Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

2014-жылга чыгыш төлгөсү 14.01.14

Чычкан Бул жылы Чычкан жылында туулгандар тынч отурууну түшүндө гана көрүшпөсө, өңүндө көрө алышпайт. Январь...

Сообщение 2014-жылга чыгыш төлгөсү 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Чычкан
Бул жылы Чычкан жылында туулгандар тынч отурууну түшүндө гана көрүшпөсө, өңүндө көрө алышпайт. Январь менен февралда жумуш деп гана чуркашат. Ошентсе деле ийгилик жаратуу үй-бүлөдөгү тынчтыктан жана колдоодон көз каранды болот. Башы бош Чычкандар үчүн тең табууга, үй-бүлө күтүүгө март менен апрель мүмкүнчүлүк түзөт. Июль-август айлары финансылык туруктуулук тартуулайт. Бирок, бул мезгилде эл катары эс албай бул белгинин өкүлдөрү өнөкөт чарчоо менен гана жүрүшөт. Күздүн келиши иммунитетти түшүрүүчү оору бериши же мурунку сыркоону козгошу мүмкүн. Сиздер бул жылы сөөктөрүңүздөрдү сак алып жүрүүгө тийишсиздер. Тиешелүү көңүл буруунун жоктугунан ноябрь үй-бүлөлүк мамилелердин ыдырап кетишине шарт түзөт. Жыл карьерадагы жетишкендик жана материалдык туруксуздук менен аяктайт.

Уй
Уй жылында төрөлгөндөр өткөн жылы жүзөгө ашыра албай калган иштеринин баарын ойдогудай бүткөрүшөт. Февралда сүйүктүү адам же жубай менен олуттуу таарынышуу болуп, ал буларды стресске кептейт. Мартта бул депрессияны ири финансылык жоготуу ого бетер оорлотот. Жаздын аягында орун ала турчу элдешүү менен катар Уйларды кайра эле мындай абалдан алардын сүйүктүүлөрү алып чыгышат. Жалгыздыктан арылып турмуш курууга же жөн гана өз теңин кезиктирүүгө Жылкы жылынын жай мезгили ылайыктуу. Жылдыздар да ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланууну сунуш кылышат. Июнь менен июль карьералык жетишкендик, финансылык туруктуулук тартуулап, жер тилкеси, автоунаа, турак-жай сыяктуу материалдык оокатка ээлик кылдырат. Август, сентябрь — эс алуунун айлары. Күз жана кыш бир нукта позитивдүү өтөт.

Жолборс
Январдын экинчи жарымынан тартып эле Жолборстордун сүйүү мамилелери солгун тарта баштайт. Муну түшүнбөстүктөр жана уруш-талаштар коштойт. Февралда же мартта келечекте ийгилик алып келчү иштиктүү сунуш болот. Жумушка да, жеке жашоодогу абалга да карабай бардык аракетин ушул ишке арнаган Жолборстор жылдын биринчи бөлүгүндө үй-бүлөнү жана бала-бакыраны сүйүнтө тургандай каражат табышат. Жаздын аягы же жайдын башы буларга психологиялык жактан сокку болчу көйгөй жаратат. Бул маалда ашказан-ичеги тутумун сыркоолотуп алуудан коргоо керек. Августта жакын адамын оор кырдаалдан сууруп чыгууга мажбур болушат. Күз Жолборс жылында туулгандардын үйүнө бакыт, береке жана ынтымак тартуулайт. Мындан кийин маселе, көйгөй дегенди чечүү арзыбаган иш болот.

Коён
Кыштын аякташы менен катар Коёндор бул жылы кайсы ишти аткаруу, кайсы ишти коё туруу керектигин так иликтеп алышат. Март-апрель айларында айрымдар жаңы жумуш орундарына ээ болушат. Жылкы жылын максаттуу өткөрүүнү чечкен Коёндор биринчи ийгиликке июнда жетишип, ири сатуу же сатып алуу операциясын жасашат. Муну улай эле алар ишеним арткан досторуна олуттуу алданууга кабылуулары мүмкүн. Жайдын аягында стрессти жууп жиберүү максатында эс алууга аттанышат. Үй-бүлө күтүүнү көздөгөндөрдүн көбү бул саамалыкты күзгү той-аштын сезонуна пландашат. Октябрь менен ноябрь акчалай чыгашага учуратуучу бир нече маселени жаратат. Ушул маалда ойдон чарчап депрессияга кабылып калбоо үчүн тиешелүү поливитаминдерди ичүү керек. Жылдын аягы келеркиге пландарды түзүүгө шарт берет.

Балык
2014-жылы Балыктардын жашоосу кызыктуу жана көрктүү болот. Алгачкы айлардан тартып эле сиздерге көмөк, колдоо, сүйүү жана достук тартуулаган адамдар четтен чыга башташат. Жылдыздар жүрөгү бош Балыктарга жаңы таанышуулардын ичинен сүйүктүү адам издөөнү кеңеш кылышат. Мартта кызматташуу же маяналуу жумушту алып баруу тууралуу сунуш түшөт. Балык жылында туулгандар үчүн бардык акча, карыз жана насыя маселелерин чечүүгө май айы ыңгайлуу. Жайында булардын көбү турак-жайга ээ болуулары ыктымал. Июндун соңунда жумушта орчундуу тоскоолдук болот, андан арылууга санаалаш достор менен курбулар жардам беришет. Күзүндө үй-бүлөлүү Балыктарды жубай менен биротоло таарынышып кетүү коркунучу жаралат. Сүйүүнү кайрууга октябрь ылайыктуу. Жылдын акыркы айында келечекте бирге иштеше турган ишенимдүү өнөктөш табышат.

Жылан
Алгачкы ай Жыландарга үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү жаратат. Буларга кызганыч, калп сөз жана акча себеп болушу мүмкүн. Эрте жаз менен катар Жылан жылында туулгандардын көпчүлүгү жумушта жетекчилик кылууга ээ болушат. Апрель айында иммунитет түшүп, өнөкөт оору козголуп саламаттык өзгөчө камкордукту талап кылат. Жай — ойлорду, идеяларды, долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жана чыныгы эмгектин мезгили. Эс алууга жана энергия топтоого август айынын аягы жагымдуу. Бул учурда Жыландар бала-чакага да колдоо көрсөтүүгө, камкордук кылууга, көңүл бурууга милдеттүү. Октябрдагы эң ишеничтүү досту же курбуну жоготуу коркунучу психологиялык жактан сокку урушу ыктымал. Кышка жакын Жыландар жылдап тапкан каражатка жеке ишкана ачууга жетишишет.

Жылкы
Мүчөл жыл болгондуктан, 2014-жыл Жылкылардын баарынан жоопкерчиликтүүлүктү талап кылат. Алар январдан тартып эле мыкты карьера түптөй баштоого жетишишет. Мындай аракет тез эле жемиштүү болуп, Жылкыларды жетекчилик кызматтарды аркалоого жеткирет. Белгинин бойдок өкүлдөрү апрель-май айларында керектүү адамды кыйынчылыксыз багындырууга үлгүрүшөт. Июнь — жеке жашоого өзгөртүү алып келүүчү оор ай. А июль болсо жумуш менен эс алууну айкалыштырууга ыңгайлуураак шарт түзөт. Күздүн башталышында тың болуу кажет, болбосо себепсиз ири суммадагы акчага алданып калчу жагдай бар. Кыялдагы финансыны талап кылган көксөө ноябрда жүзөгө ашат. Декабрь жолугушууларга, таанышууларга бай келет.

Кой
Өткөн жылдын аягында урушуп же таарынышып кеткен адамдын баркын Койлор эми билишет. Февралда же мартта карьерада олуттуу көйгөй туулат. Бул абал жумуштан айдалуу же ыктыярдуу түрдө кетүү сыяктуу көрүнүштөрдүн бири менен аяктайт. Бул белгинин айрым өкүлдөрү канааттандырарлык жумушту узаака издешсе, айрым өкүлдөрү майда жеке бизнес ачуугу үлгүрүшөт. 2014-жылга пландалган ири сатып алуу июнь айында ишке ашат. Жайды жайлата Койлор каржылык туруктуулукту камсыздап алуунун үстүндө иштеп, сезондун аягын эс алууга, көңүл ачууга арнашат. Сентябрда көңүл чөктүрө тургандай акчалай жоготууга учурайсыз. Бул айдын дагы бир күңгөйү катары кесиптеш менен орун алчу катуу урушту айтууга болот. Жакын адамдарга, сүйүктүү адамга жана үй-бүлөгө көңүл бурууну унутта калтырбоо керек.

Маймыл
Көпчүлүк Маймылдарды үй-бүлөлүк жашоодо ири урушуулар, таарынышуулар, атүгүл ажырашуулар күтөт. Буга басымдуусу алар өздөрү себепчи болушат. Апрелде көңүл буруу болбосо тамакка же аракка уулануу коркунучу күч. Жайдын башында кош көңүлдүк жана жоопкерчиликсиздик менен жасаган мамиледен улам жетекчи жумуштан бошотуп коюшу ыктымал. Сабырдуулукка, жумушка, жашоого болгон сезимди жаңы таанышуу ойготот. Көпчүлүк Маймылдарда бул таанышуу сүйүү, күйүү, атүгүл үйлөнүү менен аяктайт. Күздүн келиши менен алар жашоо образын өзгөртүп, үй-бүлө, жакын адам жана бала-чака деп жана алардын маселелерин чечип берүү максаты менен жашап калышат. Ноябрда Маймыл жылында туулгандар саламаттыкка сак болуулары зарыл.

Тоок
Тоок жылынын өкүлдөрү акчасы жок болсо да кыйынчылыксыз башталган 2014-жылдын январын эң бактылуу мөөнөт катары күтүүлөрү зарыл. Себеби, бардык көйгөй февралда, тагыраагы, маяналуу жумуш издөөгө киришкенде башталат. Ийгиликтин жоктугу, кесиптештер менен болгон кагышуулар, жетекчинин сөзүн укпоо өздөрүнө стресс болуп тиет. Мындайда сүйүктүү адам менен бала-чаканы өбөк жана жөлөк тутушат. Майдын аягында ички органдардын бири менен байланыштуу өнөкөт оору козголушу мүмкүн. Жайдын июль жана август айлары финансылык жактан туруктуулук алып келишет. Тоок белгисинин жалгыз бой өкүлдөрү сентябрда сүйүүгө жолугушат же никеге турушат. Октябрь — бардык тармакта ийгиликтин айы. Жылдын акыркы эки айы тынч жана жагымдуу өтөт.

Ит
Жылан жылына салыштырмалуу Жылкы жылы Ит белгисиндегилер үчүн жемиштүү жана акчалуу. Алгачкы айлардан тартып эле булардын аткара турчу жумуштары арбын болот. Башы бош Ит жылында туулгандардын басымдуусу жаздын келиши менен махабаттарын никеге байлашат. Жайында, тагыраак айтканда, акча жетиштүү түрдө топтолгондо Иттер кыймылсыз мүлк сатып алышат же жеке бизнес ачышат. Тынымсыз иштей берүүдөн улам августта жана сентябрда энергиянын, күчтүн калбай калганы байкалат. Мунун ден соолукка да терс таасир этип койчу жагы бар. Октябрда үй-бүлөлүү Иттердин жубайды алмаштырганы ачылып калышы жана мындан улам чыр чыгышы мүмкүн. Жылдын аягы салыштырмалуу түрдө көңүлсүз болот. Жылдыздар буга жеке жашоодогу күтүлбөгөн окуялардын себеп болоорун негиздешет.

Каман
Февраль-март айлары карьерада албан ийгиликтерди жана жетишкендиктерди жаратат. Мында Камандар бүтүндөй эмгек жамааттын сыйына арзый турган иштерди жасашат. Жаздын ортосунда жан дүйнөнү оорута турган окуяга кабыласыздар же кабар угасыздар. Ошол эле маалда күтүлбөгөн жерден жакын адамга колдоо көрсөтүүгө мажбурлук туулат. Жай романтикалуу жана жагымдуу башталат. Ушул маалда Каман белгисинин бош жүрөк өкүлдөрү сүйүү табышат. Жайдын аягында же күздүн башында дарыланууну талап кылган сыркоого кабылуулары ыктымал. Оор кырдаалда сиздерге сүйгөн адам же жубай жөлөк болот. Жылдын финансылык туруктуулук тартуулоочу мезгили — күз. Декабрда олуттуу чечимдерди кабыл алууга туура келет.

Сообщение 2014-жылга чыгыш төлгөсү 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Сети появилось видео пожара на теплоходе в Архангельске



Жизнь

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши






103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

«Ночь в музее»-2024 в Москве. Куда сходить и что посмотреть

Музей «Г.О.Р.А.» будет работать бесплатно в «Ночь музеев»

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Москва

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»






Rss.plus
Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: в ТиНАО создадут новые управы районов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Елена Волкова

Дмитрий Бикбаев готовит премьеру театрального проекта, основанного на личных переживаниях




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Стартовал финальный этап всероссийского футбольного турнира «Будущее зависит от тебя»

Инсайты, стратегии и нетворкинг для профессионалов: 21 июня пройдет ежегодный форум «Спорт и Бизнес»

Строительные леса обрушились у здания спортшколы на Новочеремушкинской улице


Ига Свёнтек

Свёнтек высказалась об акции протеста экоактивистов, выбежавших на корты Рима



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о роли несырьевого экспорта в российской экономике



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России