Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Бөбөктөрдүн сүймөнчүгү — «Жылдын мыктысы» 29.12.08

«Замандаш» журналынын «Жылдын мыктылары» сынагында Кыргыз билим берүү академиясынын кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин доктору, жаш бөбөктөрдүн сүймөнчүгү Сулайман Рысбаев «Жаш кыял» номинациясына ээ болду. Бул ийгилиги менен «Кутбилим» газетасынын жамааты, чогуу иштешкен коллегалары чын дилден куттуктап, ага мындан ары да бекем ден соолук, узун өмүр, чыгармачылыгында, илим-изилдөө ишинде чоң-чоң ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакытты каалайт. Бакубат өмүр сүрүп, ар дайым бар болуңуз, Сулайман агай!

Балдар жазуучусу, окумуштуу Сулайман Рысбаевдин «Жылмайып турган таш» (1996), «Сыйкырдуу жазуу» (1997), «Мендей менен Сендейдин жоруктары» (2000), «Баланын канаты» (2002), «Бакыт издеген бала» (2004), «Айжаз менен Бегулан» (2005), «Умай бала» (2008), «Айбийке сулуу» (2008) аттуу көркөм китептери өз окурмандарын таап, өзүнүн ажайып дүйнөсү менен улуттук балдар адабиятынан бийик текчесинен орун-очок алып келет.
Бул китептери аркылуу Сулайман агай бөбөктөр дүйнөсүнө биротоло сүңгүп кирип, алардын кыял дүйнөсүн, ширин тилин, түркүн мүнөзүн, психологиясын терең билген, чебер, өз жолу, айтар сөзү бар балдар жазуучусу экендигин далилдей алды десек жаңылышпайбыз.
Анын балдардын сөзү менен алардын аруу ички дүйнөсүн, кыял-жоруктарын таасын ачып берген аңгемелерин бүгүнкү улуттук балдар адабиятыбыздын өнүккөн деңгээлин туюнткан классикалык үлгүлөрүнөн деп айтууга татыктуу. Ошондой эле, нукура кыргыз турмушун, элибиздин адеп-ыйманын, мүнөз-наркын чагылдырган жомоктору, жомок-пьесалары жана элдик уламыштары Эл жазуучусу маркум Ж.Мавлянов агай баса белгилегендей, автордун «Кыргыз балдар адабиятынын Андерсени» сыяктанган жомокчулдугун билдирбей койбойт.
Жазуучу өзү педагог болгондуктан, сезимтал, тапкыч, кыялкеч балдардын образдарын ынанымдуу жарата алган. Атап айтканда, «Жылмайып турган таш» аңгемесинде сейил бакты аралап баратып, таш эстеликке көңүл салып карап, анын жылмайып турганына таң калган баланын атасына берген суроосу ар бир адамды ойго салбай койбойт. «Гүл», «Биринчи күн», «Кол канатым менин», «Ит бекен, куш бекен?», «Жатпас куурчак» аңгемелеринде болсо, бөбөктөрдүн аргасыз күлкү чакырган кыял-жоруктарына, балалык тазалыгына, чынчылдыгына элжиреп толкунданасың. Эң башкысы, автордун чыгармалары балдарды өздөрүнүн турмушу, жоруктары, сезим-кыялдары менен өздөрүн тарбиялоого багыт берер мааниге ээ экендиги менен баалуу.
Балдарыбыз өссө, элибиз өсөт, балдарыбыз адептүү, маданияттуу болушса, улутубуздун маданияты гүлдөйт, балдарыбыз билимдүү, эмгекчил болушса, келечегибиз кең болот. Ал эми андай уул-кыздарды өстүрүп тарбиялоого Ж.Мавлянов айткандай, «Сулайман агайдын китептериндей нарктуу-салмактуу, адеп-ахлакка, ыйманга үндөгөн, мазмуну терең, көркөм чабыты кең, поэтикасы бийик, ажайып дүйнөсү кооз, философиялуу балдар китептери керек».
Кезегинде, Эл жазуучусу Ш.Бейшеналиев өзү колдоп, чыгармаларын жогору баалап, Тоголок Молдо атындагы сыйлыкка көрсөткөн ишеничин актап, С.Рысбаев өзүнөн мурдагы кыргыз балдар жазуучуларынын жоон топ көчүн улап, учурда, балдар китептеринин текчесиндеги өксүктү, өзүнүн эң сонун мазмундагы, тарбиялык, таанытуучулук багыттагы балдар китептери менен толуктап турганы, чындыгында, кубанарлык да, сыймыктанарлык да, колдоого ылайык да көрүнүш.
«Эр эмгегин жер жебейт» деген накыл төгүн эмес тура. Илим-билимдин, көркөм чыгармачылыктын Баба дыйканы С.Рысбаевдин маңдай тер, ак эмгеги менен «эки тизгин, бир чылбыр» кылып, эриш-аркакта илимди да, көркөм чыгарманы да жаратып окурмандарына тартуулашы эмне деген эмгек!
Ноокен районунун башталгыч класстарынын мугалими М.Абдисаламова:
«Алиппенин бети эми өзүңүз,
Тамгалары сиздин чебер сөзүңүз.
Күндө бирге маектешип тургандай,
Барактары эми сиздин көзүңүз»,- деп жазгандай, Сулайман агай жазуучу гана эмес, окумуштуу-педагог катары да калайман журттун баарына белгилүү эмеспи.
С.Рысбаевдин «Эгемен элибиздин И.Арабаевден кийинки эле улуттук «Алиппеси» (С.Байгазиев), кыргыз, орус класстары үчүн жазган «Кыргыз тили» окуу китептери, балдар үчүн көркөм-адабий китептери, илимий изилдөөлөрү анын көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жемиши, кыргыз элинин билим берүү тармагына, анын ичинде эне тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө кошкон үлүшү экендиги жалпыга маалым.
Акын Б.Чотурова жазгандай:
«Тил билгенди бай деген кез бул учур,
Чыгаандардан чыкса дагы ким утур.
Эртеңки күн таза алсын деп тарыхты,
Эне тилге күйгөндөрдүн бир ушул».

Анын эмгектерин атай кетсек ашыкча болбос деп ойлойбуз. Авторлук окуу китептеринен кыргыз мектептери үчүн: «Алиппе» 1-класс үчүн окуу-усулдук комплекс (1998, 1999, 2000, 2001, 2002, 2003, 2005), «Кыргыз тили» 2-класс үчүн (2002, 2004), «Кыргыз тили» 3-класс үчүн (2002, 2004 авторлош), орус мектептери үчүн «Кыргыз тилинде сүйлөйбүз» 1-кл. үчүн окуу-усулдук комплекс (1999, 2004), «Кыргыз тили» 2-кл. үчүн (1999, 2003, 2004 авторлош), «Кыргыз тили» (1993, 1996, 1999, 2003, 2004, авторлош), «Кыргыз тили» (1994, 1997, 1999, 2003, 2004, авторлош) жана «Кыргыз балдар адабиятынын антологиясы» (2005, түзүүчүлөрдүн бири), «Кыргыз акын-жазуучулары — балдарга», 1-китеп (2008, түзүүчүлөрдүн бири), «Рабаят» (2008, авторлош) ж.б.. Мындан сырткары, 20дан ашык методикалык эмгектери, антология, хрестоматия, сөздүк, 100дөн ашык илимий макалаларын окурмандар кызыгып окуп жүрүшөт.
Жогорудагы бараандуу эмгектери үчүн педагогика илимдеринин доктору С.Рысбаев КРнын Эл агартуусунун отличниги (1993), «Тоголок Молдо» (2000), И.Арабаев (2002), «Түгөлбай Ата» сыйлыктарынын лауреаты (2003), КРнын Президентинин «Ардак грамотасы» (2007) менен сыйланган.

А.Батыркулова, Б.Абдухамидова,
КББАнын илимий кызматкерлери.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Архангельске загорелся теплоход "М.В. Ломоносов": что известно о пожаре



Мир

Студенты городских образовательных учреждений проходят практику в Marins Park Hotel Новосибирск






103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

В мае рынок новостроек среагировал на сокращение льготной ипотеки

В США высказались о совместной работе с РФ по контролю над вооружениями


Москва

Стоматолог Татьяна Сумцова: какие зубные пасты вредны для зубов






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: в ТиНАО создадут новые управы районов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Любовь Успенская

Адвокат Добровинский: сторона Успенской раздражала суд доводами против Киркорова




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

В Подмосковье сотрудники ОМОН «Русич» Росгвардии приняли участие в церемонии открытия соревнований по дзюдо среди детей и подростков

Инсайты, стратегии и нетворкинг для профессионалов: 21 июня пройдет ежегодный форум «Спорт и Бизнес»


WTA

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Строительные леса обрушились у здания спортшколы на Новочеремушкинской улице



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России