Санариптик өнүктүрүү министри Имановдун кызматтан кеткени кабарланууда
Санариптик өнүктүрүү министри Талант Имановдун кызматтан кеткени кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" өкмөттөгү ишенимдүү булактары кабарлап, ал башка кызматка өтөрү күтүлүп жатканын айтышты.
Санарип өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да элек.
7-сентябрь күнү айрым маалымат каражаттары Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министри кызматын тапшырып, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигин жетектөөгө барат деп жазышты.
Талантбек Иманов Санарип өнүктүрүү министри кызматына быйыл январда дайындалган. Коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын санарип министрлигинин башына келгени талаш-талкуу жараткан.
Министирлик кызматына чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан.
Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөөлөрдү жарыялаган. Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерек комментарий берип, дооматтарды четке каккан.
Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.(ZKo)