Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ НЕГЕ САБАТСЫЗ? 29.12.08

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын тил маданиятын калыптандыруудагы ролу абдан зор экендиги баарыбызга белгилүү. Теледен, радиодон көргөн-укканын, гезит-журналдардан окуганын көпчүлүк адамдар, айрыкча жаштар, балдар үлгү катары кабыл алат. Россиянын теле каналдарын такай көрүп жүргөн балдар орусча көп сөздөрдү үйрөнүп алгандай эле, түштүктө өзбекче, Казакстан менен чектеш райондордо казакча аралаштырып сүйлөгөндөрдү көрүп жүрөбүз. Демек, маалымат мейкиндигиндеги жагдай улуттун учурдагы коопсуздугуна, келечек тагдырына олуттуу таасир этет экен. Бул макалада мен кыргызча чыгып жаткан гезиттер менен радио, теле каналдардын тилдик маданиятына чакан сереп жасап, абалды оңдоо боюнча айрым сунуштарымды ортого салмакчымын.

Эне тил деп ким күйөт?

Адегенде тилибиздин азыркы абалынын объективдүү себептерине кыскача токтололу. Мисалы, мамлекеттик тил иш жүзүндө мамлекеттик даражага ээ болбой келатат: өкмөттөн, президенттик администрациядан баштап бийликтин башкаруу бутагынын жогорку тепкичтеринин баарында кыргызча сүйлөй, жаза билбегендер, атүгүл түшүнбөгөндөр абдан көп. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары жөнүндө декларациясын таптакыр тайыз, туура эмес түшүнүп алганыбызга жана жогорку кызматтагылардын элден алыстап калгандыгына байланышкан.
Дагы бир олутуу себеп — биздеги лингвистика илими соңку жыйырма-отуз жылда өнүкпөй, тилчи окумуштуулар баарлашуу, ойду таасын туюндуруу, көркөм чыгарма жаратуу каражаты катары кыргыз тилинин абалына татыктуу деңгээлде талдоо жүргүзө албагандыгы. Курулай сын тагып жатат деген айыпка калбоо үчүн мындан он жылдай илгери болгон бир окуяны эскере кетейин.
Мурдагы президент Аскар Акаевге Улуттук илимдер академиясынын Тил институтунун илим доктору, профессор сыяктуу наамдары, даражалары бар кызматкерлери кат менен кайрылган. Ошол кезде ыраматылык Салижан Жигитов президенттин кеңешчиси болчу. Кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде жакшы көңүл бурулбай жатат, айрыкча ушул институтка каражат аз бөлүнгөн дегендей мааниде жазылган жарым барак арыздан ал толтура каталарды таап чыгып, кат ээлерин катуу уяткарган эле. Жакшылап карап көрсөк, айрым тилчилер түзгөн окуу китептеринен да фактылык каталар көп кездешет. Мисалы, азыр гезиттерде «бирок», «анткени» «себеби»сыяктуу байламталардан кийин керек болсо-болбосо коюлуп жүргөн үтүрлөр чала сабат филологдордон келген. Албетте, тилчилердин арасында деле таланттуу, терең билимдүү адистер бар. Бирок расмий даражасы жогору тургандардын көпчүлүгүнүн деңгээли Салижан Жигитов баа берип кеткенден ашпайт.
Өздөрүнүн чама-чаркы ушунча болгон соң, биздин лингвисттер жогорку окуу жайлары жана орто мектептер үчүн кыргыз тили окуу китептерин түзүүчүлөрдүн жаатташкан талаш-тартышын кантип токтотмок эле? Автор-түзүүчүлөрдүн өзүмчүлдүктөн бошоно албайт, ал эми ар бир окуу китебине сын-пикир жазгандар жалкоолонуп, кол жазманы окубай эле автор өзү даярдап келген «мактоо барагына» кол коюп берет же чындыкты таамай белгилеп көрсөтүүдөн тайсалдайт. Өң көрсө жүз таймалыктан бизди өздөрүн жазуучу, акын деп эсептегендердин армиясы да куткара албайт окшойт.

Бүгүн чыккан эртең жыртылып кала береби же..?

Жазуучу, акындардан, тилчи окумуштуулардан, мугалимдерден кийин эле түздөн-түз тил менен оокат кылгандар — бул журналисттер. Мезгилдүү басма сөздөгү сабаттуулукка, стиль тазалыгына, деңгээлине коюлган талап канчалык начарлап, буга байланышкан жоопкерчилик да солгундап кеткендигин журналисттер өздөрү жакшы билет. Бул жагынан бизде кемчилик жок деп бир дагы редакциянын кызматкерлери талаша албайт деп ойлойм. Ырас, беш кол тең эмес, материалдарды кыйла жетик иштеген, ката кетирбешке көбүрөөк аракеттенген гезиттер бар.
Бирок бүгүн окулуп (же дегеле окулбай), эртең жыртылып кала берет дегендей жарыяланып жаткан материалдардын сапатына, тилине кош көңүл мамиле үстөмдүк кылууда. Кыргыз гезиттеринин орус тилдүү басылмаларга атаандаша албай жатышынын бир себеби ушул — жоопкерчилик начар, деңгээл төмөн.
Буга мисалдарды күн сайын көрүп жүрөбүз. Өкмөттүк гезиттердин биринде дароо эле көзгө урунуучу «Майда, маани» деген рубрика бар. «Майда көрүнгөнү менен, мааниси чоң» деген ойду эң кыска туюнтабыз деп ушундай чолок сөз айкашын түзүп алышкан окшойт. Майда дегенде эң оболу көлөмү чаканды эмес, мааниси анча олуттуу болбогон нерселерди түшүнөбүз го?
Чындап эле майда, өтө кичинекей көрүнгөн, бирок абдан олуттуу бир ката биздин гезиттердин көбүндө кезигет. Мисалы, сызыкча менен тирени чаташтырбаган журналисттер жокко эсе. Бүтүн ойду ийкемдүү туюнтууда абдан керектүү бул эки белгини айырмалоо үчүн булардын бири морфологиялык, экинчиси синтаксистик кызмат аткарарын билип коюу керек. Туура эмес коюлган үтүр, сызыкча, тире же башка каалагандай тыныш белгиси кат-сабаты ачылган адамдын көзүнө тикендей эле сайылат.
«Айта кетүүчү нерсе», «белгилей кетүүчү жагдай» сыяктуу сөздөрдү зарылдыгына карабай эле кыстара беришет. Чубалжыган узун сүйлөмдөрдүн ортосунан өтүп, аягына жеткенче «салмактуу стиль менен жазган» авторлор өздөрү ой учугун жоготуп жиберишет. Салыштырып айтканда, бээсин чала токулган бойдон калтырып, башка нерселерге алагды болгондор же кантип төө минип алганын байкабай калгандар кездешет. Бул кемчилик айрыкча илимий даражасы бар же жогорку кызматта турган авторлордун тексттеринде көп байкалат. Эмне үчүн биздин кандидаттар, докторлор академик Д.С.Лихачевдун таалимин албайт? Же өзүбүздүн эле философ Калык Ибраимовдун стилин үйрөнбөйт? Таланттуу, билими терең адамдар гана адис илимпозго да, мектеп окуучусуна да түшүнүктүү, жандуу, ийкемдүү тил менен жаза алат. Ал эми майда адамдар чубалжыган сүйлөмдөрдү, ашкере көлөмдүү, көп сөздүү, бирок мааниси тайыз «эмгектерди» жазып, зор, бараандуу көрүнүүгө умтулат окшойт…
Окурманды сыйлабай, анын тилдик туюмун, көркөм табитин эске албай мазмуну жагынан да, текстинин иштелиши жагынан да начар бирдемелерди чыгара бергендерди ким сыйлайт да, алар менен ким эсептешет? Кыргыз тилин начар деп кемсинткендерге да өзүбүз шыкакчы болуп келебиз. Чындыгында тил жарды эмес, тил билбеген, билгиси, үйрөнгүсү келбеген чаласабат жазмакерлердин дили жарды.
Жарнама бизнесин дээрлик бүт бойдон орус тилдүү басылмалар ээлеп алгандыгы да бекеринен эмес. Кыргызча гезиттер салыштырмалуу түрдө начар чыгат, андыктан окурмандары аз, демек нускасы чектелүү. Жарнама берүүчүлөр өздөрү жөнүндө маалыматтын мүмкүн болушунча кеңири таралышын каалайт эмеспи. Ошентип, кыргызча гезиттердин көбү өзүн актабайт. Жалкоолуктун, жоопкерсиздиктин кесепетинен өзүбүздү туюкка камап алганбыз.
Жарнамалардын кыргыз гезиттерине аз берилишинин дагы бир себеби — ушундай мүнөздөгү материалдардын мазмуну, формасы үчүн жарнама берүүчүлөр өздөрү жооптуу деген шылтоо менен редакцияланбай чыгарылып жүргөндүгү. Тексттин ички логикалык ырааттуулугун, мазмундук бүтүндүгүн эске албай, стилдик эле эмес, оркоюп турган грамматикалык каталарын да оңдобой, кандай келсе ошол бойдон чыгара берген жаман адат бар. Орусча келген болсо, такыр келегей, калька түрүндө оодарып салып, кардарга теңирден тескери маалыматты бергендер да көп. Бул өнөкөт кыргыз гезиттеринин көпчүлүгүнө мүнөздүү.

«Азаттык» таза сүйлөйбү?

Кыргыз тилинин тазалыгына келгенде, «Азаттык» радиосунун тажрыйбасын айтпай кетүүгө болбойт. «Самолетту» «учак», «вертолетту» «тикучак», «радионун» өзүн «үналгы» деп, көптөгөн орусча сөздөрдү кыргызчалатуу далалатын мен өзүм колдойм. Бирок өтө аша чаап кеткен учурлары да бар. Мисалы, аба ырайы жөнүндө маалымат бергенде «градусту» «даража» деп которгону такыр жарабайт. «Даражанын» колдонулар орду бөлөк: илимий, кызматтагы даража болот. Математикада, дагы башка илимдерде атайын термин катары колдонулат. Метеорологияда башка ылайыктуу сөз табылмайынча эл аралык термин болгон «градусту» эле калтыра туруу керек.
«Азаттык» радиосунун айрым журналисттерине мүнөздүү келген дагы бир кемчиликти белгилей кетким келет. Бул мүчүлүштүк кыргыз тилинин агглютинативдүү табиятына байланыштуу айрыкча оркоюп көрүнөт. Жөнөкөйлөтүп айтсак, биздин тилде ар бир грамматикалык маанини туюнтуу үчүн өзүнчө мүчө жалганат да, сөздөрдүн чубалжыган узун формалары пайда болот. «Азаттыктагы» кабарчылар «эгемендик», «ишмердик», «ишкердик», «текебердик» сөздөрүн «эгемендүүлүк», «ишмердүүлүк», «ишкердүүлүк», «текебердүүлүк» деп узартканды жакшы көрөт. Же эфирдеги убакыттын ар мүнөтүнө төлөнүүчү калем акыга кызыгып «дүүлүгүп» кетишеби?
Негедир кыргыздар жолдун алысын, сөздүн узунун тандай берет. Мисалы, орусча «из этих книг» сөз айкашын эки эсе узаргандыгына карабай көбүнчө «бул китептердин ичинен» деп которобуз. «Бул китептерден» десек деле түшүнүктүү болбойбу? Ойду кыска, нуска туюнтуу жагынан кыргыз тилинин да өзүнчө каражаттары, мүмкүнчүлүктөрү көп. Ар бир сөздүн же сөз айкашынын кеңири колдонулуп жүргөн формаларынын кайсынысы айтканга, жазганга ыңгайлуу, кабылдоого, түшүнүүгө жеңил, ийкемдүү болсо, ошонусун тандоого тийишпиз. Алсак, адабий вариант катары кабыл алынып кеткен «чычырканакты» Тажикстандын Жерге-Талында жашаган кыргыздар «чырканак» дейт. Кайсынысы уккулуктуу — «чычырканакпы» же «чырканакпы»?
Залкар лексикограф, «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн» түзгөн Жээнбай Мукамбаев тил казынасындагы сөз берметтерин түштүк же түндүк диалектисине таандык болгону үчүн эле жерий бербей, уккулуктуу, элестүүлөрүн адабий лексиконго киргизүү керек деген эң туура ойду айткан. Бирок «ям», «хамма» сыяктуу өзбекчеден келген сөздөрдү биздин кээ бир гезиттер ашкере көп аралаштырып жүрүшөт. «Кудай» дебей «аллах» деп калышты, жаңы төрөлгөн наристелерге кыргызча жакшы угулуучу Мамат эмес, Мухаммед деген атты коюуга өтүштү. Жарашпаса да араптарды туурап кийинсек, сүйлөсөк бейишке түз барабыз деп ойлошобу?

Бешинчи «5ке» татыктуубу?

Соңку жылдарда Кыргызстандагы теле каналдар негизинен оң жагына өзгөрдү. Бул кыргызча берүүлөргө бөлүнгөн убакыт өлчөмүнө да, алардын мазмуну менен формасына да тиешелүү. Теледе иштеген журналисттердин кесипкөйлүк деңгээли мурункуга салыштырмалуу өскөнү көрүнүп турат. Мурда «Пирамида» каналынан А.Кулинскийдин «Час пик» деп аталган чылк орусча талкуу программасын эл кызыгып көрсө, азыр андан эч калышпаган берүүлөр башка каналдарда, кыргыз тилинде да пайда болду. Улуттук теледен «Азаттык+», 5-каналдан «Майдан» чыгып, коомдук пикирге таасир этүүчү күчкө айланышты. КТРдин «Дөөлөт» студиясы балдар үчүн мультфильмдерди, чоңдор үчүн мазмуну бай, кызыктуу тасмаларды которуп зор иш жасады.
Оксана Малеваная жетектеген «5-каналдын» кыргыз тили жөнүндө атайын сөз кылуу керек. Кыргызстандын аймактарын, кыргыздардын тарыхы менен маданиятын, каада-салтын чагылдырган «Евразия борборуна саякат» (авторлору — Евгения Бердникова менен Алмаз Турдумаматов), «Кабарчынын күндөлүгүнөн» («Из дневника репертора»), «Мейкин Азия» («Открытая Азия»), Аалы кызы Назиранын «Салт-санат» долбоорлору саясый көз карашы ар кандай болгон көпчүлүккө жакты деп ойлойм.
Баарынан кызыгы жана маанилүүсү — ушул берүүлөрдүн орус жана кыргыз тилдеги чыгарылыштарына бирдей убакыт бөлүнгөндүгү. «Күн деми» деп абдан жакшы аталган жаңылыктар берүүсү адегенде кыйла чыйрак болгон. Орус улутундагы диктор кыздар жаңылыктарды, аба ырайы жөнүндө маалыматты «НТСте», кийинчерээк «5-каналда» таптаза кыргызча айтып чыкканда баарыбыз кубанганбыз. 5-ни туураган улуттук теледе интерактивдүү берүүлөр да пайда болду. Мунун баары башка улуттагылардын кыргыз тилине кызыгуусун арттырууда. Ушундай зор салымы үчүн бул «5-каналдын» жетекчиси Оксана Малеванаяны жана кыргызча таза сүйлөгөн орус улутундагы журналисттерди (ошондой эле коомдук, саясый ишмерлерди, жетекчилерди) Мамлекеттик тил комиссиясы сыйлашы керек деп эсептейм.
Эми дал ушул таасирдүү каналдын кыргыз тилиндеги кемчиликтерди да айта кетүү керек. Бул көбүнчө жаңылыктар программасына мүнөздүү. Улам келип түшүп жаткан кабарларды убагында эки тилде бирдей даярдап берүү оңой эмес. Орусча сөз айкаштарынын көлөкөсүндөй болуп калган калька түрмөктөрү көп кездешкен, себеби ушундайча түшүндүрүлүшү мүмкүн. Бирок күн сайын кайталанып, оңдолбогон бойдон келе жаткан каталар өкүндүрөт. Мисалы, «вместе с тем» (же «в то же время») деген байламта сөздөрдү «бешинчилер» кыргызча «аны менен» деп такыр туура эмес которушат. Муну «ошол эле учурда» же, эгер сүйлөмдөр ортосунда каршылагыч байланыш болсо, кийинкисин «бирок», «ал эми» деп эле улантып кете берсе болот. «Ундун баасы» дебей, орус тилиндеги жөндөмө формасын ээрчип, «унга баа» же «унга болгон баа» деп жүрүшөт.
Орус тилинин синтаксисинде «и другие» же «и тому подобное» сыяктуу сөздөр менен сүйлөмдү аяктоо мүмкүнчүлүгү бар. Үтүргө чейинкисин өзүнчө, андан кийинкисин дагы бөлөк которуп, туш келди кураштырган «күндемичилер» кээде «ж.б.» деп сөзүн бүтүрүп койот. Эмне деп жатканын диктор өзү да түшүнбөй калат.

Абалды кантип
оңдоого болот?

Эң оболу кайдигерликтен кутулуубуз керек. «Ким кандай жазса, өзүнүн иши» деген көз караш жарабайт. Купуя сырларды сактаган күндөлүктү же кимге арналса, ошол гана окуй турган катты «жекече иш» десек болот. Ал эми бүтүндөй коомчулуктун таразасына коюлуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын мазмунун, тилин эл баалап, мыкты жана начар жактарын белгилеп турууга тийиш. Буга биз, журналисттер өзүбүз да, кызыгуубуз керек. Байкабай жүргөн кемчиликтерибизди бири-бирибизге көрсөтүп, көп кайталанган каталарыбызды окурмандарыбыздан сурап, тил маданиятына байланышкан маселелерди бат-бат талкууласак болор эле.
Калыстык менен сындагандарды жаман көрбөй, кемчилигибизди оңдоого аракеттенели. Кантип? Кыргызча эң сабаттуу чыккан гезиттер, жугумдуу, жеткиликтүү тил менен жазган же эфирде жакшы сүйлөгөн журналисттер үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия атайын сыйлык уюштурсун деп сунуш кылар элем. Тескерисинче, эң начар, катасы арбын материалдарды көп чыгарган гезиттерди, теле каналдарды, радиону (же тийиштүү берүүлөрдү) уяткарган тамаша «сыйлыкты» Журналисттер союзу же башка коомдук бирикме окурмандар арасында жүргүзүлүүчү сурамжылоонун негизинде ыйгарып турса болмок. Эң көп кайталанган каталарды, калька түрүндө келегей которулуп калган сөздөрдү, сөз айкаштарын, түрмөктөрдү көрмөксөн болуп койбой, калайыкка угуза сындап жүрөлү.
Мындан он жылдай илгери жабылып калган «Асаба» гезитинин тили жатык эле. Ырас, базардагылардын деңгээлине ылайыкталган беттери да болгон. Бирок негизги авторлор: былтыр «Замандаш» журналынын «Жыл адамы» конкурсунда «Курч калем» сыйлыгын жеңип алган Алым Токтомушев, акындар Шайлообек Дүйшеев, Жолдошбек Зарлыкбеков сыяктуу журналисттер бул гезиттин кадырын арттырышкан. Ушундай калемгерлердин тилин, стилин журналистика, филология факультеттеринде иликтеп, студенттерге курстук, дипломдук иштерди жаздыруу керек.
Аталышында «кыргыз» деген уңгу сөз колдонулган «Кыргыз тили», «Кыргыз адабияты», «Кыргыз туусу», «Кыргыз руху» же маданият, билим берүү тармактарына адистешкен «Рух кенчи», «Кутбилим» сыяктуу гезиттерде, кыргызча сайттардын биринде теле, радио берүүлөрдө ушундай кемчиликтерди маал-маалы менен талкуулап туруу керек. Бул абдан маанилүү ишке азыр эмне кыларын билбей бош отурган жазуучуларды, акындарды (Жазуучулар союзуна эптеп мүчө болуп алгандарын эмес, чыныгы таланттууларын), тилдик туюму жакшы өнүккөн китепканачыларды, студенттерди, жалпы эле окурмандарды катыштырууга болор эле. Орус тилинин грамматикасы, стилистикасы боюнча түрдүү-түмөн окуу китептери, маалымдагычтар, сөздүктөр көп. Мисалы, Розенталдын редакциялоо жана адабий түзөтүү боюнча эң сонун маалымдагычы бар. Кыргыз тили боюнча да ушундай китептерди биз, күн сайын сөз менен иштеген журналисттер, түздөн-түз катышып жазбасак болбойт.

Жолдош Турдубаев,
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын терминологиялык комитетинин мүчөсү, «Кутбилим» гезитинин бөлүм редактору.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Сети появилось видео пожара на теплоходе в Архангельске



Здоровье

Не чувствую руку: Доктор Кутушов рассказал к чему приводит частое онемение конечностей






103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Источник 360.ru: в Духовском проезде в Москве в ДТП с трамваем погиб мотоциклист

За МКАД. Дан старт проходке тоннелей Рублево-Архангельской линии метро

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».


Москва

Стоматолог Татьяна Сумцова: какие зубные пасты вредны для зубов






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Столичный мэр реорганизовал управы в ТиНАО



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пианист

Пианист Мирослав Култышев выступит с концертом в "Зарядье"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Стартовал финальный этап всероссийского футбольного турнира «Будущее зависит от тебя»

Инсайты, стратегии и нетворкинг для профессионалов: 21 июня пройдет ежегодный форум «Спорт и Бизнес»

Строительные леса обрушились у здания спортшколы на Новочеремушкинской улице


WTA

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Чемпионат

Мужская команда ВК "Тамбов" прошла в полуфинал Чемпионата России



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России