Пилинг же бетти тазалоо ыкмасы 14.01.14
Аялзаты жаш курагына карабай дайыма сулуу болууну көздөйт. Бул үчүн ал убактысын дагы, күчүн дагы...
Сообщение Пилинг же бетти тазалоо ыкмасы 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.
Аялзаты жаш курагына карабай дайыма сулуу болууну көздөйт. Бул үчүн ал убактысын дагы, күчүн дагы аябайт. Буга жараша косметологдор улам сулуу болуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгышууда. Мындай ыкмалардын учурдагы белгилүү түрү — пилинг болуп калды.
Пилинг. Пилинг дегенди теринин сырткы катмарын, тагыраагы, эпителийди сыйруу деп түшүнсө болот. Ал косметологияда беттеги ар кыл тактарды, тырыктарды жок кылуу, безеткиден арылуу, агаруу жана жашаруу максатында жасалат.
Жасалышы. Негизи пилингдин түрлөрү абдан көп. Азыркы күндө алардын ийгиликтүүсү — химиялык түрү. Мында беттин терисинин бир катмарын сыйруу үчүн кислота же бир нече кислотанын аралашмасы колдонулат. Алгач ал бетке 3-4 катмар болуп тегиз коюлат. Муну улай эле белгилүү деңгээлдеги күйүү процесси жүрөт. Бетти ачыштырат. Бул убакта күйүүнүн тереңдеп кетиши косметологдун жардамы менен көзөмөлгө алынат. Белгилүү бир убакыттан кийин аны нейтралдоочу дармек сүйкөлөт.
Пилингден кийинки камкордук. Пилинг жасалган күнү бетке эч нерсе сыйпаганга болбойт. Анткени, процесс дагы деле жүрүп жатат. Эртеси күндөн баштап сөзсүз күн нурунан коргоочу жогорку пайыздуу крем сыйпоо керек. Адис уруксат бергенче мончого түшүүгө болбойт.
Зыяны. Пилинг зыяндуу болуп саналбайт. Бирок, косметологдун айткандарын аткарбай коюу менен көптөр аны өздөрү зыяндуу кылып алышат. Адатта пилинг жасалган күнү таптакыр, андан кийин деле көп сыртка чыгууга болбойт. Себеби, пилингден кийин беттин терисинин бир катмары жок да, мындан улам ал күндөн келген зыяндуу нурлардан коргонууга алсыз.
Түрлөрү. Пилингдин жука, орто жана терең деген үч түрү бар. Булар бири-биринен кислотанын пайыздуулугу менен айырмаланышат. Кардарга алгач жука пилинг жасалат, антпесе анын териси түз эле терең пилинг жасоого даяр эмес болот. Ал эми экинчи ирет орто пилинг жасалат, антпесе мында жука пилингдин таасири алсыз. Бет бир жолку пилингден кийин жакшынакай болбосо арадан убакыт өткөрүп экинчи жана үчүнчү жолу деп жасала берет.
Аида Уезбаева, «Умай косметик» медициналык борборунун
дерматолог-косметологу:
«Бетке пилинг кышкы-күзгү мезгилде гана жасалат»
— Аида, пилингди каалаган адам жасата алабы?
— Жок, пилинг каалаган адамга эле жасала бербейт. Аны жасатууга келген адамды биз биринчи текшерилип келүү үчүн лабораторияга жиберебиз. Себеби, беттеги безеткинин, ар кыл тактардын, тырыктардын пайда болушуна көп учурда ички органдардагы оорулар, богок безинин, аялдык органдардын сезгениши жана организмдеги мите курттар себепчи болушат. Эгер ал жактан баары жайында деп келишсе гана пилинг жасоого макулбуз. Болбосо биринчи ооруну дарылатышат, анан пилингге келишет. Антпесе беттеги көйгөйлөр пилингден кийин кетпей эле өркүндөп кетиши ыктымал. Кээде дарылангандан кийин алар пилингсиз эле өздөрү жок болуп калышат.
— Пилинг кайсы мезгилде жасалат?
— Күзгү-кышкы гана мезгилде жасаганга болот. Суук эрте түшсө 15-октябрдан тарта жасай берүүгө уруксат этилет, суук узакка созулса дагы 15-мартка чейин пилинг кылына берет. Ал эми жылуу боло турган болсо пилинг жасоого болбойт, андайда ал күндүн зыяндуу нурларына туруштук бере албай калат.
— Сиздердин борбордо пилингдин наркы кандай?
— Бир пилингдин баасы 650 сомдон 2000 сомго чейин. Бул дармектердин натыйжалуулугунан жана кымбаттыгынан көз каранды.
— Бир жолку эле пилинг менен каалаган натыйжаны алууга болбойбу?
— Ал беттеги безеткинин, тактын, тырыктын абалына жараша болот. Ал теринин үстүндө эле жайгашкан болсо бир эле жолку пилинг жардам берет, ал эми терең жайгашса бир нече жолу жасоого туура келет.
Сезим Осокеева, 32 жашта:
«Пилингден кийин өзүмдү жаш сезип калдым»
— Сезим, сиз пилингди кандай максатта жасаттыңыз эле?
— Бетимде өтө көп эмес болсо да майда бырыштар, безеткиден калган тактар жана сепкилдер бар болчу. Ошолорду кетирүү үчүн былтыр күз менен кыштын ортосунда жасаткам. «Умай косметик» борборундагы дарыгер эже «сага «ретинолдук пилинг» керек» деп кеңеш берген, анан ошондой кылдыргам.
— Пилинг процесси жагымсыздык жараткан жокпу?
— Жок, андай деле эмес. Биринчи күнү беттерим кызарып, шишигенсип, ооругансып ыңгайсыз болду. Анан эртеси күндөн тартып дарыгер эже айткан күндөн коргоочу кремди сыйпай баштадым. Үч күндөн кийин бетим ооз жагымдан тартып сыйрыла баштады. Анда дагы тийишкен жокмун. Бир жумада толугу менен сыйрылып бүттү.
— Аягында сиз каалаган натыйжа болдубу?
— Болду. Сыйрылып жатканда так калып калабы деп коркуп жаткам. Бирок, баары бара-бара калыбына түшүп, аягында бетим тазарып, майда бырыштар кетип тегиз болду. Өзүмдү бир аз жаш сезип калдым. Арадан бир жыл өттү, дагы деле бетимдин териси ошондогудай болуп жүрөт.
Сообщение Пилинг же бетти тазалоо ыкмасы 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.