Прага: 60 миңдей киши бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну талап кылышты
Чехиянын борбору Прага шаарында бүгүн, 12-августта ири гей-парад болуп өттү. Полициянын мааалымдашынча ага 60 миңдей адам катышты. Парадга катышкандардын арасында ички иштер министри Вит Ракушан жана тышкы иштер министри Ян Липавский да болгонун Dpa агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, параддын катышуучулары ЛГБТ символикалары менен кийинип, шаар аралап жүрүштү. Алар бир жыныстуу никени расмийлештирүүнү да айтышты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары ошол эле учурда ондогон адамдар гей-парадга каршы "Чехия - Содом эмес!" деген жазуу менен чыгышты.
Dpa агенттиги өлкө калкынын 60% бир жыныстуу никени колдой турганын сурамжылоолорго таянып жазды. Июнь айында бир жыныстуу нике тууралуу мыйзам биринчи окуудан өткөн.
Чехиянын Жарандык кодексине өзгөртүүлөр кирсе, бир жыныстуу никедеги адамдар аял-эркек никесиндегидей укуктарга ээ болушат.
Өлкөдө бир жыныстагы адамдардын жарандык өнөктүгүнө 2006-жылы уруксат берилген.