Москва: "Крокус Сити Холлго" кол салууда 90дон ашуун киши набыт болду
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда 90дон ашуун адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду.