Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам биринчи окууда жактырылды
Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Долбоордун концепциясына катталган 88 депутаттын 75и макул, бирөө каршы болду.
Мыйзам долбоору тууралуу жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова баяндама жасады. Ал мыйзам долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканын белгиледи.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдой турганын билдирип, бирок билим берүүдө көп тилдүүлүккө басым жасоо керектигин кошумчалады.
Депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тилге байланышкан мыйзам долбоорун толук колдоп берүүгө чакырса, эл өкүлү Карим Ханджеза кыргыз тилин жеңил жана майнаптуу үйрөнүүгө багытталган методика менен камсыздоо зарылчылыгына токтолду.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамынын жаңы редакциясы былтыр күздө коомдук талкууга чыгарылган. Демилгечиси өкмөт, документти Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия иштеп жатат.
1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет. (ErN)