Көлдө өспүрүмдүн уурдалышын милиция териштирүүдө
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде 12 жаштагы өспүрүм уурдалганы тууралуу маалыматты милиция териштирип жатат.
Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция баланын уурдалышына байланыштуу тарап жаткан кабарларды ырастаган жок. Толук маалымат кечирээк берилерин белгиледи.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары 20-июлда Бостери айылындагы пансионоттардын биринен 12 жаштагы бала уурдалганын жазышкан.
"Кактус медиа" басылмасы ишенимдүү булактарына таянып, эки адам баланын энесине чалып, 300 АКШ долларын талап кылганын жазды. Бала кийин Кемин районунун аймагынан табылган.
Кыргызстандын Жазык кодексине ылайык, адам уурдалган учурда 170-берене менен иш козголот. (MKt)