"Кыргызстандыкы олуттуу айыптоо". Бийлик Матраимовдун изине түштүбү?
Кыргыз бийлиги издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду Бакудан алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин былтыр өлкөдөн чыгып кеткен Матраимовдун кайда экени белгисиз болуп келген.