Москвадагы кол салуу: Мигранттардын кооптонуусу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда терроризмге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын белгилеп, зарыл иши болбогондор ал өлкөгө барбай турганы оң деп эскертти. Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү мекендештерди топтошуп ооз ачтыруу жана башка жамааттык иш-чараларды өткөрбөй турууга чакырып жатат.