Иран: Президент Раиси бараткан тик учак кырсыкка кабылды
![Иран: Президент Раиси бараткан тик учак кырсыкка кабылды](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-76a9-08dc7805ca3b_cx1_cy26_cw98_w800_h450.jpg)
Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирди. Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар бара турган жерине аман-эсен жеткени маалымдалды.