Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Азаттык- 70. "КГБ артымдан көпкө аңдып жүрдү"

Азаттык- 70.

Филология илимдеринин доктору, профессор, түрколог Кадыралы Конкобаев "Азаттык" үналгысынын Кыргызстандагы алгачкы кабарчысы болгон. Радиодо ал 1980-жылдардын аягы 1990-жылдардын башында иштеген.

- Кадыралы агай, сизге "Азаттыкта" иштөөгө сунуш кимден түштү эле, кеп оролун ушундан баштап берсеңиз?

- 1989-жылы акын Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы белгиленди. Ага чет мамлекетке ата-бабалары чыгып кеткендердин балдарынан биринчилерден болуп Аким Өзгөн келди. Анда ал "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын жетекчиси болуп иштеп турган. Мен ал учурда Москвада диссертация жазып, окуп жүргөм. Биз телефон аркылуу байланышып турдук. Ошол 1989-жылы октябрь айында Будапешт (Венгрия) университетинин профессору, бүткүл түрк элдеринин тууганы, окумуштуу Иштван Коңур Мандоки мени өз өлкөсүнө чакырды. Мен эки балам, аялым болуп төртөөбүз бир айга жакын Мандокинин үйүндө Будапештте жашадык. Коңур аке мени Батыштын түркологдору менен, окумуштуулары менен таанышсын деп атайын чакырган экен. Мажар түркологиясынын ориенталистикасынын эң мыкты китепканаларын, алтай таануу институтун көргөздү. Бир күнү Коңур Мандоки мага “Төлөмүш Жакып уулу менен сүйлөштүрөйүнбү?” деди. Мен “албетте сүйлөшөм” дедим. Анткени Төлөмүш аксакалды тышынан угуп, билип, сыйыбыз бар эле.

- Мен ушул жерден Төлөмүш Жакып уулу ким экенин биздин угармандарга тааныштырып өтөйүн. Төлөмүш Жакып уулу Азамат Алтай, Аким Өзгөн сыяктуу эле "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматын 1975-84-жылдары башкарган. Кадыралы агай, ошондо сизди Төлөмүш Жакып уулу менен тааныштырып жатат да?

- Ооба, биз Төлөмүш агай менен чер жазышып аябай сүйлөштүк. Агай мага “эл кандай, журт кандай, кайра куруу кандай таасир берип жатат?” деп көп суроолорду берди. Төлөмүш агайдын жубайы Майра жеңе менен да тааныштым. Жакшы баарлаштык.

- "Азаттык" тууралуу да кеп болгондур?

- Ооба, учкай сүйлөштүк. Төлөмүш агай "биз иштеп жатабыз, колубуздан келген кабар, маалыматтарды берип жатабыз, кыргыз эли акыйкаттыкты, чындыкты билсин" деп жатабыз деген сөзүн айтты. Мен да "Азаттыктан" кыргыз элинин кабары бар, сиздер айткан жаңылыктарды бири болбосо бири угат, кырылдап-чырылдаса дагы угабыз, алардын катарында түнкүсүн тыңдагандардан мен да бармын дедим. Андан кийин Аким Өзгөн бир күнү чалып “келип кетем” деди. Коңур Мандоки алардын баарын тааныйт экен, алардын катарында "Эркин тоолук" деген ат менен таанымал Маматиса Арал бар. Мен Будапештте 10-15 күн жүргөндөн кийин Мүнхенден төрт киши келди.

- "Азаттыктын" баш кеңсеси мурда Мүнхенде (Германия) эмес беле?

- Ооба, Мүнхенден келишти, арасында Маматиса Арал, аты азыр толук эсимде калбаптыр – Гайипулла бекен, анан өзбек кызматынан Тимур Кожоглу келди, Хасан Оролтай бар. Алар эртең менен кайра кетебиз дешкенинен биз түнү менен уктабай аябай сүйлөшүп чыктык. Маматиса Арал элди сүйгөн, мекенчил, мыкты жигит экен. Ошентип “Азаттыктын” төрт кызматы тең менден маек алышты.

- Ошондо "Азаттык" менен кызматташууга сизге кимден сунуш түштү?

- Алар кетебиз деп жатканда жаңы алган кара "Мерседеси" бар экен, аны менен Аким Өзгөн келди. Ал "кабарлашып туралы" деп, аны менен телефон номурларын алмаштык. "Чыңгыз Айтматов аксакал Москвада, ушул дарыны сурады эле" деп дары берип жиберди. Ошентип Будапешттеги сапарым карыды. Кетип жатканда “поюздан чай ичип кой” деп Коңур аке 100 доллар берди. Бирок ал учурда чек арадан аябай катуу текшерчү эле, ал кезде 100 доллар жакшы эле акча, андай акчаны кантип алып өтөм деп Коңур акенин жубайына таштадым.

- Ошондо Аким Өзгөн сизге Москвага чалып турган экен да алгач?

- Ооба, мен Москвада жашап аткам да, бирок Кыргызстанга байма-бай каттап жүргөм. Ошол учурдагы кайра куруу, маалымдуулук, ачыктык, эркиндик темаларына байланыштуу маалыматтарды берип турдум. Азыр да ал кабарларымдын айрымдары сакталып калыптыр.

- Сизге ошондо Аким Өзгөн өзү чалып, жаздырып алып турду да?

- Ооба, Аким Өзгөн, кээде анын иниси Харум, Маматиса, өзбек редакциясынан Тимур Кожоглу чалып, жаздырып алат.

- Бул эми 1989-жыл да, туурабы?

- Ооба, 1989-жылдын октябрь-ноябрлары. Анда-санда чыгып, Москвадан кабар айтып турдум. 90-жылдын жайында Кыргызстанга келгенден кийин эфирге көбүрөөк маалымат бере баштадым.

- Себеби эми эстесек – 1990-жылы республикада көп окуялар болбодубу. Ал жылы жайында түштүктө улут аралык чыр-чатак – июнь окуясы жүз алды. Коммунисттик партиянын башкаруучулук ролу тууралуу маселе көтөрүлүп, Бишкекте Апсамат Масалиевге каршы ачкачылык жарыялоо акциялары башталганы белгилүү. Күзүндө – октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан Аскар Акаев президент болуп шайланды. Сиз ушул окуяларды да берип турсаңыз керек?

- Ошол окуялардын баарын мүмкүнчүлүктүн чегинде телефон менен айтып турдум. Алгач 10-15 мүнөт, анан 20 мүнөт, кийин көнгөндө бир саатка чейин маалымат берип аттым. Адатта түнкү саат экиде, төрттө, кээде беште телефон чалышат. Ал жактан Аким Өзгөн, Маматиса Арал байланышат. Эсимде - бир ирет Турдакун Усубалиевден маек алууну чечтик, ал киши тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жаткан чак.

Алгач “Азаттыктын” атын угуп көпкө макул болбой жүрдү. Мелис Айдаркулов Усубалиев менен жакшы мамиледе экен. Мелис аркылуу Турдакун Усубалиев иштеген Улуттук китепканага бир канча жолу бардык. Акыры биздин эч жаман оюбуз жок экенине көзү жеттиби, макул болуп, маек жаздырып, аны радиого бердик. Ал киши Бишкек шаарын да башкарган экен, “балам, тоодон ылдый түшкөн биздин көчөлөрдү карачы” деп азыркы аттары менен айтканда Айтматов, Абдрахманов, Садырбаев, 7-апрель көчөлөрүн айтты. “Балам, бул көчөлөрдүн жээктерине терек тиктирип, тоодон келген шамал тээ ылдыйкы Чоң Чүй каналына чейин жеткидей пландап, курганбыз. Себеби, биз көмүр жагабыз, анын ышы болот” деди. Ошондо эле Турдакун Усубалиевдин акылына келген экен азыркы ыш. Шараф Рашидов СССРдин Саясий бюросуна мүчө болуп жүргөндө Кыргызстандын бир катар дарыя, сууларын пахтага пайдалануу демилгесин көтөргөн экен. Арасында Соң-Көл, Чатыр-Көл көлдөрү бар, Чаткалдагы Чандалаш дарыясын да пахтага пайдаланабыз деген экен. Усубалиев маегинде Косыгинге кайра-кайра барып жатып, аларды сактап калганын айтты. Ал 90 мүнөттүк маек менде азыр да сакталуу.

- Кадыралы агай, Советтер Союзу 1990-жылы толук таркай элек маал эле да. Сизге коопсуздук органдары тарабынан ыдык көрсөтүү болгон жокпу? Коопсуздугуңуз кантти? Өзүңүздү кантип алып жүрдүңүз?

- Эми азыр ачык айта берсе болот го, “үч тамга” деп коёбуз, “КГБ” деп коёбуз – алар менин артымдан көп жүрүштү. Атайын жашыруун батирлери бар экен, ал жакка сүйлөшүүгө чакырышат, “Ала-Тоо” мейманканасындагы бөлмөлөргө чакырышат. Алардын айрымдары азыр деле бар, отставкага чыгышты. "Эмне маалыматтарды берип жатасыз? Кыргызстанды жамандап жатасызбы?" деген сыяктуу суроолорду беришет. Чындыгында ал учурда атайын органдардан баары эле коркушчу. Мен эми көп сезген жокмун, себеби так маалымат берчүмүн, жалган эч нерсе айткан жокмун, республиканы жамандаган жокмун. Үйгө да келишчү, аялым коркуп, кыйын акыбалда калып жүрдү. Кээде жадаганда мен: “айта турган сөзүңөр болсо маек бергиле, чыгаралы” деп да айтып көрдүм, бирок, баш тартышчу.

Ошентип 1989-жылдын октябрынан 1991-жылдын февралына чейин иштедим. Анан окумуштуулук ишиме байланыштуу “Азаттыктагы” кабарчылыгымды токтотууга туура келди. Аким Өзгөн мага "өзүңүздү татыктуу алмаштыра турган адам табыңыз" деди. Менин оюма үч адам келип, Тынчтыкбек Чоротегинди сунуштадым. Себеби Тынчтыкбек да тарыхчы катары илим изилдеп, тырышчаак болуп, аракеттенип жүргөн. Сунуштап, Тынчтыкбекти журналист кылып жиберген да мен болдум.

Сөзүмдүн аягында басма сөз кызматкерлерине айта турган бир кебим бар эле – кандайдыр бир теңдикти сакташса, чындыкты чагылдырышса... Кээ бир басма сөздөр бар, ушул бийликти эле сындап турушат, менимче, бир тараптуу болбош керек. Кайсы жерде адилеттүүлүк болсо, кайсы жерде теңдик болсо, кайсы жерде калыстык болсо эл аны дайыма көрөт, анткени, эл баарына тараза.

- Чоң рахмат.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

У работодателей Архангельской области и НАО началась "вахтовая лихорадка"



VIP

Страдания юного Аюша Булчун






Новости 24 часа

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»



Game News

Here's every World of Warcraft expansion in order of release



Москва

В рамках фестиваля "Сладкий май" кондитеры и повара соревнуются в своем мастерстве



News Every Day

MTA reveals new electric buses, charging stations in Queens



Происшествия

Правоохранители проверили бывших мигрантов в Джанкое



Москва

В Башкирии активировались мошенники, спекулирующие на теме СВО



Тимати

ЮрКисс о черных списках «Русского Радио»: как туда попали SMAMAN, Тимати и Егор Крид



Москва

Юная красавица-циркачка из Барнаула победила в конкурсе «Мировая модель»



ATP

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP



Москва

Разделение изотопа



Эвелина Блёданс

Эвелина Блёданс с сыном подарила сказку детям из «Вертикали»



Симферополь

Аэропорт Элисты начнет принимать рейсы 28 мая



Москва

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео



Москва

Собянин рассказал о благоустройстве у станции метро «Университет Дружбы Народов»



Москва

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».

Аналитика: зачем туристы из Уругвая, США и Австрии едут в сибирскую глубинку

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

В Москве начался процесс по делу об участии военных в оргпреступном сообществе


Москва

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»






Rss.plus

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о благоустройстве у станции метро «Университет Дружбы Народов»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Антонина Арталевская

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Инсайдер Карпов: "Спартак" выкупил Станковича у "Ференцвароша" за €200 тыс

Футболисты «Локомотива» – в расширенном составе сборной России на июньский сбор

ЦСКА в Петербурге обыграл "Зенит" и повел 1/2 финала Единой Лиги ВТБ


Стефанос Циципас

«Спартак» подарит Циципасу клубную футболку



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

В Архангельской области проходит региональный этап игры «Зарница 2.0»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России