“Ислам мамлекети-Хорасандагы” борбор азиялыктар: ФСБ жок кылган казак жарандары
Москвадагы "Крокус-сити" борборуна жасалган куралдуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу алды. Терактты уюштурууга шек саналып кармалгандардын төртөө тажикстандыктар экенин маалымат каражаттары жазды. Орусиянын бийлиги бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.