Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Акыйкатчынын милдетин экс-прокурор аркалайт

Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны шайлады. Анын талапкерлигин парламенттеги бийликчил "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясы сунуштаган. Коомчулук мурдагы прокурордун акыйкатчылыкка шайланышын түрдүү кабыл алды. Айрымдар социалдык медиада "бул кызмат бийликтин кол баласына айланды" деген пикирлерин жазышты.

"Ата-Журт-Кыргызстан" Жаманбаеваны сүрөдү

Парламент ушул айдын башында "канааттандырарлык иштей алган жок" деп кызматтан алган Атыр Абдрахматованын ордуна жаңы акыйкатчы болуп Жамиля Жаманбаеваны шайлады.

Парламентте Жамиля Жаманбаева 48 добуш алса, анын атаандашы 52 жаштагы Бакыт Рыспековго 20 депутат добуш берди.

Жаманбаеванын талапкерлигин Абдрахматованы кызматтан алууга демилгечи болгон бийликчил "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясы сунуштаган.

17-майдагы парламент жыйынында Жаманбаевага атаандаш болуп оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы сунуштаган Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков чыкты.

Бул эки талапкерден башка "Альянс", "Ынтымак" фракциясы көрсөткөн мурдагы депутат Мирлан Жээнчороев добуш берүүгө чейин кызматтан баш тартса, "Ыйман Нуру" фракциясы сунуштаган Күлира Кубатова парламент жыйынында талапкерлигин алып салды.

Ал Жаманбаева акыйкатчылыкка шайланса, аны менен иштөөгө даяр экенин билдирүүгө жетишти.

Бийликке көз карандысыз акыйкатчынын кереги жокпу?

17-майдагы Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда айрым депутаттар "мурдагы прокурор Жаманбаева адамдын укугун кантип коргойт" деген күмөн санап жатканын жашырган жок.

Маселен, депутат Дастан Бекешев Жамиля Жаманбаева бийликтин сөзүн эки кылбаган "кол бала акыйкатчы" болорун эскертти:

“Мен сиздерди түшүнүп турам. Кимиңер өтөсүңөр билбейм. Биз бир эле жолу жашайбыз, ошондуктан жеке абийир үчүн ар бир жарандын укугун коргоп, бийликтин адамы болобу, бийликке каршы адам болобу жан тартпашыңар керек. Кызмат убактылуу, бирок абийир керек. Эртеби-кечпи убакыт жакшы же жаман деп баалайт. Тилекке каршы, бүгүн акыйкатчы кызматына кыйкырбаган, эч жакка жазбаган, эл аралык уюмдарга кайрылбаган, саясий укукка келгенде унчукпаган адам керек экен. Мындай мамиле менен эч нерсе кыла албайбыз”.

Жамиля Жаманбаева талапкер катары өзүнүн программасында адам укугу, жарандардын социалдык укуктары жана акыйкатчынын аппаратын ирээтке келтирүү багытында иш алып барарын белгиледи.

“Сиздердин колдооңуздар менен акыйкатчы кызматына шайлансам, төмөндөгү кадамдарга биринчи барат элем. Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды анализдөө, Акыйкатчы институтундагы кадрдык саясатты жөнгө салуу. Себеби акыркы кезде депутаттарга келип түшкөн кайрылуулар, аппараттагы кызматкерлердин өз ыйгарым укуктарын аткарууда чектеп, башка кызыкчылыктарга жол берилгендиги байкалат. Аппараттын ишин тийиштүү деңгээлде уюштуруп, коомдо резонанс жараткан окуяларга гана көңүл бурбастан, ар бир түшкөн кайрылуу көз жаздымда калбашы абзел”.

Мындан сырткары айрым эл өкүлдөрү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы, абактагы мигранттар, алардын укуктарына байланышкан маселе курч экенин айтып, ага өзгөчө көңүл буруу мезгилдин талабы дешти.

Депутат Жанар Акаев акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады.

Ошентип добуш берүүдөн кийин депуттар арасында талаш-тартыш маселе жаралды.

Депутат Гуля Кожокулова "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамда бул кызматка талапкер кеминде 50 депутаттын колдоосуна ээ болушу керектиги жазылганын айтып чыкты.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам конституциялык мыйзам экенин, эки мыйзам бири-бирине каршы келип калганда, ошол мыйзам үстөмдүк кыларын билдирди.

Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев шайлоо жараяны "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык жүргөнүн, эки мыйзам тең конституциялык мыйзам эмес экенин белгиледи.

Ал мындай учурда Конституцияда каралган нормаларга ылайык чечим кабыл алынарын, ошол себептүү көпчүлүк добушту алган талапкер утуп чыгарын түшүндүрдү.

Ошентип Кыргызстандын кезектеги акыйкатчысы болуп Жамиля Жаманбаева шайланды. Соңку парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен катышып, бирок мандат алган эмес.

Бийликчил партиянын Акыйкатчы институтуна барышын "кезектеги талапкерге кызмат алып берүү" катары бааланды.

Медиа эксперт Айбек Турдалиев жаңы акыйкатчы кандай иштерин убакыт көрсөтөрүн бирок анын айрым жоопторуна кооптонуп турганын жашырган жок.

“Баарыбызга маалым болгондой прокурор мамлекеттик айыпталуучу катары сыпатталат. Анан бүгүн Жогорку Кеңеште эркин медиага кысым болуп жатабы деген суроого “Билбейт экем, көп жылдан бери бул тармакта иштеген эмесмин” дегендин өзү аябай кооптуу. Себеби жогорку кызматка бараткан адам Кыргызстандагы болуп жаткан ар бир окуяга көз салып турушу керек. Эркин медиага, журналисттерге, активисттерге, оппозициядагы саясатчыларга мамлекет тарабынан коюлуп жаткан айыптоолорго жаран катары баасын бериш керек эле. Тилекке каршы, андай жоопторду уга алган жокпуз. Анын мындан аркы ишине алдын ала баа берүүдөн алысмын. Бирок бүгүнкү комментарийи кооптондуруп койду”, - деди Турдалиев.

Мурда айыптоочу болуп иштеген Жаманбаеванын акыйкатчы болуп дайындалышы социалдык тармактарда да кызуу талкуу жаратууда. Деген менен, укук коргоочу Динара Ошурахунова акыйкатчы болуу үчүн кандай кызматта иштеп келгени маанилүү эмес деп эсептейт.

"Бизде акыйкатчы чекист деле болгон да. Саясатчы, журналист деле болгон. Укук коргоочудан башка баары акыйкатчыга талапкерлигин көрсөтө алат. Анткени мамлекетик кызматтагы тажрыйба керек. Чекист деп Токон Мамытовду да аябай сындаганбыз. Бирок ал жарандык коом менен, укук коргоочулар менен жакшы иштеди. Баарыбыз менен иштешип, ачык болду. Ошондуктан прокурор болобу же башкабы негизгиси акыйкатчынын ролун, иштөө принциптерин жакшы түшүнүп, бийликке көз карандысыз болсо болду".

Иш жүзүндө акыйкатчы укугу бузулган жарандардын арыз-муңун угуп, жабык жана башка жайлардагы мыйзам бузууларды ашкере кылышы керек. Ал эми прокуратура тармагынан келген Жаманбаева буга даярбы деген суроо турат.

Мындай күмөн саноолорго Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңеште төмөнкүчө жооп берди:

“Прокуратура органдары мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Ал эми акыйкатчы жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзөт. Ошондуктан акыйкатчы менен прокуратуранын функциялары кандайдыр бир деңгээлде айкалышат. Иш тажрыйбам адам укуктарынын системдүү бузулушунун себептерин аныктоого мүмкүндүк берерине ишенем”.

Жамийла Жаманбаева деген ким?

46 жаштагы Жамиля Жаманбаева Улуттук университеттин юриспиденция адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы болуудан баштаган.

2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы киргизилген. Укук коргоо органдары жана сот бийлигине ишеним төмөн болгон Кыргызстанда бул кызмат жарандардын арыз-муңун кабыл алчу, укугун коргоого көмөкчү болчу түзүм катары кабыл алынат.

Акыйкатчыны парламент шайлап, бирок башка мамлекеттик органдарга көз каранды болбошу керек. Парламент бул институттун ишине кийлигишип, бийликке көз карандысыз болгондорду кызматтан алууну адатка айландырганын жарандык коомдун өкүлдөрү белгилеп келет.

Мындай учур акыркы жолу май айынын башында кызматтан алынган Атыр Абдрахматованын окуясында көрүндү. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар Абдрахматованын кызматтан алынышын сындап чыгышкан.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске



Мода

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)




Українські новини

Estischool - Школа за британською програмою



Новости 24 часа

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"



Game News

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Москва

Производство инновационных биотехнологических лекарств появится в Москве



News Every Day

LIV Golf’s Sergio Garcia misses out on U.S. Open spot, but still has chance to play



Авто

На западном объезде Южно-Сахалинска забивают сваи моста через реку Владимировка



Москва

В России объединят возможности отечественных производителей для создания игровых приставок



Рихард Вагнер

В Зарядье покажут постановку Рихарда Вагнера «Летучий голландец»



Москва

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России



WTA

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.



#123ru.net

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»



Симферополь

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»



Москва

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице



Москва

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС



Москва

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Relax-медитация объединит города России

Росздравнадзор штурмует клинику хирурга Тимура Хайдарова


Москва

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования






Rss.plus

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Карди Би

Карди Би все-таки выпустит альбом в 2024 году




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве

Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»


WTA

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России