Президент Жапаров АКШ элчиси менен жолукту
Президент Садыр Жапаров 30-декабрда АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жапаров элчинин ишеним грамотасын кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.
Маалыматта, Жапаров Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин, элчи эки тараптуу мамилени чыңдоого жардам берерине ишеним артканы айтылат.
Элчи Лесли Вигери эки мамлекет ортосундагы достук мамилени белгилеп, бардык тармакта өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.
20-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте ант берип, кызматка киришкен. Вигери буга чейин Мамдепартаменттеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген.
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсация болгон.
Быйыл май айында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келген.
Анда кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” айтып берип, “Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз” деп айткан.
Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Бактыбек Аманбаев сентябрда келишим боюнча иш жүрүп жатканын маалымдаган. (TSh)