Кыргыз тайганы: Казак талаасындагы жарыш
Кыргыз тайганы Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы ит тукуму катары айтылып келет. Ал күлүк жана жытчыл келип, мурдатан эле аң улоо үчүн колдонулган. Соңку жылдары "Салбуурун" менен катар эле тайгандардын жарышына кызыгуу күчөп, атайын ушул максатта тайгандарды кармагандар көбөйдү.