Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Жер мунапысы: Үйү түрттүрүлгөн келин, президенттин убадасы

Жер мунапысы: Үйү түрттүрүлгөн келин, президенттин убадасы

Президент Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектеги Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин окуясынан кийин аталган конушка барды.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукканын билдирди.

"Бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен. Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан. Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда. Президент Жапаров териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди", - деп жазды Султанбаев Фейсбукка.

"Азаттык" биринчилерден болуп үйү бузулуп, балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотова тууралуу материал даярдаган. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр ушул жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылган.

 

Султанбаев жарыялаган видеодо президент Садыр Жапаров өзү менен чогуу барган башкы прокурор Курманкул Зулушевге мындай тапшырма берген:

"2017-жылы ким кызыл китеп алган болсо мораторийден... Берген кишини дагы... Мамлекеттик каттоо, азыр депутат деп атпайбы, депутат экенине карабагыла. Бул 15 жылдан бери мафиялашып кеткен. Милиция, сот, прокурорго да берет, алар калкалап... Бул бүгүн эле башталган эмес, илгертен бери келаткан ызы-чуу. Эч кимге карабай жоопко тартасыз", - деди ал.

Квартал башчысы Мирбек Осмонов чогулган эл кызыл китеп алалбай жатканы тууралуу маселе көтөргөнүн айтты.

"Жер ээлери тоскоолдук жаратып, ошонун негизинде жер мунапысы боюнча чыккан токтомдун 27-пунктундагы "жеке менчикке ээлери аркылуу" деген жерин жокко чыгарып берүүнү өтүнүштү. Президент ошол жерден эле токтомдогу ушул сөздү жокко чыгарып, жерди түз элге бергиле деп айтты. Андан сырткары жогорку чыңалуудагы электр энергиясы тууралуу маселе козголду. Үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келинге өзүнүн атынан Бишкектен батир берүүнү убада кылды",- деди Осмонов.

Жогорку сот Бишкектеги төрт баласы менен көчөдө калган келинге байланыштуу комментарий берип, соттун бардык инстанцияларында ал келин үйдү мыйзамсыз куруп алганы анык деген чечим чыкканын, сот аткаруучулар 1-мартта үйдү бузуу тууралуу чечимди аткарганын билдирген.

Марал Шаболотованын жашоосу тууралуу "Азаттыктын" 3-мартта жазган макала, даярдаган видео баяны төмөндө:

Төрт баласы менен бара турган жери жок көчөдө калган Марал Шаболотованын айтымында, үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алган. Бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаган. Чыр ушул жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, иш Толкун Самудинованын пайдасына чечилген.

"Жашап аткан үйүмдү кошунам түрттүрүп салды. Жогорку Сот 2022-жылдын 1-октябрында чыгарган чечимди сот аткаруучулар ишке ашырды. Үйдү түрттүрүп жатканда жолдошум ооруканада, мен жумушта элем. Үйдө беш жана үч жаштагы эки баламды пенсиядагы апам карап калган. Апам "кое тургула, кызым келсин" деп суранган экен. Ага карабай эшикти талкалап киришип, апамды сүйрөп чыгышыптыр. Мен жумуштан жетип келсем, тамдын бир эле бөлмөсү калыптыр. Азыр ким "менин үйүмө түнөп кет" десе, ошол жерде жашап атабыз, күндүз ушул жерде эле күнүбүз өтөт. Улуураак эки балам окууга бара албай калды. Буга чейин үй турган жерге мунапыс алуу үчүн документ топтогом. Айыл өкмөткө тапшырсам, "аз күндө колуңа кызыл китеп тиет" дешкен".

Бишкектин жака белиндеги Ак-Ордо конушундагы төрт сотых жерди Марал 2012-жылы жеке колдон сатып алып, бир жылдан кийин эки бөлмөлүү үй тургузган.

Бирок келиндин жерин соңку беш жылдан бери коңшусу талашып, соттук териштирүүлөр жүрүп келген.

Сотто утуп алган Толкун Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтууда. Анын белгилешинче, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийген.

"Талашка түшкөн бул жер трансформация болгонун билбей, түшүнбөй жатат, жер айыл чарба багытында эмес. Мага беш жолу атайы комиссия келип текшерип, топосъемка да жасаган. Жер алуу үчүн 2005-жылдан бери айыл өкмөттө кезекте туруп, 2009-жылы Марал Шаболотова талашып аткан жер мага тийген болчу. Өзүм жашаган үй күйөөмө таандык жерде турат, себеби ал да ушул жерди кезекке туруп алган. Ошол жылдары таанышканбыз. 2017-жылы жерге кызыл китеп алдым. Меники бардык жагынан мыйзамдуу. Марал менен бир пикирге келип, сүйлөшүүгө аракет кылдым. Үй сала баштаганда мыйзамсыз экенин эскерткем, уккан жок. 10 миң доллар берейин, жерди бошотуп бер дегениме да көнбөдү. Мен бул жерди сатып, башка жакка кетем".

Сокулук райондук кадастр филиалынын башчысы Айтмамат Шоруков "Азаттыкка" үй бузулган аймак трансформация болгону азырынча белгисиз экенин, бирок Самудинованын колундагы кызыл китепте "айыл чарба багытындагы жер" деп жазылып турганын билдирди. Ал маселенин чоо-жайын дагы аныктай турганын айтты.

Ак-Ордо конушунун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылышты.

Эл чогулган жерге Сокулук районунун милиция башчысы, район акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук районунун кадастр филиалынын башчысынын милдетин аткарып турган Айтмамат Шоруков келди.

Топтолгон эл квартал башчысы Тилек Койбагаровду "жер сатуу мафиясына аралашкан" деген жүйө менен ташбараңга алмай болгондо аны милиция куткарып кетүүгө үлгүрдү.

Чогулгандар ошондой эле соттон жеңип чыгып, кошунасынын үйүн сот аткаруучуларга түрттүргөн Толкун Самудинованы да ур-тепкиге алышты. Ал жашаган үйгө кирүүгө аракет кылышканда милиция токтотуп калды.

Район акими Курбанбек Айтибаев чогулгандарды тынчтандырып, бардык маселени мыйзам чегинде чечүүгө аракет кыларын, ага чейин көчөдө калган үй-бүлөгө убактылуу жашап туруу үчүн контейнер берилип, электр жарыгы, суусу калыбына келтирилерин убада кылды.

Чогулгандардын бири Мирбек Осмонов президент Садыр Жапаровдун жер мунапысы жөнүндө жобосу чыккандан бери жер саткандардын "соодасы" кызып, мындан улам коррупция күчөгөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

"Убагында жер саткычтар ынтымакташып иштеп, ортомчулар аркылуу 10-15 гектар жерлер менчикке өтүп кетти. Маселенин баары ошондо жатат. Себеби, дал ошол адамдар элге ишеним кат менен жер саткандан кийин мурда өзү иштешкен ортомчуларды жокко чыгарып, жер алгандарга "сага мен саткан эмесмин" деп танып жатышат. Алар "ким ишеним кат берсе, ошондон сурап ал" дегенге чейин барышууда. Айласы кеткендер тамы салынып калган жердин башын бошотуп алуу үчүн аларга 500-1000 доллар чейин берип, камактан чыгарып, кээси кайрадан сатып алууга аргасыз болууда. Чоң коррупцияга жол ачылды, жер мунапысына байланыштуу жободо "жеке менчик ээсинин каалоосу менен" деген бөлүк элди кыйнап атат. Ортомчуларын жокко чыгарган көк китептин ээлери ортодон акча жасап, ансыз да кыйналган элдин жонунан кайыш тилүүдө. Азыр 15 миң түтүн жашаган Ак-Ордо боюнча болгону 300гө жетпеген киши кызыл китеп алды. Мындай көрүнүш улана берсе, эл толкуйт".

Элдин мүлкүнө кызыл китеп берүүнү тездетүү талабын айткан тургундар Сокулук районунун акимине тилкат жаздыртып алды. Анда аким жерлерди мыйзамдаштырууга активдүү катышып, элдин колуна документ берүүге аракет кылуу милдетин алган.

Үйсүз калган Марал Шаболотовага коңшулары акчалай жардам чогултуп, ашар жолу менен ошол эле жерге үй салып берүүнү көздөп атышат. Банктык эсеп ачышып, элден да жардам сурай турганын билдиришти.

"Азаттык" бул окуянын жүрүшүнө мындан ары да көз салып турмакчы.

Жер мунапысына байланыштуу нааразы тараптар буга чейин да чогулган. Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары февраль айынын экинчи жарымында Чүй облустук адмиинстрациясынын алдына, 2-мартта Башкы прокуратуранын алдына акцияга чыгышкан. Анда алар кызыл китеп берүү боюнча тизмеде белгисиз адамдардын да аты-жөнү тизмеге илингенин айткан болчу.

Жер мунапысынын таржымалы

Кыргызстанда былтыр жарыяланган жер мунапысы алкагында 546 гектар жер трансформация болгонун айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов 22-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирген.

Анын айтымында, жалпысынан 89 миңден ашуун арыз түшкөн, аларды райондук акимчиликтерде түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. Соңку маалымат боюнча, 12 миң 441 техникалык паспорт берилди.

2021-жылдын 18-ноябрында Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жашаган тургундар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Алар менен жолуккан президент Садыр Жапаров тийиштүү адистер менен иш жүргүзүлүп жатканын, бул процессти 2022-жылдын 1-апрелине чейин жыйынтыктоо керектигин белгилеген жана мындан ары жер басып алгандар жоопко тартыларын айткан.

Натыйжада “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” деген мыйзам ошол жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеште кабыл алынып, 5-апрелде ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирген. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин үй салынып калган жер тилкелерин камтыйт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Более 39 млн рублей направлено на летний отдых и оздоровление детей-сирот в Архангельской области



Мода

Лучшие образы на лето, от которых захватит дух




Українські новини

Монтаж димоходів та вентиляційних систем у Києві



Новости 24 часа

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде



Game News

Моя Говорящая Кошка 3.2



Москва

Захватывающий мир онлайн-казино Vavada



News Every Day

Vavada Casino: a Leader in the Online Gaming Industry



Блоги

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»



Москва

"Газета.Ru" представляет самые яркие кадры прошедшей недели



Александр Розенбаум

Александр Розенбаум поздравил коллектив областного онкодиспансера с Днем медицинского работника



Москва

Газзаев: сборная Германии доказала, что будет бороться только за победу на Евро



Уимблдон

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде



Москва

Айтека — широкий спектр медицинских данных и сервисов



Желдорреммаш

Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности



Симферополь

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире



Москва

Кинопродюсер.



Москва

Собянин рассказал, как электробусы помогают улучшать экологическую ситуацию



Москва

травят изгоя писателя на районе даже менты тоже



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

«Верю в судьбу». Московский реаниматолог рассказал о работе

Тишковец: на следующей неделе в Москве снова ожидаются ливни

Певица Семенович заявила, что не считает поздней беременность в 41 год

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»


Москва

Кинопродюсер.






Rss.plus

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Moscow.media
Москва

Собянин: В этом году к проекту «Открой#Моспром» присоединился один миллион человек



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Найк Борзов

Найк Борзов, Therr Maitz, ZOLOTO и еще четыре десятка концертов за 2 дня




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе

Роман Костомаров поучаствовал в боксерской тренировке в Москве

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире


WTA

Самсонова вышла в четвертьфинал турнира WTA в Хертогенбосе



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

В Крыму хотят создать профессиональную хоккейную команду



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России