Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 10-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,
Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…+2.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.