Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Кумтөр: эс алууга, эмерекке чачылган миллиондор

Кумтөр: эс алууга, эмерекке чачылган миллиондор

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз коротконун аныктады.

Учурда ошол кезде кенди башкарган Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон жетекчилер камакта. Эсеп палатасынын жүз барактан турган отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап, кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган.

"Улуу көчмөндөр мурасына” жумшалган каражат

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаган. Каражаттын 1 млн. 731 миң доллары кызматкерлердин (1 млн. 148 миң долларды чет өлкөлүк кызматкерлер алган) айлыгына кеткен.

Долбоорлордун катарында "Аврора" санаторийин, Каракол аэропортун, "Каприз" тоо лыжа мейманканасын, Караколдогу ипподромду жаңылоо, бөтөлкөгө куюлган суу чыгаруу, беш жылдыздуу мейманкана, мрамор чыгаруучу завод куруу сыяктуу иштер камтылган. Эсеп палатасы долбоорлор ара жолдо калып, “Кумтөр Голд Компани” жана “Кыргызалтын” ишканалары чыгымга учурады деп эсептейт.

Тенгиз Бөлтүрүк башында турган, мамлекеттик бюджеттен дээрлик 3,5 миллиард сом бөлүнгөн "Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылган. Холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда ири долбоорлорду ишке ашырууну пландаган. Өткөн жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каржы министри Алмаз Бакетаев жабылып жаткан холдингге бөлүнгөн акча мамлекетке кайтарылып, 700 млн. сом өз милдеттенмелерин жабуу үчүн каларын билдирген.

 

Италия, Түркиядан алынган кымбат эмеректер

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректерге кеткен. Кеңсе эмеректерин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн жалпы 179 млн. 700 миң сом коротулган. Маселен, Италиядан 327,9 миң долларга, Түркиядан 593,6 миң долларга, Беларустан 34,8 миң долларга ар кандай эмеректерди алдырган. Дизайн үчүн 2,5 млн. сом корогон.

Эски имаратты чанган “Кумтөрдүн" жаңы жетекчиси

“Кумтөр Голд Компани" компаниясынын жетекчилиги Бишкектеги “Учкун” ишканасындагы кеңсесинде шарт жок экенин жүйө кылып 2021-жылы 15-октябрда “Орион” бизнес-борборуна көчөт. Аянтты 5119 чарчы метр кеңсенин ижара акысы үчүн айына 95 200 доллар, жылына болжолдуу эсеп менен 1 млн. 279 миң доллар болгон. Аудит “Учкун” ишканасынын ижарасы 339 миң доллар болгонун, миллиондор төлөнгөн жаңы кеңсенин 67% гана кызматкерлер ээлеп калганын аныктаган. Ошондой эле “Учкун” ишканасындагы кеңсесинде "шарт жок" деген жүйө негизсиз экени аныкталган.

Тенгиз Бөлтүрүктүн чыгымдары

2021-жылдын август айында "тышкы башкаруучу" Тенгиз Бөлтүрүккө ишкананын ишмердүүлүгүнө байланыштуу чыгымдар үчүн банк карточкасы берилген. Корпоративдик карточка берилген августтан ноябрга чейин Бөлтүрүктүн чыгымдары 7 млн. 499 миң сомду түзүп, Эсеп палатасы ал каражаттардын отчету көрсөтүлгөн эмес деп белгилейт.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канада-Торонто багытындагы авиабилетин төлөп бергенин жазат. (Аудит авиакаттамдын багытын так көрсөткөн эмес. Эске сала кетсек, Торонто Канададагы шаар-ред.) Ага 1 млн. 45 миң сом короп, бул боюнча дагы отчет берген эмес.

Эсеп палатасы ишкананын чыгымдар бөлүгүн текшерген отчетунда “Кумтөр Голд Компанинин” массалык маалымат каражаттары менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Шермур Мариан 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын апрелине чейин 256 миң сомду Бишкек шаарындагы кымбат ресторанда журналисттерге сый тамак уюштуруу үчүн коротконун билдирген. Бирок, ага чакырылган журналисттердин аты-жөнү жана кандай иш-чара өткөнү жазылган эмес.

Аудиттин тыянагында, Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин жетектеп турган 2022-жылдын февраль-июнь айында 319 миң доллар өлчөмүндөгү “Кумтөр Голд” ишканасынан сый акы алган. Мындан тышкары анын социалдык камсыздандыруусуна 55 миң доллар кеткен. Ошондой эле 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февралына чейин кызматкерлердин сый акысына кеткен жалпы чыгым 473,2 миң долларды түзгөн. Аудит Бөлтүрүктүн чет өлкөгө чыгып компаниянын эсебинен концертке барганын дагы эсептеген.

2021-жылдын 31-декбрындагы маалыматка ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ишканасында 2915 адам эмгектенген. Тенгиз Бөлтүрүк жетектеп турган мезгилде (2022-жылы 1-апрелге карата маалымат) компанияда иштегендердин саны 4028 адамга (37.5% өскөн) жеткен. Жыйынтыгында ишкананын маянага кеткен чыгымы өскөн. Эсеп палатсынын отчетунда ишкананын кызматкерлери үчүн Бишкекте жашаган батирлердин ижара акысы төлөнүп турганы дагы көрсөтүлөт.

Тимбилдинг же "Кумтөрдүн" кызматкерлери канчага эс алган?

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2021-жылы сентябрда 800 кызматкерин үч күнгө Ысык-Көлдө эс алдыруу үчүн 4 млн. 39 миң сом сарптайт. Кызматкерлердин эс алуу программасына кыз куумай, эр эңиш, тыйын эңмей сыяктуу улуттук оюндар кирип, ырчы-чоорчулар да чакырылган. Эсеп палатасы кызматкерлердин көңүл ачуусуна корогон миллиондор ишкананын 2021-жылдагы бюджетинде каралган эмес деп тапты.

Кайрымдуулук жана бекер таратылган машинелер

“Кумтөрдү” башкарып турган Тенгиз Бөлтүрүк ишканага караштуу 12 машинени тараткан. Экология министри Динара Кутмановага 2014-жылы чыккан "Тойота – LC 200" жол тандабасын тапшырган. Баасы – 62 миң долларлык машине министрликке берилген. “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна” 74 миң долларга бааланган “Мерседес” тийген. 10 автоунаа жөнүндө маалымат айтылган жок. Эсеп палатасы берилген автоунааларды компанияга кайра кайтаруу керек экенин билдирет.

Тенгиз Бөлтүрүк башында турган “Кумтөр” кайрымдуулук менен демөөрчүлүккө дагы каражат бөлүп турган. Эсеп палатасы Бөлтүрүк өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, демөөчүлүк жана кайрымдуулукка жалпы 237 млн. сом короткон деп жазат.

"Кумтөр Голд Компани" компаниясын убактылуу сырттан башкаруу учурунда, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин жалпы наркы 62,2 миң доллардык 25 алтын медал даярдалган. 25 медалдын тогузу ушу тапта кайда экени белгисиз, калганы компаниянын кассасында сакталуу деп айтылат Эсеп палатасынын отчетунда.

Айтор, 63 мыйзам бузуу тууралуу кеңири баяндаган Эсеп палатасынын отчетунда өндүрүш, ишканага керектүү техника, күйүүчү май сыяктуу иштерге жумшалган акча дагы жазылган. Маселен, "Кумтөр Голддогу" тышкы башкаруу учурунда кенди жер алдынан казуу иштери техникалык экономикалык негиздемеси жок башталып, 1 млн. 300 миң доллар сарпталган деп жазылат. Аудиттин жыйынтыгын бул жактан окусаңыз болот.

Тенгиз Бөлтүрүк айыптоолорду четке кагат

Эсеп палатасынын соңку отчету тууралуу Бөлтүрүк же анын адвокаты азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин коррупцияга айыпталып камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасы жана "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ачык кат жолдогон. Анын катын жактоочусу Кайсын Абакиров 23-январда Фейсбуктагы баракчасында жарыялаган болчу.

Анда Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр жана холдинг боюнча толук отчет тапшырууга мүмкүнчүлүк берилбегенин, “Кумтөр Голд Компанинин” 2021-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу E&Y ("Эрнст Энд Янг") эл аралык аудитордун отчеттору жарыяланбай туруп, өзүнүн жана ишкананын жетекчилеринин каржылык мыйзам бузууларга айыпталып кармалышы коомчулукта түшүнбөстүк, нааразылык жаратканын айткан. Мындай көрүнүш жана “Центера Голд” менен келишимде негизги оюнчу болгон кишинин каржылык мыйзам бузууларга айыпталышы өлкөнүн аброюна, инвестициялык абалга көлөкө түшүрөрүн белгилеген.

Ал Кумтөр боюнча тергөө, сот калыс болорун, айыпталган ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги караларына ишеним артып жатканын жазган.

“КГК (ред: Кумтөр Голд Компани”) жетекчилеринин жаңы кыргыз командасынын натыйжалуу менежменти биз мурдагы канадалык жетекчиликке караганда Кумтөрдү ийгиликтүү башкара аларыбызды далилдеди жана 2021-2022-жылдардагы КГК ишинин мыкты жыйынтыктары бул фактыны таамай тастыктап турат.

Кумтөрдү эл аралык соода биржасына чыгарууга даярдап баштоо жана акцияларын ачык жайгаштыруу үчүн КГК убактылуу башкаруучусу иштеген мезгилдеги жетекчиликтин аброюн калыбына келтирүү Кыргызстандын коомчулугунун жана Батыш инвесторлорунун алдында өтө маанилүү.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинде биз алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана КГКны Сингапурдагы биржага чыгарууга даярдап баштаганбыз. Кумтөрдүн биржадагы күтүлгөн баалоосу 2024-жылдын IV кварталында 6-7 млрд. АКШ долларын түзөт”- деп жазган (Бөлтүрүктүн ачык катынан үзүндү өзгөртүүсүз берилди-ред.).

Бөлтүрүк “ишкананын кайсы бир пайыз акциясын сатуу менен казынадагы дефицитти жаап, Жетим-Тоо, ГЭС долбоорлорун баштоого каражат табылмак” деп жазган. Катынын аягында ушул тапта Кумтөрдө кесипкөй адистер тартыш болуп жатканын кошумчалаган. Эгер азыркы жетекчилик ырааттуу саясат жүргүзбөсө, кен казуу эки жылдан кийин токтойт деп эскерткен.

Мындан кийин "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына 24-январда жооп берген. Анда Бөлтүрүк бул ишкананы бир жылдан ашык башкарганы, өзгөртүп-өнүктүрүүгө болгон мүмкүнчүлүк берилгени, бирок реалдуу кадамдар жасалбаганы жана жетекчи катары кемчилик кетиргени белгиленген.

"Кылмышка шектүүнүн "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын каражатынын коротулушу тууралуу каты ишкананын жетекчилигинин таң калуусун, түкшүмөлүн жаратты. Тенгиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык башкарды. Ага анын долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүк берилген. Катуу билдирүүлөрү жана чоң айлык акыга, гонорарга сырттан күмөндүү адамдарды ишке тарткандан башка реалдуу кадамдар жасалган эмес. Анан калса "Кумтөр" ошондон бери анын "ийгиликтүү" башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп келет. Жаңы жетекчилик компаниянын өнүктүрүүнүн 2031-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыкты. Геологиялык чалгындоо өз нугунда толук жүрүп жатат. Адистердин эсебине ылайык, карьерден 135 тоннадан ашык алтын алса болот, дагы 112,6 тонна алтын калдык сактоочу жайда бар. Балким, Тенгиз Бөлтүрүк өзү тууралуу эске салып, ал алмаштырылгыс кызматкер экенин көрсөткүсү келип жаткандыр. Бирок, убакыт көрсөткөндөй, компанияны башкарып турганда Тенгиз Бөлтүрүк аны Кумтөрдүн каражаты сыяктуу эле максатсыз колдонгон. "Кумтөр Голд Компани" Тенгиз Бөлтүрүккө жеке максаттарына жетүү үчүн компаниянын атын колдонбоону көптөн-көп суранат", - деп жазылган ишкананын катында.

Тенгиз Бөлтүрүк деген ким?

Тенгиз Бөлтүрүк 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институтун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

“Центерра Голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Тенгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Май спрогнозировали россиянам синоптики



Жизнь

Российская империя в фото 40




Українські новини

Депутат Миколаївської облради Кормишкін вперше опублікував своє весільне фото



Новости 24 часа

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.



Game News

Star Wars: Hunters выпустят по всему миру в начале июня



Москва

Бесплатные переводы самому себе, доплаты к пенсии и акцизы на вино: Что изменится в жизни россиян в мае



News Every Day

13 Crops You'd Be INSANE Not To Plant in May



Настроение

Заря на Колодозере....



Москва

Конспирология, заговоры и не только...



Булат Окуджава

В Австралии отметили столетие Булата Окуджавы



Москва

Макрон придумал способ, как повлиять на Путина. Эльман Пашаев вызывает уважение. Сербия хочет вступить в ЕС, а не в БРИКС



Андрей Рублёв

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта



Москва

Культура России: как прошёл конкурс бурятского языка для детей в Бурятии?



Владимир Путин

В России после переизбрания Путина началась широкомасштабная зачистка чиновников. Аресты идут один за другим



Симферополь

В Симферополе проведен рейд по бывшим мигрантам



Москва

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"



Москва

Сергей Собянин. Главное за день



Москва

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Бесплатные переводы самому себе, доплаты к пенсии и акцизы на вино: Что изменится в жизни россиян в мае

Культурная неделя: выбор «Известий»

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

«Автодор» попросил водителей заправляться заранее после очередей на АЗС на М-12


Москва

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"






Rss.plus

Врач Тяжельников рассказал, какое мясо лучше всего подходит для шашлыка

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Песня

Рассылка Песни или Музыки на все Радиостанции России, СНГ и Мира, а также по всем СМИ России.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Спартак» обыграл «Динамо» 2:0 в полуфинале Пути регионов Кубка России

"Спартак" обыграл "Динамо" в полуфинале Пути регионов Кубка России

На стадионе в Москве, таджики и узбеки, проигравшие русским футболистам со счетом 13:0 устроили массовую драку с нашими ребятами


WTA

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Даниил Медведев

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России