Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Ата тарбиясы жана Айтматов 29.12.08

16-декабрда Кыргыз-түрк «Манас» университетинде Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына арналган илимий жыйында А.Эркебаев, О.Ибраимов, А.Садыков, А.Муратов, А.Алимбеков, Т.Ибраимов ж.б. окумуштуулар жазуучунун чыгармаларын талдап, кинодогу иштерине, маданияттагы ордуна токтолду. Алардын ичинен биз Абдыкерим Муратовдун баяндамасын айрым кыскартуулар менен сунуш кылабыз.

Чыңгыз Айтматовдун балалыктагы таалим-тарбиясында анын атасынын өзгөчө орду болгон, ал киши белгилүү мамлекеттик жетекчи, сабаттуу, билимдүү, маданияттуу, өз ишине берилген адам эле. Жамбылдагы Олуя-Ата аттуу орус мектебин бүтүргөн, тагдыры татаал да, тарбиялуу да инсан катары жашап, артында из калтырат. Чыңгыз-бала Араванда иштеп атканда анын кайырчыларга адамгерчиликтүү мамиле кылганын, сурамчы-тилемчилерге акча берип жүргөнүн көрүп өстү. «Бир ирет атам менен Анжианга жөнөдүк. — Жазуучу 1934-жылдыгы окуяны ушинтип эскерет. — Мен үчүн бул сапар унутулгус бир окуя болгон. Анжиан — ошол мезгилде Фергана өрөөнүндөгү эң ири шаарлардын бири эле.
Жол аябай узак болду. Биз улам-улам тыныгып, анан кайра жүрүп отурдук. Жол ката көп адамдар атам менен бир нерселерди сүйлөшүп, андан масылаат сурап атышты. Элдин жашоо жагдайы ушунчалык бир аянычтуу, оор мезгил эле. Кандай гана суроолор берилсе да, атам алардын баарына үмүттөндүрүүчү жоопторду берип, кеңешин айтып отурду. Көпчүлүк калк агезде жаңыча жашоо-турмуштун түпкү маңызын түшүнө албай, ара жолдо арасат турган. Колхоздоштуруу мына ушул маселени чечмек. Жалгыз үмүт ушул жамаатташтыруу жагында болгону менен турмуштун оор шарты элдин белин бекем басып, ныгырып жаткан. Ошол кыйынчылыктын баары бир адамга — акылдуу, ар дайым активдүү, чаалыкпай иштеген атама жүктөлгөндөй…» (Айтматов Ч. «Балалыгым». — Стамбул, 2003 — 27-б.).
Мына ушул окуя-эпизоддон Төрөкул ата катары уулу Чыңгызга эзелтеден келаткан баба салты менен жертаанытуу, крайга саякаттоо милдетин аткарганын көрөбүз. Мейли ал Фергана талааларын кыдыртабы, Анжианга алып барабы, Фрунзе шаарын көрсөтөбү, Москвада ээрчитип жүрөбү, мына ушулардын баарында өзүн эрудит-экскурсовод жана таалимчи-ата катары демонстрациялай билет.
Өйдөдөгүдөй ата-бала саякаты кийин жазуучунун «Эрте келген турналар» повестинде кайра жаралып, сүрөткердин чыгармачылыгында жаңы боектор менен сүртүлүп чыккандай. Төрөкул менен Чыңгыз — ата-бала Анжианга экскурсияга барса, аталган повесттеги Беккул менен Султанмурат — ата-бала Жамбулга саякатка барат. Турмушта да, көркөм чыгармада да башкы көңүл атанын балага жер таанытуусу, турмуш үйрөтүүсү менен байланышат.
Кыргыз элинин салтынын, каада-ырасымынын билерманы катары Ч.Айтматов үй-бүлөдөгү ата менен баланын бири-бирине тарбиялык таасирин, ар кимисинин үй-бүлөдөгү милдет-вазийпаларын көркөм аңдаштыруудан өткөргөн жана аны интерпретациялоо үчүн типтүү кыргыз үй-бүлөсүнүн алкагына алып келген. Анжианга барган окуя бала дилинде аябай орноп калган белем, кийин ал ошол бойдон «…турналарга» келип кирди, Султанмурат эске түшүргөн атасы менен болгон окуялардын баарында элдик тарбиянын орошон үлгүлөрү жатат.
Анын бири — атасынын уулун жерди, элди, турмушту көрсөтүү үчүн Шекерден Жамбылга кошо ала барышы. Куду бала Чыңгыз Аравандан Анжианга баргандай. Ага чейин ошол күнү таң менен баласы Султанмуратты эрте ойготкон апасы «былтыр атасы Чүй каналынан апкелген начальник кийчү чоң шапке, ошондон бери катып жүргөн батинкени кийгизди». Бул эмне деген салт, бул кандай тарбия? «Начальник кийчү чоң шапке» дегени эмне, неге начальник кийчүүнү баласына берип атат? Бул — ата-эненин баласына ырым кылып, ал адамды тартсын, жакшы кызматкер болсун деген тилеги, анын чоң адам болуп калганын белгилөө. Кыргыздардын салтында эски кийимди ыргытпаган, атаныкын балага, улуунукун кичүүгө берген. Өзгөчө жакшы адамдын кийим-кечегин атайын талашып, суранып алышкан. Тайкы тагдырлуу адамдардын кийимин өрттөп салган, андай тартууну душманына да ыраа көрбөгөн. Ошондогу ата-баланын «экскурсиясы», «крайтаануусу» накта элдик педагогиканын салттарына негизделген. «Арабанын артында уюлгуп калып жаткан чаң, чимирилген дөңгөлөктөр бир ыргакка салгандай дүпө-дүп жер сабаган туяктар, тер менен карамай жыттанган жан кайыш ат сооруларынан артыла келип, колунда оролуу божу; төбөдө бийик көктө каалгыган ак булуттар; али куурай элек, сүткө толуп турган эки тараптагы кызыл-тазыл, көк-жашыл калың чөп; суусу жол бетине жайылып, араба өткөндө дүңкүлдөтө секирткен арыктар; кээ-кээде бет алды оро-пара жолуккан арабалар, салт атчандар; арабаны калбай коштоп, аркы-терки учкан, кээде аттардын тумшук астынан кайкыган чабалекейлер — ушунун баары Султанмуратка жыргал менен кооздуктун дүйнөсү болду» (Айтматов Ч. 3 «Томдон турган чыгармалар», 2-т. — Ф.: 1982. — 143-б.). Алар эле эмес талаадагы эрмен, чачыраткы сыяктуу куурайлар, сарыбоор, карабаш сыяктуу чымчыктар, Жамбыл базары, күлкүкана, ажайыпкана, парк, чайхана, атанын достору, «ээн жолдун боюнда, айдың талаа бетинде, ачык асман астында ата-баланын уктап жатышы, бөдөнөнүн бытпылыктаган үнү» — ушунун баары ата-баланын таанып-билүүсүнүн, таанып-билүү кызматташуусунун чегинен өтөт. Анан ошондо атасы баласына аттары, аларды кантип асырап багуу, кимисине кандай мамиле кылуу тууралуу насааттарын айтат.
Жазуучунун атасы Төрөкул Айтматов да татаал тагдырдагы, өмүрү трагедия менен аяктаган инсан гана эмес, ал ошол трагедиялуу өмүр жолу менен балдарына өзгөчө өрнөк берген киши. Анын Москвада окушу да Чыңгыздын дүйнөтаанымында, тил үйрөнүүсүндө чоң мааниге ээ болгон. Москва дүйнөлүк маданияттардын тогошкон ири борбору, Чыгыш жана Батыш цивилизацияларынын ордосу эле. Бала үчүн Москва сапары өзгөчө унутулгус окуя катары анын балалыгына өчпөс из калтырды. Туугандарынын Фрунзеден жана Таластан узатыш салты баланын жүрөгүндө тууганчылык сезимдерин өстүрүп, сапарга чыгуу алдындагы улуттук салттарды көрсөткөн. «Бул узак сапар мен үчүн өмүрүмдөгү эң романтикалуу сапар болуп калды». «Ушул сапар-саякаттын эстен кеткис элестери Арал көлүндө калды. Ал мезгилде бул көл учу-кыйырсыз талаанын ортосундагы чалкыган көпкөк деңиз эле. Өмүрүмдө биринчи көргөн деңиз да ушул Арал болду. Толкундары атырылып келип, темир жолду чайкап уруп өтүп жатканы али да эсимде.
Поезд бир канча мертебе токтоп, апам менен тышкары чыгып жаттык. Байкуш апам бизди бир жамандыкка учуратып албайын деп, чебелектеп, ары жүрсө ары, бери жүрсө бери ээрчитип алат. Биз болсо баарысын көрүп калууга аракет кылып жаттык. Поезддин терезесинен деңизди көрүү биз үчүн өзгөчө бир керемет болду эми. Деңиз менен поезддин ортосунда адамдар ары-бери чуркап жүрчү. Алар казактын балык саткан балдар-кыздары эле.
Мени өзгөчө деңиздин чалкып жаткан ашкере чоңдугу жана берекелүү байманасы таң калтырды». «Арал көлүнөн соң улуу дарыя Волгага туш келдик. Анан кеңирсиген кенен талаалары, түгөнгүс жашыл токойлору менен Орусия койнуна сүңгүдүк. Акыры Москвадагы Казань темиржол бекетине жеттик. Аерде эл ушунчалык жык-жыйма. Андан кийинкисин жакшы эстей албайм».
Жазуучунун жогорудагыдай эскерүүлөрү анын жөн гана бир көрүп, кайра унутуп койчу балалык окуялары эмес, ошонун баары жүрөгүнөн өтүп, чыгармачылыгына терең из калтырган. «Кылым карытар бир күн» романындагы Батыштан Чыгышка, Чыгыштан Батышка байма бай каттаган поезддердин үнү балким анын балалыгында Москва сапарында дилине салынган шоокум болсо керек, же Арал тууралуу публицистикалык ойлору, жогорудагы романдагы эпизоддор да ошол бала чагында көкүрөгүнө уялаган көрүнүштөрдүр.
Кыргыз этнопедагогикасында ата тарбиясынын өзүнчө мааниси болгон, мисалы, европалыктарда көбүнчө үйлөнгөн эки жаш кыздын ата-энесиникинде калып, баланы эне жактагылар көбүрөөк тарбиялашат. Кыргыздарда болсо жоокерчилик замандарда атасы баласын мергенчиликке, аскер иштерине үйрөткөн, атанын минген аты, кийген кийими, колдонгон курал-жарагы атадан балага өткөн, бала жакшы чыкса «атанын баласы» деп айтышкан. Ошондон тарбияда калыптанган Төрөкул атасы Москва шаарын баласы үчүн таанып билүүнүн ири обьектисине айландырган. «Эгер жаңылышпасам, 1936-жылы Максим Горький өлгөндө Жазуучулар Үйүнө мен да баргам. Анда атам менен бирге Горькийди акыркы сапарга узатуу зыйнатына кабылгам», — деп айтканына караганда Ч.Айтматов өтө жаш чагында жазуучу болуу тууралуу балким, ошол зор урмат менен коштошуу салтанаты өтүп жаткан М.Горькийден улам ойлонгондур дейсиң. Ал бала Чыңгыз кыргыздардын ичинен эң биринчи музейлерди көргөн, кино көргөн бала болушу мүмкүн. Бир жолу Москвада «Соловей Соловушка» деген фильмди тамаша кылганы мындай эскерет: «Фильмден катуу таасир алган жаным, бир убак кино-театрдын ичинде эле буркурап боздоп ыйлай баштадым. Атам мени карап, айласы түгөндү, ордунан туруп, мени алып тышка чыгып кетейин дейт, өзү да эмне болор экен деп андан ары жагын көргүсү келет. Чыкпайын дейт, мен ботодой боздойм. Анан мага:
— Уулум, буерде ыйлаган болбойт! Кой, ыйлаба! — деп сооротот.
Ошентип ата-бала кинону акыр-аягына чейин көрдүк. Ыйлаган көздөрүм шишип, үйгө келдик. Атам аябай кейиген тейде апама:
— Бул бала неге мынча сезимтал? Баарыбызга тең эле кино таасир этти, бирок мынчалык эчкимибиз буркурап боздоп ыйлабыдык, — деп арызданган.
Атамдын бул сөздөрүнө бир аз таарына түшкөнүм менен баары бир сүйүнгөм…»
Ошентип атасы баласын искусство чыгармалары менен тааныштырып, анын жакшы окуусу үчүн кам көрөт.
1937-жыл келип атасынын башына репрессия тузагы түшкөндө, Төрөкул ошол оор окуяларды баласынын көрүшүн каалабады, «атам бир жамандык болорун алдын ала туйгандыктан, бизди өз жерибизге кайра кайтарууга камына баштады. Тагдырынын татаал жолунан карбаластап качып кутулуучу жылчык жоктугуна көзү жеткендей, ал жолдон чыга албасты сезгендей, эми бизди ошол тагдырдан алыкчылоону гана ойлонду, аны үчүн алыскы Кыргызстанга жөнөтүп ийүүнү ылайык көрдү. Бул жакта, бөтөн жерде жалгыз калуубузду каалаган жок.
Биз эмне үчүн, неге, кимден качып, кимге кетип жатканыбызды ал мезгилде анчалык аңдаган эмес экемин. Бирок, жүрөгүм сезди. Бир нерселерди дүпөйүл туйду. Буюмдарыбызды жыйнап жаткан атам менен апамдын кайгылуу жүзү, коркунуч толгон көздөрү кандайдыр бир жамандыктын жышаанын айтып турган. Баары бир атам биз менен кетмек эмес. Ага ишинен уруксат бербей койгонун да уккам. Ошол учурда атам ушунчалык эрк жетпеген кайраттуулугун көрсөттү. Бизди элибизге, кичүү иниси Рыскулбекке жиберди. Кудай жалгап, агезде ал тирүү…
1937-жылдын август айынын акыркы күндөрүндө буюмдарыбыздын көбүн сатып, керектүүлөрүн жыйнап, апам, алты айлык карындашым Роза болуп, төрт бир тууган кайра жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалынан узатты. Поезд жүрүп баратканда да эшиктери ачык болучу. Вагондордун бирөө этияты-шартка деп кошумча турган экен. Купелериндеги керебеттер эки кабаттуу. Атам бизди ошондой жайлардын бирине жайгарды. Коштошту. Апамдын ошондогу көз жашын, атамдын өзүн өзү чымырканып кармап турган олбурлуу кебетесин ошол-ошол али да көз алдымдан өчүрбөй келем…
Ошондо вагондо эл көп эле. Бири-бири менен тыгылышып, жолоочулар өз-өз купелерине жете албай издеп жүрүшкөн.
Менин атам болсо ошондо жылып бараткан поезд бир далайга узап кеткиче, андан калбай, поезд менен кошо чуркап баратты да, ошол баратышында, бизге кол булгалай берди, булгалай берди…
Мен купенин керебетинин үстүңкү кабатында элем. Баарысын сезип-туйдум. Бири-бирибизди мындан ары көрбөшүбүздү да билгендей болдум. Ошондо, буркурап ыйлай бердим. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндү как жарып өксүп жаттым. Апам гана улам-улам туруп, мени сооротот, жалбарат:
— Жалгыз эмеспиз, уулум, карачы, элдер бар, жалгыз эмеспиз…
Атамдан мына ушинтип алыстадык.
1937-жылдын 1-сентябрын өмүр бою унутпаймын…»
Мына ушул элес кийин Султанмураттын дилинде ар дайым жашап келди, «Саманчынын жолунда» Субанкулду балдары дал ушундай абалда узатышып, куду ушундай абалда күтүп жүрөт, Эрмек менен Даул аталары Абуталипти ушинтип күтүшөт, Кирск улуу мухитте улуулардан ушинтип ажырайт. Чыңгыз Айтматов үчүн ата тарбиясынын орду кийин бош калды, ошондо ал ар дайым атасын ойлойт, атасы «контрдун» баласы жакшы жүрүп, жакшы иштөө керектигин түшүнөт, чоң энелери да бала чактын Чыңгыздын айыл кеңешке катчы болгонуна, окуй баштаганына кубанып, атанын ордун басат дешет. «Саманчынын жолу» бекеринин атасына арналып «Мен сенин кайда көмүлгөнүңдү билбеймин…» деген арноо менен башталбаса керек, кыргыздардын үй-бүлө тарбиясынын энциклопедиясы болгон бул чыгармадагы Субанкул бул — Төрөкул (-кул деген мүчөсү да окшош), Толгонай — Нагима сыяктанат, балдардын бирөө Чыңгыз өңдүү. Ошентип Төрөкул атанын элес-образы чыгармадан чыгармага көчүп жүрөт. Ал бирде Беккул, бирде Момун, бирде Абуталип, бирде Субанкул…
Ч.Айтматовдун чыгармаларында атага болгон кусалык, сагыныч, эңсөө, кимдир бирөөнү атасы үчүн жектөө кызыл сызык сыяктуу сызып өтөт.
«Ак кемеде» аягында атасын издеп кеткен Бала — бул сексенге келип калган бала Чыңгыз сыяктанат, ал атасын издеп атасынан жетимиш жылдан соң, анын жанына — «Ата-Бейитке» кеткен сыяктанат…

Абдыкерим Муратов,
педагогика илимдеринин кандидаты.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске



Жизнь

Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове




Українські новини

Estischool - Школа за британською програмою



Новости 24 часа

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)



Game News

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Москва

Путин попросил Володина передать теплые слова о Раиси на его похоронах



News Every Day

Glen Powell’s parents crash Texas movie screening to troll him



Блоги

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве



Москва

Мучается от боли. Новые факты о нападении афганца на студентку в Москве



Желдорреммаш

На Улан-Удэнском ЛВРЗ прошел конкурс «Лучший по профессии 2024»



Москва

Военно-патриотическая игра «Тропа разведчика» прошла в Мытищах



Дарья Касаткина

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки



Москва

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»



Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)



Симферополь

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.



Москва

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий



Москва

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России

Мучается от боли. Новые факты о нападении афганца на студентку в Москве

Путин попросил Володина передать теплые слова о Раиси на его похоронах

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает В.В. Путину улучшить либо отменить налоги в обществе.


Москва

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”






Rss.plus

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певец

Певец Эмин Агаларов дал первый концерт в России после трагедии в "Крокусе"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Охрана и безопасность. Как роботы и дроны работают на спортивных объектах?

Курсант Пермского военного института Росгвардии принял участие в финале интеллектуальной олимпиады Приволжского федерального округа

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


ATP

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Российский рынок одноразовой биоразлагаемой посуды: итоги 2023 г., прогноз до 2027 г.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России