"Тегерандык касапчы". Аялдардын өлүмү, күч менен басылган акциялар, өзөктүк курал
19-майда Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагы кырсыкка учурады. Ал Азербайжанга иш сапарга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен бирге өлкөнүн түндүк-батышындагы жаңы плотинаны ачкан. Бортто тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан, Ирандагы Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем болгон. Алардын баары каза тапты.