ОЭЗ «Технополис Москва»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Песня

Рассылка Песни или Музыки на все Радиостанции России, СНГ и Мира, а также по всем СМИ России.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Разгром в Москве и драма в Сочи: «Динамо» без труда сохранило лидерство, но «Краснодар» остался в гонке за золото РПЛ

«Динамо» подняло планку // Московский клуб вплотную приблизился к победе в РПЛ

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове


Александр Зверев

Зверев одолел Табило и вышел в финал «Мастерса» в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Baza: в Новой Москве жильцы поймали предполагаемого педофила



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России