Чукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал
![Чукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал](https://gdb.rferl.org/360D6244-3D59-48D7-955F-874CD5833440_w800_h450.jpg)
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 8-мартта саат 16.00дар чамасында Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым аймактарында ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал болору эскертилген.
Аталган министрлик буга чейин мындай учурда машинелерди бак-дарактардын, имараттардын алдына токтотуу опурталдуу экенин белгилеген.
Өлкөдө катуу шамалдын айынан үйлөрдүн, имараттардын чатырлары кыйрап, бак-дарактар сынып автоунааларды жана адамдарды басып калган учурлар болгон.