Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Парламентте "Иманов-Ширшов" маселеси дагы көтөрүлдү

Парламентте

Жогорку Кеңеште санарип өнүктүү министри Талантбек Иманов менен "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы, ириде энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталган Алексей Ширшовдун байланышы тууралуу дагы маселе көтөрүлдү.

Парламенттин соңку, 2-январдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өкмөт өкүлүн коррупцияга айыптады. Министрликке берилген маанилүү, кирешелүү ишканалар келечекте сатылып кетерин эскертти.

Министрликтин басма сөз кызматы Иманов менен бул мекемеге айтылган дооматты "каралоо" деп комментарий берди.

Талантбек Иманов тууралуу маселе Жогорку Кеңеште мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда көтөрүлдү. Анда Санарип өнүктүрүү министрлигине былтыр май айында беш акционердик коом, тактап айтканда, "Кыргызтелеком", учурда "МЕГА" деген бренд менен белгилүү "Альфа Телеком", "Дастан" заводу, "Кыргыз почтасы" жана "Евразия сактык банкы" берилгенден кийинки бул ишканалардын абалы сөз болду.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев министр Имановду коррупцияга байланыштуу айыптап, аны Алексей Ширшовдун "көздөй кишиси" катары сыпаттады.

"Санарип өнүктүү министрлигине Талант Имановду койдуңар, коррупциялык иштер башталды. Бул Ширшовдун түздөн-түз жетекчилиги менен болуп жатат. Эстеп койгула, ушул беш ишкананын баары сатылат, бардыгы жок болот. Мынакей, 1,5 миллиард сом киреше берген "Кыргызтелеком" Ширшов менен Имановдо. Иманов дегенде Ширшовду түшүнөбүз. Мынакей, "Кыргызпочтасын" бердиңер, эч нерсе өзгөргөн жок. Алты ай өттү, "сынган таштек" бойдон калды", - деди депутат.

Иманов Ширшов менен байланышы тууралуу депутаттын билдирүүсүнө үн ката элек.

Санарип өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы министр менен бул мекеме жөнүндө айтылгандарды каралоо деп атады. Ошондой эле министрликке өткөн айрым ишканалар тууралуу учкай комментарий берди.

"Кыргызтелекомдун" таза кирешеси 1,5 миллиард сом эмес. Бул компаниянын 2018-жылдагы таза кирешеси, 39,4 миллион сом болгон, 2019-жылы чыгаша 21,4 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2020-жылы чыгаша 117,9 миллион сомго жеткен. 2021-жылы киреше 25 миллион сом, ал эми 2022-жылы 55,6 миллион сом болгон". "Кыргыз почтасы" алты айда "сынган таштекке" айланды деген дагы чындыкка дал келбейт. Ишкана министрликке өткөндөн бери бир топ иш жасалып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Парламентитин бул жыйынында депутат Алишер Козуев санарип өнүктүрүү министринин орун басары Абдисамат Сагымбаевден бул ишканалар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан министрликке өткөн себебине кызыкты. Ошондой эле өзгөрүүлөр тууралуу сурап, май айынан бери стратегиясы гана жазылганын сынга алды.

"Азыркы күндө биз стратегиясын иштеп чыктык. Келерки жылдан баштап алардын кирешелерин көбөйткөнгө аракет кылып жатабыз. Жасап жаткан жумуштарын өзгөрткөн жокпуз. Бул объекттердин Санарип министрлигине өткөнү күндүн талабы деп эсептейм. Дүйнө жүзүндө санариптештирүү жүрүп жатат. Бул жараянды тездетүү максатында жана мамлекеттик ишканаларды жакшы пайдалануу үчүн ушул кадамга бардык. "Кыргыз почтасынын" алкагында элге кызмат көрсөтүү максатыбыз бар. "Кыргызтелекомдун" дагы потенциалын көтөрүү максатында туруп жатабыз. "Дастан" ишканасына байланыштуу бир канча пландарыбыз бар. Алардын арасында Өзбекстан менен чогуу электр эсептегичтерди чыгаруу боюнча келишим түзүлгөн жана жакында баштайбыз деген ойдобуз", - деди министрдин орун басары.

Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөөлөрдү жарыялаган. Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерек комментарий берип, дооматтарды четке каккан.

Өткөн айда социалдык тармактарда Алексей Ширшов, Талантбек Иманов жана энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган адамдар чогуу бараткан сүрөт жарыялаган жана бул кызуу талаш-талкуу жараткан. Ибраев ал сүрөт эски, 10 жыл мурда тартылганын айткан.

Парламентте Санарип өнүктүрүү министрлигиндеги коррупция тууралуу буга чейин дагы сөз болгон. Былтыр декабрда депутат Жусупбек Коргонбай уулу аталган мекеме "коррупцияга эң көп малынганын" айтып чыккан. Министр Иманов депутатка жооп кайтарып, Фейсбуктагы баракчасына депутатты "жалган маалымат таратып жатат" деп айыптаган. Ошондой эле, Иманов эл өкүлү андан жана кызматкерлеринен тааныштарын жумушка орноштурууну талап кылганын билдирип, ал талабын аткаруудан баш тартканын жазган.

Былтыр ноябрда Элдик курултайда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлү Сапар Аргымбаев Ширшовдун маселесин козгогон. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин миллиондогон долларын кайтарууга көмөктөшүү тууралуу убадасын эске салган. Анда энергетика министри Таалайбек Ибраевди "Ширшовдун кадры" деп айыптап, ага убагында кылмыш иши козголгонун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Ширшовду кабыл алып, ортодо Максим Бакиевдин акчасын кайтаруу тууралуу сөз болгонун дагы бир жолу ырастаган. Ал курултайдагы сөзүндө бул каражатты кайтарууга ондогон жылдар кетет деген оюн айткан.

Сапар Аргымбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Ширшовдун президенттердин жана алардын жакындарынын тилин таба алган жөндөмү бар деген оюн айтты:

"Ширшов Акаевдин убагында эски жабдууларды алып келип, аларды жаңы деп берип, кишилерди кызматка койдуртканы үчүн акча алып, ошондой топ түзгөн. Бакиевдин тушунда бжогорурак деңгээлге чыгып, чет өлкөгө, казактарга электр энергиясын сатып, "Чакан ГЭСтерди" менчиктештирип, ошол жакта иш кылган. Азыр мунун баары ага өткөн чак болуп калды. Андан дагы жогорку деңгээлге чыгып, инвестиция болобу, башкасы болобу, айтор чечим кабыл алган адамдар менен тил табышып, инвестициялык климат жакка өттү. Ширшов өтө ыңгайлуу фигура болуп турат. Көп нерсенин жолун билет, эбин табат. Керектүү иштердин баарын жасап берет, байланыштары бар. Ал коррупцияга малынган аткаминерлер үчүн абдан керектүү адам".

Ширшов былтыр май айында кармалган жана көп өтпөй эле үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал "Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат ондогон батир жана коттеждердин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы сотко кайрылганы белгилүү болгон.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган. Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын билдирген.

Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Калининградские каратисты показали способности на чемпионате СЗФО



Жизнь

Природа России 81




Українські новини

Рушникосушки від Hygge Family: європейські стандарти якості на українському ринку



Новости 24 часа

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»



Game News

Музыкальную игру Blue Wednesday с глубоким сюжетом выпустили на iOS



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



News Every Day

China’s Huawei launches new software brand for intelligent driving



Настроение

"Банда четырех" против демократии



Москва

Судебное заседание по делу главы Гагаузии назначили на 30 апреля



Валерий Гергиев

Оркестр Мариинского театра под управлением Валерия Гергиева выступил в Нижнем Новгороде



Москва

Победила «Дружба». В Москве прошел этап кубка мира по рукопашному бою



WTA

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA



Москва

«Автодор» попросил водителей заправляться заранее после очередей на АЗС на М-12



ЛокоТех

Весенние субботники прошли на предприятиях «Московского» филиала ООО «ЛокоТех-Сервис»



Симферополь

Литературно-поэтический час «Ушла на фронт ещё девчонкой...»



Москва

«Автодор» попросил водителей заправляться заранее после очередей на АЗС на М-12



Москва

Собянин представил масштабную программу фестиваля "Пасхальный дар"



Москва

Электрокроссовер Voyah Free получил новую версию для России. Ее представили в Москве



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Электрокроссовер Voyah Free получил новую версию для России. Ее представили в Москве

Вирусолог Викулов назвал период возможного спасения от укуса энцефалитного клеща

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Овчинников: «Зенит» психологически не готов драться за титул РПЛ


Москва

Вокруг парка на электромобиле: что будет доступно напрокат в Москве






Rss.plus

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Миллионы — в хлам. Мажоры и блогеры разбивают в Москве дорогущие машины

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Вокруг парка на электромобиле: что будет доступно напрокат в Москве

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о строительстве спортивных объектов

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о Всероссийском конкурсе спортивных проектов «Ты в игре»


Арина Соболенко

Соболенко удивила выступлением на турнире с участием Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Врач рассказал, какое мясо лучше выбрать для шашлыка на майские праздники



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России