Бишкек Тажикстандын учактарына Кыргызстандын үстүнөн учуп өтүүгө уруксат берди
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясына Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.
Мунун алдында “Сомон Эйр” Кыргызстандын тиешелүү мекемесине кайрылып, Дүйшөмбү – Үрүмчү – Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү – Новосибирск – Дүйшөмбү авиакаттамдары үчүн аба мейкиндигин пайдаланууну суранган. Жарандык авиация кызматы тажик тарапка уруксат берүү маселеси каралып жатканын маалымдаган.
Тажикстандын учактары Кыргызстан аркылуу Орусияга 5-февралдан, Кытайга 8-февралдан тартып уча баштайт. Каттамдар Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары менен аткарылат.
2021-жылдын апрель-май айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Бул чечим чек ара тилкелери толук такталганга чейин күчүндө болору айтылган.
Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, өлкөдө болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген. Ошол эле жылдын 25-майга караган түнү Дүйшөмбүдөн Бишкекке Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен учуп келген 200дөй тажикстандыктык Кыргызстанга киргизилбей, артка кайтарылган. (ErN)