Орунбеков АКШ элчиси менен маалымат тармагында кызматташууну талкуулаганын билдирди
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, өлкөнүн маалымат айдыңындагы кызматташуу маселесин талкуулашты.
Бул тууралуу 30-мартта Орунбеков 30-мартта билдирди. Ал жолугушууда кыргыз тарап сөз эркиндиги жана демократиялык коомдун принциптерин карманарын, Кыргызстанда көз карандысыз медианын иши үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтканын маалымдады.
"Бизде бардык медиаларга карата бир гана талап бар - жалган маалыматтарды таратууга тыюу салган улуттук мыйзамдарды сактоо, маалымат таратууда бейтараптуулукту кармануу, өзгөчө чыр-чатак жана согуштук кырдаалда", - деди Орунбеков.
Маалыматка караганда, элчи Лесли Вигери сүйлөшүү учурунда Кыргызстан сөз эркиндигин коргоонун принциптерин карманган жана күчтүү жарандык коому бар өлкө катары кала берерин айтты.
Тараптар "Азаттык Медиа" мекемесинин айланасында кырдаал тууралуу да сүйлөшүп, "Азаттыктын" көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүүдөгү өзгөчө ролун белгилешти.
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон. Министрлик эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.
Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат.
Банк эсептер менен сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.
Март айынын башында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.
Эл аралык уюмдар, АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. Буга чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырган.
Ушул тапта 20дан ашык саясатчы, блогер, активист Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта отурат.(ZKo)