Өкмөттүн пенсияны жашоо минимумунан көтөрүү дымагы
![Өкмөттүн пенсияны жашоо минимумунан көтөрүү дымагы](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b5ed-08dc7b11df70_cx0_cy1_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргыз бийлиги 1-октябрдан баштап пенсиянын эң аз өлчөмү 6800 сомдон кем болбойт деп жарыялады. Муну менен өкмөт 2021-жылдагы Конституцияга киргизилген "пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек" деген жобону аткарууну көздөп жатат.